КЫРГЫЗ СПОРТУ 2009-ЖЫЛДА

Былтыр 2008-жылды эгемен Кыргызстандын тарыхында эң жемиштүү жылдардан болду деп тапкан элек. Быйыл да салтты бузбай, 2009-жылкы кыргыз спортуна көз чаптырып, маанилүү окуяларын эске түшүрдүк. Өткөн жылы жарк эткен жеңиштер болбосо да, сыймыктануу менен айта турган ийгиликтер көп эле болду.

ФУТБОЛ
Кепти футболдон баштагандыгыбыз бекеринен эмес, албетте. Бул оюн өлкөбүздө №1-болсо да, 2008-жылы балбандарыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин Бээжин Олимпиадасындагы ийгилигинен кийин көмүскөдө калып кеткен эле. Анын үстүнө, ошол жылы улуттук курама командабыз Чакырык кубогуна ийгиликсиз катышып, “Дордой-Динамо” АФКнын президентинин кубогун Бишкекте тарттырып жиберген болчу.
Кубандырганы, 2009-жылы кыргыз футболу командалык да, жекелик да чоң ийгиликке жетишти. Улуттук курама командабыз Чакырык кубогунун финалдык баскычына жолдомо алса (өз тобунда “ЮАР-2010дун” финалдык баскычынын катышуучусу Түндүк Корея менен ойномокчу), “Дордой-Динамонун” 20 жаштагы футболчусу Азамат Байматов латвиялык “Вентспилстин” курамында УЕФАнын Чемпиондорунун жана Европа Лигасында дебют жасады. ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан мурункудан 3 орун өйдө көтөрүлүп, жылды 159-орунда жыйынтыктады. Азамат Латвияда ижарада кыргыздын атын Европага таанытып жүрсө, командасы АФКнын президентинин кубогун тажикстандык «Регар-ТадАЗдан» кайтарып ала алган жок.
КРнын улуттук 18-чемпиондугунда 9 команда (“Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Алай”, “Жаштык-Ак-Алтын”, “Шер”, “Атаспор”, “Камбар-Ата”, “Кант”, “Плаза”) ат салышып, оюндар 2 айлампа боюнча өткөрүлдү. Чемпионду аныктап берген финалдык этапка “Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Жаштык” жана “Алай” командалары чыгышты. Ошентсе да бул этап чемпионду аныктай албай, алтын беттеш өткөрүлдү. Анда былтыркыдай эле кайрадан “дордойчулар” канттык атаандаштарын 3:2 эсебинде жеңип, 6-ирет катары менен чемпион аталышты.
КРнын ФФсы­­­­­­­­­нын тандоосу боюнча нарындыктардын ганалык легионери Даниель Тэго “2009-жылдын мыкты фут­бол­чусу” деп табылды. Ий, ­баса, эми быйылтан баштап “Дордой” Нарындын эмес, Бишкектин атынан чыкмакчы болду.

КҮРӨШ
Май айында Таиландда өткөн Азия биринчилигинде эркин күрөшчүлөрдөн Яна Панова (72 килограмм салмакта), Орозбек уулу Нурлан (55) жана Базар Базаргуруев (60) коло медаль тагынышкан. Классиктерден жалгыз Мурат Рамонов (120) гана керекке жарап, 3-орун менен кайткан. Ал эми сентябрда Данияда өткөн Дүйнө биринчилигине эркин жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командабыз катышып келишти. Ооба, катышып гана кайтышты.
Ошондой эле жылдын маанилүү окуяларынын катарына Раатбек Санатбаевдин эстелигинин тургузулушун кошсок болот. Атактуу балбаныбыздын эстелиги Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонундагы спорт залынын кире беришине тургузулду.

КИКБОКС
Быйыл акыры бир жылдык тыныгуудан кийин Бишкекте кикбокс боюнча КРнын Президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул жолу да башкы сыйлык мекенинде калып, ага “Гермес-профинин” өкүлү Кумар Жалиев ээ болду. Ал эми Австрияда өткөн Дүйнө биринчилигинде, тилекке каршы, Кыргызстан 1 медаль менен чектелди. Кикбоксчу Мирбек Сүйүнбаев коло
медалга татыды.

ЭРЕЖЕСИЗ ЭР МУШТАШ
Бул жылы эрежесиз эр мушташтын вале тудо түрүнүн жылы болду десек жаңылышпайбыз. Анткени КРнын Вале тудо федерациясы түзүлүп, президенттигине панкратион боюнча Евразиянын чемпиону Эмил Токтогонов шайланды. Биринчи жолу бардык жаш курактар боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу өттү. Ошондой эле Бишкекте оор салмактагылар арасында Азия чемпиондугу өттү. Ал эми жеке спортчулардан болсо Оштун “Мухаммед Умар” спорт клубунун тарбиялануучусу Кылычбек Саркарбаев өзгөчөлөнө алды.
Ал Красноярск шаарында өткөн КМШнын ачык чемпиондугун жана Алматыда өткөн ири эл аралык мелдешти жеңип, туубузду бийик көтөрдү.

ООР АТЛЕТИКА
Спорттун бул түрүндө чоң жеңиш деп Бекзат Осмоналиевдин Ташкентте өткөн Азия кубогунда алтын медаль тагынгандыгын айтсак болот. Султан Молдодосов да мекенибизге жаштар арасында Азия биринчилигинде (Дубай) жана Азиянын кубогунда (Ташкент) бирден коло медаль тартуулады.

УЛУТТУК ОЮНДАР
Март айында Ноорузга карата улуттук оюндар боюнча жаңы мамлекеттик программанын негизинде алгачкы иш-чара өткөрүлдү. Тогуз коргоол боюнча мелдештерге 5 облустун өкүлдөрү катышып, Ысык-Көлдүн командасы жеңүүчү аталды.
Көк бөрү боюнча таймаштар Бишкектеги “Аккула” ат майданында өтүп, баш байгеге баягы эле “Бөрүлү” (ИИМ) ээ болду. “Бөрүлү” Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата уюшулган эл аралык мелдешти да жеңип алды.
Ал эми ордо боюнча өткөн таймаштарда борбор калаанын “Бишкек-1” командасы алдына эч кимди салган жок.

ХОККЕЙ
Жаңыдан федерацияга айланып, бутуна туруп келаткан хоккей үчүн бул жыл жакшы башталды. Февралда Бишкектин ачык чемпиондугу өткөрүлдү. Чемпиондук үчүн Ысык-Көл облусунун курама командасы, Жумгалдын курама командасы, Бишкектин курама командасы жана нарындык “Дордой-Ала-Тоо” командалары күч сынашып, кубок борбор калаада калды. Мындан тышкары, федерациянын өкүлдөрү Москвага “Биринчи каналдын кубогуна” барып, Орусия тарап менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти.


Жылмайып коюңуз!

Атасы баласын күрөш секциясына алып барат. Кечинде сурап жатат:
- Кана айтчы, биринчи машыгууда эмнени үйрөтүштү?
- Митингде кантип туура күрөшүүнү...


2009-ЖЫЛДЫН...

Идеясы
Айтылуу “Алганын” кайра жаралуу идеясы. Бул тууралуу легендарлуу “Алганын” оюнчусу Алмаз Чокморов билдирди. Анын айтымында, мындай идея Бишкек мэриясынын жетекчилиги тарабынан көтөрүлгөн. Эгер ал ишке ашса, футбол боюнча улуттук чемпиондугубузда атаандашуу күчөмөк.

Чыры
29-октябрда КРнын футбол боюнча чемпиондугунун финалдык этабынын “Дордой-Алай” оюну чыр менен аяктаган. Оюнда калыстын чечимине нааразы болгон “Алайдын” мүчөлөрү командасы менен стадиондон чыгып кетишкен. Бул үчүн КРнын ФФсы ызаланган командага 3:0 эсебинде жеңилүүнү каттап, 30 миң сом айып салган. Натыйжада, Алай чемпиондук күрөштөн четтеп калса, нарындыктар чемпион аталышты.

Спортчу айымы
Талашсыз түрдө мындай наамга Жаңыл Айтбекова татыктуу. Жаңыл быйыл түртүп көтөрүүдө 80 килограмм, ал эми жулкуп көтөрүүдө 60 килограмм салмактагы штанганы багынтып, эл аралык класстагы спорт чеберине айланды. Ал мындай ийгиликке жетишкен кыргыздан чыккан биринчи айым.

Кайтуусу
2007-жылы бильярдчы Каныбек Сагынбаев Дүйнө чемпиону аталып, кыргыздын аброюн көтөргөндүгү белгилүү. Бирок акыркы мезгилде спортчубуздун аты чыкпай калган. “Каныбек көрүнбөй кайда жүрөт?” деген кептерге жооп иретинде ал мен бармын дегенсип «Дүйнөнүн вице-чемпиону» аталды.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан