МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Сокку катуу тийди көрүнөт, Аделдин ууртунан кан сызыла берди. Мындайды күтпөгөн кыз алгач коркуп кетти, бирок оюнан кайткан жок.
– Мен эмес, менин бул жерде күнөөм жок! Мен баары бир чындыкты айтам! Зордоп моюнума алдыра албайсыңар!
– Делегой муну. Бешиктен белиң чыкпай жатып ал жакка эмнеге бардың анан?
Аделдин көзүнөн жаш агып кетти. Камерасына келген кыз жаны ачып, ооруган оорудан да үрөй учурган абалга туш болгонуна башы жетпей, өңү же түшү экенин билбей жатты.«Түшүм болуп калса гана, эртең менен турсам үйдө, апамдын жанында болсом гана». Аттиң, бирок бул түш эмес эле, Адел ойгоно албады. Эртеси апасы менен жолукту. Көздөрү киртийип, жүдөп калган кызын көргөндө Турсун апанын дене бою дүркүрөп кетти.
– Алда шорум, ай, сени ушундай абалда көрөт белем? Алдыңа кетейин көз мончогум, кандай абалга туш болдуң?
– Апаке...
Кыз кишен салынган колдору менен апасын кучактай албай, тек моюнунан гана жыттап, кичинесинен бери тааныш жыттын илебин искеп алды.
– Апа, мен күнөөлүү эмесмин, мага жалаа жаап жатышат.
– Каралдым, билем, сен күнөөлүү эмессиң. Сенин колуң андай нерсеге барбайт. Менин күнөөсүз балапаным. Кантейин эми, каратып туруп колумдан алдырып жибербедимби, садагам. Жанагы Зарема болбогондо сен ал жерде болбойт элең. Кантейин, эчен жолу ата-энеси менен туздаш, даамдаш болдум эле. Издеп барсам кызын бекитип алып таптакыр чыгарбай коюшту. Борборго кетип калган имиш. Жок дегенде «бул күнөөсүз, мен ээрчитип баргам» деп акыйкат сөзүн айтсын дегем. Жер сыйпалап таппай калдым.
– Апа, бул жердегилер «күчтүү адвокат жалдаш керек» деп жатышат. Ансыз иш бүтпөйт экен.
– Издеп жатам, кагылайын.
– Апа, ага көп акча керек экен.
– Табам, үйдөгү койду, уйду, керек болсо тамды да сатам, балам. Аман болсок, кийин таап алабыз.
– Апам, апакем менин!
Адел капканга түшкөн чаарчыктай көздөрү балбылдап, турушу аянычтуу эле. Турсун апа тегеренип чыдабай кетти. Ошол күндөн тарта безилдеп адвокат издегени издеген. Бирок иштин чоо-жайын түшүндүрө келгенде эле көбү адам колу жетпеген акча сурап, айрымдары каза болгон жигит чоңдун баласы экенин билгенден кийин баш тартып жатышты. Чарасыз эне, эч кимиси жок кыз...
Тагдырдын буйругу менен бул окуяга Карыпбек Абышевич катышып калды.

ххх

Айкөл тээ алыстан илең-салаң бут шилтеп келе жаткан Турсун апаны көрүп, чекедеги терин аарчып ишин токтото утурлай басты.
– Кандайсыз, апа, Аделди бүгүн көрө алдыңызбы?
Чарчаңкы көзүн өйдө көтөргөн эне алдында турган жигитке ичи жылый карады. «Капырай, ушу корсулдаган Эсенден ушундай жибектей бала жаралат экен, ээ, тобо?» деп алды атасы менен уулун салыштырып.
– Ооба, балам, жолуктум.
– Эмне деди?
– Эмне десин, күнөөсүз экенин, жанагы акмак Зарема азгырып барып таштап чыга бергенин айтты. Тиги шуркуяны такыр таппай жатпаймынбы, болбосо... Байкушумдун жаштыгынан пайдаланып таптакыр жүрөгүн түшүрүп салышыптыр. Тергөөчү акмак...
Эне эриндерин титирете токтоп калды. Айкөл эмне кыларын билбей турду. Үн катпай Турсун апаны ээрчип келе берди. «Кимден жардам суроо керек? Ким куткара алат?» Юридикалык окуу жайда окуп жаткан жигит бул иштин баары бир Аделдин пайдасына чечиле калбашын сезип турду.
– Турсун апа, «адвокат издеп жатам» дедиңиз эле, эмне болду?
– Ылайыгы келбей жатат, балам.
– Менин таякемди билесиз го, Бишкекте кыйын жактоочулардын бири. Мүмкүн, аны менен кабарлашып көрөбүз.
Турсун апа ыргылжың боло баш чайкады. «Караколдун адвокаттарынын алкымын тойгуза алчудай эмесмин, анан борбордогусун кантип жалдамакмын?» деп ойлоп турду. Дили таза баланын көңүлүн калтырбаш үчүн акырын жылмайып алды.
– Кандай мыкты жигит болдуң, Айкөл. Адамдын адамдыгы ушундай убакта билинет. Рахмат, балам, сен Адел экөөбүзгө күйсөң, сага да ошондой күйгөн адамдар табылсын.
Ичинен алкаган аял үйүнө кирип кетти. Айкөл ошону менен тынч алып калбады. Эртеси Аделге жолугуу үчүн жөнөп кетти. Адел Айкөл менен кичинесинен бирге өскөн, моюнуна асыла эркелеп өзүнүн агасындай көрчү.
– Айкөл байке-е...- деп ыйламсырап жиберди.
Чачынан сылап, бооруна кыскан Айкөлдүн денеси титиреп кетти.
– Ыйлаба, ыйлабачы... Баары жакшы болот,- деди үнү титирей.
Жаагынан ылдый түшүп турган чачтарын кармалай берди. Жибектей жумшак, капкара чачтарын кичинесинен жакшы көрө турган, кээде Турсун апа жокто өрүп да берчү. Кыздын чачтарын сылап, эмне деп жоошутарын билбей жатты. Аз гана убакыт бөлүнөт экен, алып келгендерин берип, бир аз сүйлөшүп кайра артка кайтты. «Кандай кылсам да, эмне кылсам да Аделди түрмөдөн куткарып алуум керек» деди чечкиндүү.

ххх

Кабинетте ак аралай баштаган чачтарын суулап тараган, кабак алдында сүрдүү тиктеген адам отурду. Кабыл алуу бөлмөсүндө өзүн бир аял күтүп отурганын катчысы кабарлаган эле. Эми гана эстей коюп чакырып калды.
– Мени бирөө күтүп жатат дедиң беле, кире берсин.
Эшиктен кирген карапайым кийинген айылдык апаны көргөндө таң кала ордунан тура калды.
– Келиңиз, кандайсыз?
– Жакшы, кагылайын. Мен тиги Айша эжеңдин кошунасы болом. Сага алыстан атайлап келдим.
– Угуп жатам.
– Жээниң Айкөл сага барышымды, сен жардам берериңди айтып туруп алды. Өзү да ээрчип келди, азыр бир жакка чыгып...
– Эмне болду эле?- деди аялдын узун сүйлөгөнүн жактырбагандай кабагын бүркөп. Турсун апанын жүрөгү сууй түштү.
– Менин неберем, Аделим кырсыкка кабылып калды. Анын эч кандай күнөөсү жок. Эгерде колуңдан келсе жардам бересиңби деп суранып...
Ушу жерге келгенде мукактанган эненин көз жашы төгүлүп кетти. Мындай жорук тиги кишинин кыжырын келтирип жиберди. Табиятынан аялдын ыйлаганын көтөрө алчу
эмес. «Уф, ушу аялдардын көз жашы. Ишиң чачтан көп болуп жатканда муну сооротуп отур эми».
Иштин чоо-жайын уккусу да келген жок. Катчысына чалып суу сурайын деп баратып эненин колундагы сүрөттү көрүп токтой калды. Турсун апа Аделдин сүрөтүн калтыраган колдору менен суна берди.
– Мына, көрчү, ушу кенедей кантип бирөөнү өлтүрдү деп айта аласың? Кызым күнөөсүз жерден кабылып калды. Колуңдан келсе жардам бер, адамгерчилик кыл. Тиги дүйнөдө да, бул дүйнөдө сага карыздар болоюн, өмүр бою сага дуба кылып жүрөйүн. Жардам кыл. Кызым байкуштун ата-энеси, бир туугандары да жок. Жалгыз таянары менмин.
Сүрөттө периштедей сулуу, жаш кыз жылмайып өзүн тиктеп турганын көрүп, жүрөк эркинен тыш болк этип алды...

(Уландысы кийинки санда)

Нурия Кудайбергенова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
ikitaidesu
2015-07-20 09:23:58
суйуу башталдыбы!
0
Biinura
2015-07-20 09:39:05
Жантай чалдын суйусу башталды окшойт.
+1
Emu-Janyl
2015-07-20 10:24:34
Эххх...Кобурооктон жазгылачы Супер Инфо!
0
omurbek1990
2015-07-20 11:00:53
автору начар экен. кичине окшоштурса болмокда жомок кылбай. бычакты колуна кармап турсале алып барып камап таштабайтда. тергоочу деген бар, ошол куну кимдер болгон аларды чакырат элементарный. анан айтып беришмек алар деле ким менен кимдин урушканын.
0
arash96
2015-07-20 13:17:23
omurbek1990,сенен ким сурап атат автор кандай экен деп мындай случиялар кыргызстанда часто бывает.Так что не говари всякие глупости.
-5
Gulya.akbaralieva
2015-07-20 14:12:06
эки бир туугандын суйуусу башталат кыз талашмай. Аделди алам дейт да башка не демек эле чал
0
Talantbek80
2015-07-20 22:27:00
Жакшы чыгарма экен кызды өзү аялдыка алат экен тагдыры ушул экен да Аделдин
+1
Etka
2015-07-21 00:30:45
Эмнеге бат эле аялдыка алат деп чечтинер, мункун апасынын жакшы коруп жургон чыгар, кошунасыго кантседа.
Сабыр кыла туралы. Убакы корсотот.
-1
jypar.i
2015-07-22 00:26:37
Etka,эү башында жазылып турбайбы, бир үйдө Адел,Айкөл жана таекеси болуп турушат деп, демек таекеси Аделди түрмөдөн куткарып, алып алган да
0
Bermet_Kasymova
2015-07-21 01:54:45
Атасы го сыягы. Же болочок суйгону
0
ayima_a
2015-07-21 16:38:00
журокту ооруткан чыгарма экен неси болсо да аягы жакшы бутсо экен
0
barmalei
2015-07-22 10:56:16
Атасы эле болушу мумкун. Адел апасына окшош эмеспи. Ошодон улам ээси ооп калды да. Жаш кездеги суйугонуно окшотуп.
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан