АГРАРДЫК ИННОВАЦИЯЛЫК АЯНТЧА

Кыргызстан – агрардык өлкө. Айыл чарбасын дүркүрөтүп өнүктүрүүгө даремети толук жетет. Бирок өлкө эгемендүүлүгүн алган алгачкы жылдардан бери бул тармактын акыбалы кейиштүү. “Реформа” деген атка жамынып, түпкүлүгүндө талкаланууга дуушар болгон кыргыз айыл чарбасы аксап турган чак. Адистердин айтымында, өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын 87 пайызынын эскилиги жетип, дыйкандын маңдай теринин акыбети кайтпай келет.

“ӨНҮГҮҮНҮН” ЖАРДАМЫ МЕНЕН КЕЛГЕН 4 КОМБАЙН ИШКЕ КИРИШТИ
Кыргызстанда биринчи жолу “Талаа күнү” белгиленди. Демилге Орусиянын айыл чарба техникаларын өндүрүү боюнча үлкөн компаниясы “Ростсельмаш” менен биргеликте ишке ашты. Комбайндардын бардык түрүн чыгарып дүйнөнү камсыздап жаткан завод эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин жардамы менен Кыргызстанга келди. Анткени ал акыркы үч жылдан бери өлкө аймагында айыл чарба тармагын өнүктүрүүнү колго алып, маселени ийне-жибине чейин түшүнөт. Айта кетсек, бүгүнкү күндө “Өнүгүүнүн” 15 МТСи бүтүндөй республиканын аймагында кулач жайып, дыйкандардын жерди иштетүүгө болгон каалоосун ойгото алды. 100дөн ашык айыл чарба техникасынын түрү бар сервис элге арзан баада кызмат көрсөтүп, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөп берди. Мындан сырткары буга чейин эски техника түшүмдү чала жыйнап, буудайдын баары саманга аралашып кетсе, “Өнүгүүнүн” техникасы буга жол бербейт.
“Ростсельмаш” комбайн заводу айыл чарбасына керектүү техникаларды чыгарып, дүйнө жүзүндөгү 26 мамлекетке 17 багыттагы айыл чарба техникаларын сатышат. Кыргызстандын рыногуна буга чейин “Ростсельмаштан” бирден-экиден гана техника келсе, эми Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен Кыргызстанга 500 даана техника алынып келингени турат. Алдыга коюлган максаттар көпкө созулбай, алгачкы төрт комбайн Кыргызстанга келип, азыр оруп-жыйноо башталган талааларда иштеп жатат.

“ДЫЙКАНДАР КӨБҮРӨӨК КИРЕШЕ ТАБЫШСА ЭКЕН ДЕП МАКСАТ КЫЛДЫК”
БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ, ЖКнын депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы:
-Биздин дыйкандардын көйгөйү – бул техника. Мына, “Ростсельмаш” комбайн заводунун техникаларын алып келдик. Максатыбыз – дыйкандар жаңы техника менен 1-2 гектар болобу жакшы пайда табышса. Бүгүн “Ростсельмаш” комбайн, трактор, чөп оруучу жана таңгактоочу техникаларын көрсөтүп берди. Эми алар Ош шаарында база бар, ошого түз алып келүүгө ынанышты. Маалым болгондой, Кыргызстанда 87 пайыз техника эскирген. Колдонуу мөөнөтүнүн бүткөнүнө 20-25 жылдан ашып кетти. Дыйканчылыктын пайдасы жок, эл “чыгаша көп” деп нааразы болуп келген.

“ЗАМАНБАП ТЕХНИКА БОЛБОСО, АЛДЫГА ЖЫЛУУ ДА БОЛБОЙТ”
Сузак районунун Октябрь айылында бул күнү майрамдык маанай сезилип турду. Анткени Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 600дөн ашык дыйкандар келип, ар бир техниканы өз көздөрү менен көрүп, “Ростсельмаштын” расмий өкүлдөрү менен кенен баарлашып, катар тизилген ар бир техниканын мүнөздөмөсүн уга алышты. Мында келгендердин арасында Балтабай Назаров да бар. “Талаа күнү” өтөрүн угуп, атайын Кадамжай районунан келген. Дыйканчылык кылган Балтабай мырза заманбап техникалардын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып, баасы туура келсе, келишим түзүп сатып алсам деген ою бар.

Балтабай Назаров, Кадамжай районунун тургуну:
-Мен негизинен жүгөрү өстүрөм, буудайым да бар. Кыргызстан Бажы биримдигине кошулат деп быйыл жүзүм, өрүк, жемишти көбөйттүк. Жыйынтыгы жаман эмес. «Ростсельмаштын” техникалары менен таанышуу үчүн келдик. Мага эң жакканы – бактын ичин айдаганы болду. Ошону алсак деп турабыз. Менин техникаларымдын баары эски. Жок дегенде бирден алыш керек деп ниет кылып турам.

Азим Божуев, Базар-Коргон району, Биринчи Май айылынын тургуну:
-Орустардын «лёд тронулся» деген жакшы сөзү бар. Чындыгында, айыл чарбасына көптөн бери көңүл бурулбай калган. Кыргыз элинин 70 пайызы жер иштетип оокат кылышат. Айыл чарбасын өнүктүрмөйүнчө өсүш, өнүгүү болбойт. Мен азыр семинарды көрүп, бул Кыргызстандын өнүгүшүнүн башталышы деп сүйүнүп жатам. Төрөбаевдин элге кылган мамилеси, ушул нерсени уюштуруп “келгиле, жерди иштетели!” дегени, “чогуу кадам таштайлы, иштейли!” деген аракетин эл билет. Мунун жаштарга да тарбиялык мааниси бар. Анткени жерди кордобой иштетсек, пайдасы жакшы болот. Дагы айта кетчү нерсе, заманбап техника болмоюнча биздин айыл чарба өнүкпөйт, алдыга жылбайт.

Жунусмамат Атабеков, Өзгөн району, Зергер айыл өкмөтүнүн тургуну:
-Бакыт Төрөбаевдин жасаган иштерин гезит беттеринен окуп, жакшы билем. Куру сөз эмес, иш кылган жигит экен. Буга чейин Орусияга барып “Ростсельмаш” комбайн заводунан 500 даана техника алып келерин уккам. Кыргызстанда 470 айыл өкмөт болсо, ар бирине бирден берсе сонун болот деп. Союз урагандан бери колхоз таркап, жеке менчик үлүш болуп 2-3 гектардан майдаланып кеткен. Эми Бакыт Төрөбаевдин сөзүн угуп биригели деп калдык. Техника берсе жеңил болот экен.

“ТАЛАА КҮНҮ” – УНИКАЛДУУ ИШ-ЧАРА БОЛДУ”
“Ростсельмаш” Кыргызстанды агрардык өлкө деп билет. Өз техникаларын кыргыз дыйкандарына ыңгайлуу шартта жеткирүүнү максат кылат. Бирок өкмөттүк деңгээлдеги кызматташуу жок болгондуктан, бул демилге ишке ашпай келген. Мындан улам орусиялык ишкерлер Кыргызстандан ишенимдүү өнөктөш издеп, Бакыт Төрөбаевди табышкан. “Ростсельмаш” комбайн заводунун өлкөгө келип калышына ушул жылдын май айында “Росагромаш” мекемесинин жетекчиси Евгений Корчевой менен Бакыт Төрөбаевдин жолугушуусу көпүрө болгонун айта кетсек болот. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жемиши – бул дыйкандар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду. Анткени өлкөдө жалгыз гана “Өнүгүүнүн” машина-трактордук станциясы карапайым дыйканга кол сунуп келет. Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекетте жок айыл чарба техникасынын ээси Бакыт Төрөбаев болуп саналат. “Талаа күнүн” Кыргызстанда чоң масштабда өткөрүүнүн демилгечиси да Бакыт Төрөбаев.
Жашоо бир огунда турбагандай эле айыл чарба тармагы да жыл өткөн сайын жаңычылдыктар менен толукталып келет. Дыйкандардын сынына коюлган техникалар да дал ошондой жаңы технологиялар менен даярдалганын адистер белгилешет. Эң башкы артыкчылыгы – аянттын чоң-кичинесине карабай толук коромжусуз оруп-жыйноого шарты бар.

СЕРГЕЙ РОМАНЕНКО, “Ростсельмаш” компаниясынын Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча сатуу департаментинин директору:
-Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан потенциалы чоң. Эл да жерге жакын экен. Жер иштетип, ийгиликке жетүүнү ар бир кыргыз дыйканы каалап турганын байкадым. Бирок эскилиги жеткен техника, эскирген технология бүгүнкү күндө ири киреше, түшүм бербей калды. Башкача айтканда, дыйкан, фермердин каалоосу, үмүтү аткарылбай жатат десек болот. Эгерде заманбап технологиялар колдонулса, Кыргызстандагы агробизнес өркүндөйт.

АНАТОЛИЙ НЕКРАСОВ, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары:
-Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын Евразия экономикалык мейкиндигинин алкагында модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Ал үчүн ири каржы салынууда. Экономиканы өнүктүрүүнүн максаттуу тармактары да тандалып алынган. Приоритеттүү багыт албетте – бул айыл чарбасы. Мен бүгүн бул жерге жөн эле келген жокмун, биз айыл чарбасына анализ жүргүзүп жатабыз. Азыр Кыргызстандын фермерлери чачылып, чаржайыт кеткен. Аларга жардам берүүнүн жолун издеп жатабыз. Дыйкандар өздөрүнүн техникасын жаңылаш керек. Буга өздөрүнүн күчү жетпейт, андыктан техниканы жаңылоо маселеси турат. Албетте, МТСтерди түзүү же болбосо лизинг аркылуу. Фермер ыңгайлуу баа менен техника сатып алгандай болуш керек.

ОЛЬГА СЕРЕБРЕННИКОВА, “Росагромаш” ишканасынын Кыргызстандагы өкүлү:
–“Талаа күнү” уникалдуу иш-чара деп айтар элем. Кыргызстандын агрардык тармагына орус техникаларын жайылтууга бул жакшы саамалык. Буга чейин мындай иш-чара түштүк аймагында өткөн эмес болчу. Эми бүгүнкү көргөзмөгө коюлган техникаларды сатып алуунун түрдүү жолдору бар. Банк аркылуу лизингге алса болот. Бирок эң эле ыңгайлуу жолу – бул МТСтер аркылуу техниканы пайдалануу. Анткени акыркы жылдары Кыргызстанда МТСти кайра куруу иши өтө активдүү жүрүүдө. Фермерлер МТСтин кызматын колдонуу менен ойдогудай түшүм алса болот. МТС кыска убакыттын ичинде эле аймактарды тейлеп, техникага болгон муктаждыкты жоё алат.
Кыргызстан бизге жакын өлкө. Көптөгөн эмгек мигранттары Орусияда иштеп жүрөт. Биз силердин маданиятыңардан, айыл чарба тармагыңардан дайыма кабардар болуп турабыз. Улам жаңы МТС ачылганда кубанабыз жана ал МТСтеги техникалар “Росагромаштын” техникалары менен толукталса деген тилегибиз бар.
Орусиялык өнөктөштөр буга чейин Кыргызстандагы айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө катышып жүргөн, бирок бардык иш-чара борбордо жана аянтта өткөрүлгөндүктөн, ойдогудай жыйынтык чыкпай келген. Андыктан “Талаа күнүн” уюштуруп, дыйкандар менен эгин талаасында жолугушуп түз сүйлөшүү мыкты шарт болду. Ачык асман алдында, буудай талаасында өткөн техникалардын көргөзмөсү натыйжалуу болгонун мында келген дыйкандар да белгилешти. Анткени карапайым жер иштеткен дыйкандар үчүн айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр менен түз баарлашуу да иштин алдыга жылуусуна өбөлгө. Айта кетсек, орусиялык өнөктөштөр бул көргөзмөнүн алкагында эми убакытты үнөмдөө максатында Ош шаарындагы атайын базага суроо-талапка ылайык техниканы түз жеткирүү чечимине келишти.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан