(Башталышы өткөн сандарда)
Кумарчы аралашкан картаны Адылга сунду.
– Калыстык болуш үчүн картаны сен тарат.
Карта таратылды. Акылдын тагдырын ушул үч карта чечет. Аны ойлогондо денеси калтырап, колдору титиреп, чекесинен кара тер куюлуп отурат. Карт бөрү мындай оюндун неченин көргөн, ал эмне, аялын уттуруп жатыптырбы, андыктан сыр алдырбай карап турат. Экөөнүн оюнун карап отурган Адыл эмне болуп кетет экен деп бушайман болуп, бирде досунун көзүн караса, бирде Кеңештин жүзүн тиктейт. Саамга созулган үнсүз мүнөттөрдөн кийин Кеңеш сөз баштады.
– Карап отура бергениң кандай? Сүйлөбөйсүңбү?! Картаңды ачып көрсөт,- деди. Акылдын ичинен ысык дем чыгып, тамагы буулуп баратканда "ээ, Кудай, ишимди өзүң оңдой көр, Берметтен айрылтпа" деп миң ирет тиленип жиберди. Алдында атасын өлтүргөн душманы тургандай каршылашын акырая карап алды да, чекесиндеги терин аарчып, картаны акырын ачып ортого таштады.
– Чыккан кол ушул экен. Мындан ашып кетсе утушту ала бериңиз,- деди. Чындыгында кумарчылардын колуна көп чыга берчү карта эмес. Акылдын жолу ачылып, үч туз чыккан болчу. Үйүн кайтарып алдым деп ичинен ойлосо да, коркунучу дале басылган жок. Камырабай отурган карт бөрү картасын ачып, үч алтыны алып көрсөттү.
– Мына, жигит. Экөөбүзгө тең жакшы кол келиптир. Досуң ак ниети менен тараткан экен,- деп Адылды жонунан таптап койду да, сөзүн улантты.
– Бирок утуш мен тарапта болуп чыкты. Буга эмне дейсиң?
Акыл жубайын уттурганына ыза болуп, заматта оюна түркүн ойлор келип кетти. Чырдайын десе кумардын шартын билет. Анын үстүнө кумар курутат болуп баарынан тажап жүргөн. Айласыз абалга тушугуп, бурчка такалганын эми түшүндү. Башын жерден көтөрбөй:
– Утулдум. Моюнума алам,- деген жооп узатты.
Адылдын жүзүндө өзгөчө кубаныч пайда болду. Кеңеш эмне деп айтат болду экен деп күтүп отурганда, андан сөз чыкты.
– Кумарга уттурганыңды аялыңа айтып кой,- деди. Акыл ордунан аткан октой ылдам турду да, эшикти тарс этип жаап чыгып кетти. Ошол ачуусу, ызасы менен үйүнө келип Берметти ойготту. Түн бир оокум болуп калган эле.
– Бермет, кечирип кой. Мен сени кумарга уттуруп жибердим.
Бирөөдөн качып келе жаткандай шашып сүйлөдү. Жубайынын өңү бозоруп чочуп кетти.
– Кабатыр болбо. Адылга уттурдум. Бактылуу болгула! Мен эми эч качан кайрылып келбейм. Атам сураса "шаарга кетти" дегин. Коштошпой кеткениме капа болбосун. Мени күтпөсүн, ошентип айт,- деди да, сыртка чыгып кетти. Бермет уккан кулагына ишенбей, буюм катары кумарга коюлганына ызаланып, башын төшөккө катып таң атканча буркурап ыйлап чыкты. Өлүп алгысы келди, бирок андай кадамга барган жок.
Эртеси болгон ишти кайнатасына айтып, аны кучактап ыйлады. Садыр угар замат жалгызын кайрып келүүнү ойлоп, артынан шаарга жөнөдү. Бул окуя айыл ичине желдей тарап, жаш баладан тартып карыган абышканын сүйлөшчү кебине айланды. Адыл Берметти үйүнө алып барып той берип, андан соң шаарга сапар тартышты.
Андан бери канча суулар акты, Адыл менен Бермет окуусун аяктап, балалуу да болушту. Ал өз ата-энесин издейм деген оюнан кайтып, баккан ата-апасы менен жашайм
деген чечимге келип, университетти аяктагандан кийин айылга кетишкен. Бермет мурун кумарга коюлганына арданып, элдерден четтеп жүрчү. Балалуу болгондон кийин андай терс ойлордон арылып, наристесине алаксып кетти. Турмуштун оош-кыйышынан үзүлгөн колдор кармашып, бири-бирин сүйгөн эки жүрөк кайра табышканына маашырланып, артта калган күндөрү бат эле унутулгандай болду.
Тагдыры тайкы, бактысыз Садыр. Байкуш ушул кепеде баласынын жолун карап отурганы отурган. Акылдан болсо кабар жок. Кабар кайдан келсин? Анын эмне болгонун аялын уттурган түндүн аткан таңы гана билет.
Сүйүктүүсүнө баарын айтып түшүндүргөн соң шаарга эмес, тоону көздөй бет алган. Ичиндеги ызага муунуп тыным албай жол жүрүп, таң атканда адам басып барбаган бийик асканын бооруна жете берди. Көчүк басып отурса болмок, антүүгө чамасы да келген жок. Артын бир кылчайып карады да, аскадан боюн таштады. Бийик тоодон "апа" деген дабыш жаңырды. Бул анын тирүүлүк менен коштошкон акыркы сөзү болчу. Ит өлүм болуп тоо-таштын арасында карга-кузгунга жем болуп кете берди. Аны Садыр билбейт. Билсе эчак эле түңүлүп айылына барбайт беле. Шаарга кеткен десе капысынан жолугуп калабы деп издеп, күтүп жүрбөйбү. Качан көрбөйүн жол боюнда отурат. Жакында кабар алганы барсам:
– Балам, кокус Акылым келбей өлүп кетсем, туулуп-өскөн айылыма алып бар. Эл-журт эптеп көмүп коёр. Сөөгүм өмүрлүк жарым Жылдыздын жанына коюлсун,- деген керээзин айтты. Садыр карыянын күтүүсү качанкыга чейин созулат болду экен?..
(Аягы)
Султан Кадыртегин