БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮ – ЖАКШЫ МААНАЙ ЖАРЧЫСЫ

Үйгө келген адамдын назарын өзүнө буруп, бир чети бөлмөгө өзгөчө сулуулук, аруулук тартууласа, экинчи жагынан таза абанын булагы болгон бул, албетте, бөлмө гүлдөрү. Гүл өстүрүүгө кызыгып, бирок туура жолун таппай келсеңиз, «Экотеплица» компаниясынын гүл өстүрүү боюнча адиси Айжан Жаныгулова сизге кеңеш бермекчи.

ТОПУРАК
Жашылча-жемиштердин кабыгын, отоо чөптөрдү ыргытпай, майдалап туурап огороддогу бош жерге таштап коё бериңиз. Ал жерди казып топурак менен аралаштырабыз да, бир жыл коюп коюу керек. Мындай топурак табигый витамин, минералдарга бай болуп, гүл жакшы өсөт. Сапатсыз топурак бозомук тартып, ныгырылып өзү эле билинип турат, ал эми сапаттуусу борпоң болуп, өңү кочкул күрөң, кара болот.

ИДИШ
Чоподон жасалган гүл челектерге караганда пластмасса идиштерге отургузсаңыз, аба алмашуу жакшы жүрүп, гүл жакшы өсөт.

ОТУРГУЗУУ
Алгач идиштин түбүнө пенопластты майда бөлүктөргө бөлүп, 1-2 сантиметрдей калыңдыкта салабыз. Пенопласт абаны жакшы өткөрөт. Таш салгандар да бар, бирок таш топуракты ылдый тартып, топурак тез басырылып кетет.

СУГАРУУ
Гүлгө алдын ала кайнатылып, муздаган суу куюу керек. Кайнабаган суу топурактын шорун чыгарып, топурак ныгырылып, үстү, идиштин четтери ак болуп калат. Сууну гүлдүн жалбырагынын үстүнө куйсаңыз, кычкылдануу (окисление) жүрүп, жалбырак тез чирийт. Андыктан сөзсүз түрдө гүлдүн тамырына туштап куюңуз. Гүл суу керек же жогун өзү эле билдирет. Топурагын колуңуз менен кармап көргөндө нымдуулук бар болсо суу куюунун кереги жок, ал эми кургап калганын сезсеңиз, анда сугаруу маалы келди. Күн ысыкта аптасына 1-2 жолу, суукта 1 жолу эле сугаруу жетиштүү.

КӨЧҮРҮҮ
Гүлдөрдү бир жылда бир, жазында же күзүндө топурагын алмаштыруу, чоңоюп кетсе идишин алмаштыруу үчүн көчүрүп туруу абзел. Антпесе топурактын курамындагы пайдалуу азыктар жоголуп, гүлдүн да сапаты кетет. Көчүрөрдөн 1 саат мурун гүлгө суу куюп жумшартып алуу зарыл. Андан кийин гүл челектен этият алып чыгып, тамырындагы ашыкча топурактарды түшүрүңүз да, жаңы топурак салынган идишке отургузуп, суу куюп коюңуз.

ЖЕР СЕМИРТКИЧ
Гүлгө ашыкча жер семирткичтерди берүүнүн кажети жок. Топуракты жумшартуу жана нымдуулукту сактоо үчүн 2 ирет: жазында жана күзүндө топурактын үстүнө 0,5-0,7 грамм аммофос затын кошуп, анан суу куюп коюу жетиштүү.

КҮНӨСТҮҮ ЖЕРДЕ ӨСҮҮЧҮ ГҮЛДӨР
Фиалка, гвоздика, фикус, глоксиния, азалия, бокарнея, орхидея фаленопсис, цикламен, кодиеум (кротон), примула жана башка.

КӨЛӨКӨ ЖЕРДЕ ӨСҮҮЧҮ ГҮЛДӨР
Антуриум, замиокулькас, спатифиллум, диффенбахия, драцена, хризантема жана башка.

ОРУН КОТОРУУНУ ЖАКТЫРБАГАН ГҮЛДӨР
Хоя, гибискус (кытай розасы), мирт, декабрист жана башка гүлдөр. Эгер бир орундан экинчи орунга которо берсеңиз, жалбырактары саргарып, түшө баштайт.

ҮЙДӨ ДА, СЫРТТА ДА ӨСҮҮЧҮ ГҮЛДӨР
Крокус, калатея, энотера, папоротник, хоста, герань, петуния, фикус. Булар бирде жылуу, бирде салкын болуп алмашып турган абаны жактырган гүлдөр. Бул гүлдөрдү бөлмөдө, балкондо, короодо да өстүрүүгө болот.

ГҮЛҮҢҮЗДҮН ЖАЛБЫРАГЫ САРГАРЫП ТҮШӨ БАШТАСА...

Курт-кумурскалар
Белгилери:
Жалбырактын четтери желип, курт-кумурскалар жүргөнүн көрөсүз.
Эмне кылуу керек?
Дарыканадан атайын гүлдүн зыянкечтерине каршы дары-дармек сатып алып, көрсөтмө боюнча дарылоо.

Күн нурунун жетишсиздиги
Белгилери:
Жалбырактар соолуй баштайт.
Эмне кылуу керек?
Гүлдү күн тийген терезеге же лампанын алдына коюу керек.

Суунун жетишсиздиги
Белгилери:
Жалбырактары кургап, кол тийгенде түшө баштайт.
Эмне кылуу керек?
Аптасына 1 жолу сугарсаңыз, 2 жолу суу куйганга өтүңүз.

Ашыкча сугаруу
Белгилери:
Жалбырактар саргарып, соолуп калат.
Эмне кылуу керек?
Суу куюуну азайтып же болбосо кененирээк идишке көчүрүү зарыл. Эгер жогорудагы талаптарды аткаргандан кийин дагы гүлүңүз ооруй берсе, кандайдыр бир витамин жетишпейт. Бул учурда атайын гүл жаатында иштеген адиске кайрылыңыз.



Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
beben
2015-07-20 09:32:58
Рахмат . Соонун кенеш менин гулдорум эмнеге оспойт десе ...
+4
Eli75
2015-07-20 14:41:41
Супер инфо, рахмат. Аябай гул остурууну жактырам. Бул биздин билим капчыгыбызга дагы бир алтын казына болот.
+2
Meer
2015-07-21 14:52:00
Рахмат силерге апам болмо гулдорун остургонду жакшы корот пайдалуу кенеш экен апам учун
+1
Abikova93
2015-07-21 16:28:01
Аябай берилип отростка алып келсем саргарып атты эле Рахмат силерге
0
veneraaalieva
2015-07-21 16:28:35
Кайнак сууда эчкандай минерал калбай калат го анан кантип гул осот, биринчи жолу угушум сууну кайнатып анан муздатып гулго куйганды? кызык
+1
jypar.i
2015-07-22 00:04:36
veneraaalieva,мен да таң калдым,кантип эле кайнатылган суу куят деп, анда ал сууда пайдалуу заттар калбайт да, ушуну тактап беришсе!
0
Altynym
2015-07-22 08:56:47
Тескерисинче кайнак суу куйган туура деп эсептейм. Сууну жумшартып колдонгула дей беришет го. Бизделе кайнатып ичип жатпайбызбы, микробдору олсун деп.
0
naaazka
2015-07-22 13:03:30
kainatpai dele suunu bolmo temperatu.na koiup koiup bir kundon kiyin gulgo kuisa bolot. kainatyw wart emes
0
doscredobankk
2015-07-25 09:56:11
Рахмат сиздерге
0
fanatkg
2015-07-26 01:15:59
Бал аары багуунун сырларын жазыныздарчы?
0
admin_superstan
2015-07-27 12:23:18
fanatkg, саламатсызбы!
Бал аары багуу тууралуу жазылган:
http://www.super.kg/article/show/17409
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан