Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Улуу шашке ченде тоо багытын болжоп качкандар Исфайрам капчыгайын өрдөп чогула баштады. Отуздай гана киши. Көп токтоого болбойт эле. Жолго чыгышты. Музаффар-шаанын мындай азап жолду көрбөгөн эрке кызы шөмтүрөп ыйлай баштады:
– Исхак аке-е, жан аке, мани үлтүрүп кетиң, жан аке-е...
Исхак унчуккан жок. «Куруп кеткен сарттын кызы! Төшөктүн гана катыны... Башка түшсө көнөт, өлбөгөн жаны калса келет...» Кайрылбай кете берди.
Чилденин күнүндө ашуу ашып, Дараут-Коргонго түшүштү. Ошол жерде бозгон аскер аздап чогулуп, жүздөн ашуун киши болуп Каратегинге жол алышты.
Исхак менен кошо агасы Музаффар-шаа келе жатканын, болгондо да Исхакты күйөө бала кылып келе жатканын уккан Каратегиндин амири Раим-шаа эч жакшылык күтпөй,
тандалма он миң кол баштап чыгып, азып барган азгантай кишилерди кындан суурулган кылыч менен каршы алды.
Исхак Дараут-Коргонго кайра келди.
– Сиз кайтсаңыз окшойт... Көрөрсүз, элде али дем бар болсо аны көрөсүз, жо, алдан тайган болсо аны көрүп, бир ылажысына жарап берерсиз...- деди Исхак санаа эзген күндөрдүн биринде.
Аны имере тиктеп калды Бекназар. «Өз абалың эмне болот?..» дегенди сезди Исхак:
– Э-э, менден камтама болбогула, пешенесине жазылганды көрөт ар ким... А көрө өз башыңызга көп коркунуч болот го...
– Э-э, элден безип эсен калган баш курусун...
Набыт болгонунан, дарексиз кеткенинен калган биртке жоокерлерин жыйды Бекназар. Кош айтышарда Момун саркер колтугунан сүйөп, араң турду Исхак.
– Биз өзүбүздү өзүбүз алдабашыбыз керек. Көкүрөк менен сезип турабыз, абал жаман. Эсен кайра жүз көрүшсөк, кубанчыбыз болсун. Жок, көрүшпөй калсак, ыйманыбыз болсун. Мен сизге, Бекназар аке, о дүйнө, бу дүйнө ыраазымын! Не байкап, не байкабай кабагым үйрүлгөн болсо, катуу сөзүм тийген болсо, Бекназар аке, көзүмдүн тирүүсүндө, калыс Кудай алдында кечирим сураганым ушул болсун... кечирип коюңуз!..
– О кайраным, ай, неге кечирим сурашабыз?! Сендей азаматтын артынан ээрчиген күнүмө, бирге жүрүп кан төккөнүмө, жер өрттөгөнүмө өкүнбөйм, эки дүйнө! Мына менин не байкап, не байкабай эрдемсинген түрүм болсо, буйругуңду эки айттырган күнүм болсо, мына ошону сен кечир...
Төшкө төш тийгизип коштошушту. Исхак кош балдакка сүйөнүп, шалдырап туруп калды. Эч качан каңырыгы түтөп көрбөгөн катуу баш баатыр Бекназар минтип эки канаты сынган шумкар сыяктуу мөгдөп турган Исхактын абалын көрүп өзөгү болкулдап кетти. Тез чыга жөнөдү.
Чаубайга кайра ашып келишкен күнү Момун элден кабар алмакчы болуп жакага түшүп кеткен. Ал келип жагымсыз иштин үстүнөн чыкты. Исхак жигиттерге айтып, Кароол-Дөбөгө кеткен эле. Төрт жигит замбилге салып, үңкүргө алып келишкенде анын эшиги топурап калган экен. Кимдир бирөө ызырынып сөгүнүп жатат. Үн ачык таанылды. «Момун келген экен!» деди Исхак.
Үңкүрдүн ичинде Мырзакул жүз башы бир бурчта турат. Колунда бир атма орус пистол. Бир бурчта Момун саркер, колунда кош миздүү кылыч.
– Чыккынчы! Ат! Эмне карап турасың?!- деп Момун кумсарып турат.
– Эмне болуп кетти силерге?!
Момун туталанып кетти:
– Карачы, бул итти?! Мунун кара ишине макул болбогон баатырларды байлатып таштаптыр. Эшиктен кирип келсем эле мага чап салып жүрбөйбү бу чыккынчы?! Сени баш кылып баарыбызды атка таңып берип, Искөбүл пашадан сыйлык алат имиш...
Исхак эмне дээрин билбей калды. Акырын үн салып Момунга жүз бурду:
– Качан келдиң?
– Ээ, келгени курусун! Эмнесин айтайын, эмнесин угасың?! Өрт каптаптыр кыштын күнү кайран жерди! Муба тийгендей тыйпыл болуп чабылыптыр кайран журт! Искөбүл паша менен Насирдиндин издегени биз экен! Боштондук көксөп жыл сайын эрегишип чыккан кайран журттун туусун канга боёп, жүрөгүн өлтүрүп, «Эй!» деп койсо чокусун эки колу менен калкалап отуруп бере турган түбөлүк карып кылат экен...
Эми Исхак үшүгөндөй калчылдады:
– Ыя?.. Издегени биз болсок, анда биздин тирүү жүргөнүбүз өз элибиз үчүн жапа болуп жаткан экен го?.. Канга боёлгон көйнөгүбүздү көрбөй эл үмүтүн үзбөс, душмандын көкшүнү суубас, өчөгүштүгү тынчыбас! Ташта наркескен кылычты, Момун баатыр. Өзүң байла колумду...
Момун шылкыйды. Ошол саатта баары үңкүйүп, баарын ой басып, сөз менен, ый менен жеткире алгыс муң терметти.
– Мен колго түшпөйм!- деп жиберди Момун. – Мага уруксат бер, Исаке! Ордонун иттерине көөдөнүмдү тебелетпейм! Өз бетимче кетем, уруксат кыл, Исаке...
Каңырыгы түтөп коштошо албай, Исхакты бир жалт тиктеп, анан кылычын жалаң кармаган бойдон үңкүрдөн чыга жөнөдү.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан