ЛОР КЕҢЕШ БЕРЕТ

№3-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгер отоларингологу КАРМЫШОВА НАЗГҮЛ ТУРАЕВНА кулак-мурун, тамак оорулары боюнча суроолорго жооп берет.

«МУРУНДУН СЫНГАНЫ ЖЫТ БИЛҮҮНҮ НАЧАРЛАТАБЫ?»
– Бокс менен машыгып жүрүп мурдумду сындырып алгам, азыр дарыланып жатам. Кийин залакасын тийгизиши мүмкүнбү? Жыт билүү сезимдерин начарлатабы?

Нурдин, 27 жаш. Каракол шаары.

-Мындай учурларда бир жуманын ичинде мурундагы шишик тарап калат. Андан соң мурунду түзөп, сыныкты өз ордуна коюу керек. Дарылап айыктырып алса болот. Эгер түзөлбөй калса, деформация пайда болот. Кемирчек сөөктөрү дем алууга, жыт билүүгө тоскоол болуп, терс таасирин тийгизет. Аны операция жолу менен гана түзөөгө мүмкүн.

«АНГИНАНЫ ОПЕРАЦИЯСЫЗ ДАРЫЛАСА БОЛОБУ?»
– Көптөн бери тамагым ооругандыктан врачка кайрылсам, ангина деп диагноз коюп, операция жолу менен дарылайбыз деди. Операциясыз эле дарыласа болбойбу?

Нурзак, 41 жаш. Кемин шаарчасы.

-Негизи ангина жугуштуу оорулардын катарына кирет. Ангинанын түрү да көп. Эгер жылына 3-4 жолу кармаса, анда операция кылуу керек. Болбосо муун, бөйрөк жана башка органдарга таасир этиши мүмкүн.

«БАЛАМДЫН МУРДУНАН САСЫК ЖЫТ ЧЫГАТ...»
– 3 жаштагы баламдын мурдуна кагаз тыгылып калыптыр. Аны бир жумадан кийин байкадык. Кагазды алып чыкканыбыз менен, мурдунун ичи сасыгансып жатат. Гайморит эмеспи?

Назира, 34 жаш. Бишкек шаары.

-Кичинекей балдардын кагаз, пахта, тыйын, топчу, шакектерди мурдуна, кулагына тыгып алган учурлары көп катталат. Ошондуктан сак болуу керек. Кокустан ушундай учурлар болуп калса, дароо отоларингологго кайрылуу керек. Ал эми сиздин балаңыздын гайморит болуп-болбогонун текшерип көрүп айтышат. Кээде мурундун былжыр челине суук тийгенде да жагымсыз жыт пайда болот. Кандай болгондо да, рентген аппаратына салып көрүп, анан айтуу керек. Көрбөй туруп диагнозун айтууга мүмкүн эмес.

«АКЫРКЫ УБАКТА КУЛАГЫМ УКПАЙ БАРАТАТ»
– Мен шахтада иштейм. Шахтанын ичи газ жыттанып, аба дайыма нымдуу. Угуу-көрүү, дем алуу органдарына канчалык таасир этет? Акыркы убакта кулагым укпай баратат.

Максат, 35 жаш. Баткен шаары.

-Шахтанын ичи угуу-көрүү, дем алуу органдарына өтө терс таасир этет. Себеби ал жерде өзүңүз айткандай, газ, чаң болуп турат. Бул мурунду ринит оорусуна жеткирет. Эгерде кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса, отоларингологго кайрылып, текшерүүдөн өтүп койгонуңуз жөн. Мурун менен кулак байланышта болгондуктан угууңуз начарлашы толук мүмкүн. Сурдолог аудиограмманын жардамы менен кулагыңыздын угушу канча пайызга төмөндөгөнүн аныктап, дары жазып берет.

«КУЛКУ КӨП ТОПТОЛСО, КУЛАК ООРУЙБУ?»
– Кулку деген эмне? Кулакка топтолуп калса оору пайда болобу?

Мээрим, 20 жаш. Бишкек шаары.

-Кулак негизи үч бөлүктөн турат: ички, ортоңку жана сырткы. Кулактын кулкусу бул сырттан кирген кир эмес. Кулкуну кулактын сырткы өткөөлүндөгү кемирчекте жайгашкан кулку бездери иштеп чыгат. Ал жерде 2000дей кулку бези жайгашып, айына 12-20 миллиграмм боз зат чыгарат. Кулкунун негизги функциясы ар кандай грибоктордон, курт-кумурскалардан, бактериялардан коргоп, керектүү нымдуулукту сактап, кулактын өткөөлчөлөрүн майлап турат. Кулакта кулкунун болушу нормалдуу нерсе, бирок ооруксунуу болбошу керек. Эгерде оору байкалса, лор-врачка кайрылыңыз.

«АНГИНА ШИЛЕКЕЙ АРКЫЛУУ ЖУГАБЫ?»
– Ангина шилекей аркылуу жугат дешет. Ушул туурабы?

Аида, 22 жаш. Бишкек шаары.

–Жогоруда ангинанын түрлөрү көп деп айтып кетпедикпи. Кээ бир түрлөрүнөн жугушу мүмкүн. Айрым учурларда ангина ириңдеп кетет да, сүлгү, кашык аркылуу жугат.

«ИРИҢДИ КАНТИП ТОКТОТСО БОЛОТ?»
– Менин балам 5 жашта. 3 жылдан бери кулагынан ириң акчу болду. Кебезди фурацилиндин эритмесине салып тазалап койсом, токтогонсуп калат. Эмне кылуу керек?

Элнура, 26 жаш. Ала-Бука району.

-3 жылдан бери акса, бул өнөкөткө айланып калган. Мындай учурда тарсылдак тешилип калган болот. Өз алдынча ар кандай дарыларды колдоно берүүгө болбойт. Ден соолукка зыян келтириши толук мүмкүн. Ошондуктан тез арада врачка кайрылып, дарылатыңыз.

Чыңгызхан Кожошов
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кулак ооруларын өз убагында дарылабаса, тарсылдак жарылып калышы мүмкүн"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Pantherka
2015-07-20 09:38:14
Кулагынан ирин аккандарга кенеш, менин баламдыкы да акчы 7 айынан баштап 3 чыкканча, эмнени гана кылбадык, молдо, доктурлардын туруно бардык, эч жардам болгон жок. Аягында бир келин восктон тутукчо жасап берди, чаяндыкынан ошону кунуно 2 маалдан 10 кун тутоттук, сен кор мен кор токтоду, тфу тфу 2 жыл болот кармай элек. Биздики хронический болуп акканда моюнуна чейин агып калган да.
0
bema_bema
2015-07-24 13:10:43
Pantherka,аны кай жерден алат
0
Ibragim06
2015-07-20 10:53:06
Лорго кайсы жактан суроо берсек болот?админ айтып койсонуз
0
admin_superstan
2015-07-20 10:57:01
Ibragim06, саламатсызбы!
kenesh@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүз.
0
eduardali
2015-07-20 11:59:57
назгулдун номерин жазып койосунарбы админ.
0
-Angela-
2015-07-20 13:12:00
Назгул эженин номерин береаласыздарбы купуяга жонотуп коюнуздарчы сураныч
0
-Angela-
2015-07-20 13:13:05
Назгул эженин номерин берип коюнуздарчы сураныч
+1
aigerim_abduvalieva
2015-07-20 13:26:36
Ииии менин темам го...! Мен ошто бассейнге бара берип кулагыма грибок пайда болуптур кичине суук же грип болушум болсо эле ичи оло Зуд болот 2 жолу кымбат клиникаларда каратым дары жазып тазалап берет дагы деле кете элек туну сосуз шапка кийип жатам
0
janaika-95
2015-07-20 16:05:36
Жакшы кенеш екен
0
Umnitsa
2015-07-20 17:27:01
менинда мурдумдун соогу сынып жыт билуу сезимим бираз начарлап калган. операция жасатсам деле пайда берген жок...
+1
mirbek8691
2015-07-21 00:01:47
29 жаштамын 6 айдан бери жотол, тамагыма какырык тургандай болуп кырылдай берем диагноз точный койо алышпай койду учасковый врачыман уч жолу, инфексионныйдан 1 жолу, алергологдон бир жолу, акырында республикалык диагностикалык борбордон терапевтке барсам, лорго жонотту лор кыскасы баарын жыйынтыктап мага невропатолог экоо дарыларды жазып берди аны да толук аткандай кылып аткардым результат жок эмне кылам жардам бергиле сураныч алдынала рахмат
0
mirbek8691
2015-07-21 00:21:31
Администрация сиздерден сураныч kenech Kg ге жазалбай койдум врач кенеш берсинчи томондогу суроомду жеткирип койуунуздарды отуном кечке даары дармек иче берип бойрокторум ооруп,алым кетип калды
0
admin_superstan
2015-07-21 09:55:41
mirbek8691, саламатсызбы!
Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
0
mirbek8691
2015-07-21 00:34:19
Тапшырган анализдердин кагаздары жана жазып берген дарылардын кагаздары баары бар опкомду эки жолу жонокой рентгенге учунчусундо 5000 сом толоп юрфага туштум башкасын жазып буталбайм акыркы лор койгон диагноз хронический форенгит жазган дарылары жардам убактылуу ичип кичине жардам берет кайра ле ооруп атам
0
HAPPY.GIRL
2015-07-21 02:06:27
mirbek8691,Саламатсызбы Мирбек,эгер элдик дарыланууга ишенсениз уладын майын кулагынызга тамчылатыныз.Абдан жакшы жыйынтык берет.
0
Ibragim06
2015-07-21 14:46:09
Kenech.kg ге ички органдар жана операциянын баасы жонундода суроо берсек болобу?
0
admin_superstan
2015-07-22 10:26:40
Ibragim06, саламатсызбы!
Бул рубрикага оорулар тууралуу гана суроолорду берсеңиз болот.
0
samar55
2015-07-21 19:15:26
Cупер инфо жааматы санториялар боюнча маалымат качан бересинер.толук маалымат болсо элге жакшы болот эле.Байланыш номерлери .жолдомо алуу даарылануу курстары боюнча.Ысык Ата санаториясы боюнча болсо да жакшы болмок .кандай ооруларды даарылайт.
0
admin_superstan
2015-07-22 10:25:12
samar55, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/show/32855/
0
mirbek8691
2015-07-23 11:43:16
Жообун кайсы жактан окуйм жана качан
0
Ayka1994
2015-07-23 17:23:42
ангинадан кантип кутулса болот магадда кенеш берип койгулачы жугуштуу эмес менин ангинам апамда кыз убагында болгон экен алдырып турмушка чыкса да менде ангина бар а мен кийин балдарымда ангина пайда болбошу учун эмне кылсам болот жашым жыйырмада , учурда бойдокмун алдын ала ушудан кутулуп алсам анан уй-було курсам жакшы болмок деп жургом
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан