РАФТИНГ – ТАШКЫНДАГАН СУУДАГЫ ЭКСТРИМ

Рафтинг – акыркы убакта өтө тез кулач жайып келе жаткан активдүү эс алуу болуп саналат. Ал ошондой эле эң популярдуу жана экстремалдуу спорттун түрү. Мында шар аккан суудан кайык менен сүзүү талап кылынат.

“СУУДАГЫ ЖОЛ ТАНДАБАС”
Рафт – шар аккан суудан түшүүгө ылайыкталган үйлөмө чоң кайык. Бул англис тилинин “raft” деген сөзүнөн алынган, которгондо “сал” дегенди түшүндүрөт. Рафттар алгачкы жолу Вьетнам согушунда (1965-75-жылдар) америкалык аскерлердин базасына жунглидеги дарыялар аркылуу жүк жеткизүү үчүн пайдаланылган.
Бүгүнкү күндөгү рафттар мурун колдонулуп келген салдарга таптакыр окшошпойт. Заманбап рафттар бекем материалдардан жасалып, бийик жерлерден түшкөндө, айлампалардан жана таштуу жерлерден өткөндө тешилип же жыртылып кетпейт жана тең салмактуулукту жакшы сактайт. Ошондуктан рафтты “суудагы жол тандабас” деп коюуга болот. Рафттардын төрттөн жыйырма кишиге чейин баткандары бар. Эң көп таралганы 6-8 кишиликтер. Ошондой эле рафтингде рафттан сырткары каноэ, байдарка жана катамаран колдонулат.

ТАТААЛДЫКТАР
Рафтингде эл аралык стандарттарга ылайык 6 категориядагы татаалдык бар. Мисалга, тынч аккан дарыялар алгачкы категорияга кирет жана үйрөнчүктөр үчүн ылайыктуу. Ал эми эң татаал делинген 6-категориядагы бөлүк тажрыйбалуулар үчүн гана, анда таштан-ташка урунуп аккан ташкындаган суулардан түшүү керек. Бир ката кетирсе, адам өмүрү менен коштошуп калышы толук мүмкүн.

РАФТИНГ – БУЛ АКТИВДҮҮ ЭС АЛУУ
Рафтинг суу туризминин түрү болгондуктан таза аба, жаратылыштын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк берет. Туристтер үчүн атайын коммерциялык рафтинг бар. Мында тажрыйба талап кылынбагандыктан алектенүүнүн эч кыйынчылыгы жок, ошондуктан активдүү эс алууда популярдуу болуп келет. Даярдыксыз адамдар 1-3-категориядагы багыттар менен жүрүүгө болот. Бул категориядагылар анчалык кооптуу эмес жана жетишерлик адреналин тартуулай алат. Бул спорт түрүндө адам уюшуп аткарганды, ар кандай абалда тез чечим чыгарганды үйрөнөт. Рафтингге түшкөн адамда сөзсүз түрдө шлем жана сактоочу жилет болушу керек.

СПОРТ КАТАРЫ
Рафтинг – командалык спорттун экстремалдуу түрү. Бул спорт боюнча мелдештер 4 дисциплинада (спринт, параллель спринт, слалом жана узун жарыш) өтөт. Ар бир дисциплинада чогулган баллдар кошулуп, жеңүүчү аныкталат. Командада 6 мүчө болушу шарт.
1989-жылы Сибирдеги Чуя дарыясында алгачкы жолу рафтинг боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Ага 50гө жакын команда катышкан. Андан кийин да расмий эмес мелдештер өтүп турган жана 1995-жылы алгачкы Дүйнө чемпиондугу өткөн. Ал эми 1997-жылы Эл аралык рафтинг федерациясы түзүлүп, учурда ага 49 өлкөнүн федерациясы мүчө.

“СУУНУН МУЗДАКТЫГЫ СЕЗИЛБЕЙ КАЛГАН”
Түркияга эс алууга барып, ал жактан рафтинг-турга катышкан кесиптешибиз МЕДЕР КИДИКОВ кандай таасир алганы тууралуу ой бөлүштү:
– 2012-жылы жетекчилигибиз ондой кесиптештерибизди Түркиянын Анталья шаарында эс алдырып келген. Ошондо рафтинг боюнча турга чыкканбыз. Мындай эс алууну каалаган туристтер аябай көп экен. Биз менен чогуу баргандар 8-10 кишилик рафттарга, а биз 2 кишилик байдаркаларга отурганбыз. Туристтер отурган рафттарды кызмат көрсөткөн фирманын адамдары башкарса, биз байдаркаларды өзүбүз башкарганбыз. Байдарканы башкарууну эч кимибиз билбегендиктен алгач таштардан секиргенде көпчүлүгүбүздүн кайыктарыбыз оодарылып калып жатты. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, көп өтпөй байдаркаларды мыкты башкарып калдык. Аралыктын узундугу 30 чакырымдай экен, бул аралыкты сүзүп өткүчө 7-8 сааттай убакыт кетти. Себеби программада ар кайсы жерлерге токтоп тарыхый жерлерди көрүү, түшкү тамак ичүү да бар болчу. Бул убактагы сезимдерди сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт, тоо суусунун муздактыгы деле сезилбей калган. Сүзүп бүткөн соң башка туристтер “Силер байдарканы тандап туура кылыпсыңар. Биз силерчелик адреналин ала алган жокпуз, жолдо катар силерге суктанып келдик” деп айтышты.
Өлкөбүз тоолуу болгондуктан шар аккан сууларга бай, ошондуктан рафтинг үчүн аябай ыңгайлуу. Рафтинг туризми да өнүгүү жолунда. Туризм агенттиктери көбүнчө Чүй, Суусамыр, Нарын, Көкөмерен жана Сары-Жаз дарыяларында эс алуучуларга кызмат көрсөтүп келишүүдө. Эс алуунун мындай түрүн тандасаңыз, эстен кеткис таасир аларыңызга бөркүңүздөй ишене бериңиз.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан