Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» партиясынын лидери: «КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ТЕМИР ЖОЛУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КИРИП ӨТӨТ»

Партиянын Жалал-Абад облустук конференциясы мамлекетибиздин символдорунун бири тууну шаардын Аюб-Ата деп аталган ыйык жердин эң чокусуна салтанаттуу түрдө орнотуу менен башталды. 21 метрлик мачтага орнотулган туу Жалал-Абад шаарынын бардык тарабынан желбиреп көрүнүп турат. «Мунун өзү мамлекеттин символун даңазалаган, жарандарды кыргыз мамлекетин сүйүүгө, сыймыктанууга, жаштарды патриоттуулукка тарбиялаган саясий иш-чара»,- деди Өмүрбек Текебаев. Жалал-Абаддын мурдагы мэри, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Касым Исманов иш-чаранын демилгечиси болду. Негизинен мындай символдор ар бир шаардын, айылдын бийик жерлеринде тумар катары желбиреп турушу керек.

ЖАЛАЛ-АБАД ДҮЙНӨ МЕНЕН ТЕМИР ЖОЛ АРКЫЛУУ БАЙЛАНЫШАТ
Кээ бир партиялар жапырт ооз ачырып, жер айдап, буудай чаап жатканда «Ата Мекен» эл менен жолугушууларды өткөрүп, өлкөдөгү маселелерди жеринен изилдеп, чечүүнүн жолдорун карапайым эл менен биргеликте изилдөөсүн бул жолу да улантты. Кыргыз туусунун орнотулушу менен башталган облустук конференцияга катышкан 600 делегаттан сырткары келген каалоочулар Барпы театрына батпай турушту. Партиялык уюмдун аймактык координатору Алмаз Мустапакуловдун айтымында, дубанда партиянын 11 миңге жакын мүчөлөрү бар. Облустагы коомдук-саясий турмушка таасир этүүдө, атуулдардын көйгөйлөрүн чечүүдө партиялык уюм бир топ иштерди аткаргандыгы конференцияда айтылды. Ошондой эле Жалал-Абад-Балыкчы альтернативдүү жолунун жана кыргыз-кытай темир жолунун курулушу боюнча партиянын лидери баш болуп каалоо-тилектерин айтып, бул жолдордон үмүт чоң экендигин белгилешти. Өмүрбек Текебаев партиялык принциптерге, коомубуздагы абалга токтолуу менен бирге кыргыз-кытай темир жол көйгөйүнө кайрылып, мындай деп оюн улады: «Кытайдан Кыргызстан аркылуу Жакынкы Азияга, андан ары Европага кете турган темир жол өтүш керек. Бул жол ишке ашса, саясий экономикалык туңгуюктан чыгабыз. Ушул жол 3-4 жылдан бери кармалып, Эркеч-Тамдан кирип эле Тажикстанга өтүп кете турган коркунуч пайда болгондо «Ата Мекен» партиясы каршылык көрсөткөн. 2015-жылдын январында мурдагы транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Кытайга барып, келишимге кол коюп келди. Ал боюнча жол Нарындагы Торугарт аркылуу Кыргызстанды аралап өтүп, Жалал-Абадга кирет. Эгерде ушул жолдор бүтүп континенттерди бириктирсек, Кыргызстан, ошонун ичинде Жалал-Абад да чоң утушка ээ болот. Ошондо Жалал-Абад шаары, балким, Бишкек жана Ош шаарларына тең ата боло турган ири шаарга айланат»,- деди. Лидер белгилегендей, мындай ири курулуштардын ишке кириши менен Жалал-Абадда калктын саны көбөйүп, жумуш орундары ачылат.

Өмүрбек Текебаев: «ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДҮ, НИЕТИБИЗДИ ӨЗГӨРТМӨЙҮНЧӨ ЖАКШЫ ЗАМАН, ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН КУРА АЛБАЙБЫЗ»
«Ата мекенчилер» артта калган 5 жылда кыргыз элинин мүнөзүн өзгөртүүгө аракет жасады. Алар башкаларга окшоп «көпүрө же мектеп курабыз» деп убада берген жок. «Жаңы адам жана жаңы коом курабыз» деп убада бергенбиз. Биз кеселибизди аныктай билдик! Кеп өзүбүздүн ниетибизде жана жан дүйнөбүздө экен. Социалисттик партия катары рынок экономикасына «макулбуз», бирок рыноктук коомго каршыбыз. Адам баласында, кыргыздарда сатылбай турган баалуулуктар дагы арбын. Ошондуктан «баары сатылышына, коомдун соодаланышына каршыбыз» деп чыктык. Көрсө, жан дүйнөбүздү, ниетибизди өзгөртмөйүнчө жакшы заман, жаңы Кыргызстан кура албай турганыбызды түшүндүк»,- деди Текебаев.
«Ата Мекен» жаңы саясий системаны сунуш кылды. Муну сындагандар, каршылаштар жана ишенбегендер да көп болду. Бирок дүйнөлүк окуялар бул жолдун тууралыгын көрсөттү. Ливия, Мароккодон баштап Украинага чейин чоң өзгөрүүлөр болуп, 4-5 жылдан бери тынымсыз согуш болууда. Биздин өлкө ушундай коркунучтан кыйгап өтүп, 3-6 айга жетпеген мезгилде бийликти мыйзамдаштырды. Коомдук кыймылды саясий түз багытка бура алды. 2005 жана 2010-жылдары бийликти кыйроо абалынан сактап калды. «Муну урматтуу партиялаштар тартынбастан бардык жерде сыймыктануу менен айтып жүрүшүбүз керек»,-деди лидер.
Алдыда «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Бишкек, Чүй, Ош, Ысык-Көлдө партиялык конференциялары жана партиянын Курултайы болуп өтөт. Партия анда да жаңы демилгелер менен чыгат деген ишенич бар. «Ата Мекен» партиясы менен кызматташа баштаган «Улуттар биримдиги» партиясы жана Үй куруучулардын кыймылынан тышкары кызматташууга даяр партиялар жана уюмдар көбөйүүдө.

Кудайберген Жумабаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Alibi
2015-07-23 14:34:15
Мен колдойм азаматсыз Өмүрбек мырза
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан