Бактияр Касымалиев, КВНчи: «КВН БАҢГИЗАТ СЫЯКТУУ, ДААМЫН ТАТКАНДАН КИЙИН ТОКТОНО АЛБАЙСЫҢ»

“Азия Микс” командасынын өзгөчө оюнчусу Бактияр Касымалиевдин колунан түрдүү образдарды жаратуу келет. Ошентсе да анын казак шаманы болуп аткарган образы эсте каларлык десек жаңылышпайбыз. Ал кезинде “Тамашоудо” да ойноп, сахнада бир топ такшалып калган. Анда көпчүлүктүн кызыгуусун туудурган Бактияр менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

Толук аты-жөнү – Касымалиев Бактияр Дастанбекович
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы-күнү – 1988-жыл, 31-март
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – Бир аздан салмак кошуп жатат.
Билими – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн
Кумири – Жеки Чан, Жим Керри
Хоббиси – Жаңы телевизиондук берүүлөрдү ойлоп табуу
Чыгармачылыктан сырткары – Курулуш иши менен алектенет

– Салам, Бактияр. Учурда Светлогорск шаарында жүрөм деп калдың. Эс алып жүрөсүңбү же КВН оюндарына даярдык көрүппү?
– Кандайсыздар? Светлогорск шаарына “Азия Микс” командасы Бишкектин ысыгынан качып келгенбиз, аны менен бирге “Голосящий КиВиН” фестивалына да даярдык көрүп жатабыз. Бул жакта +16 градус жылуу. Аталган фестиваль жыл сайын Юрмалада өтчү, бирок бул жылы биздин көчмөн эл экенибизди эске алышып Калининградга көчүрүштү окшойт.

– Жакында эле “Азия Микс” командасы Эл аралык КВН оюндарынын Жогорку Лигасынын жарым финалына жеңүүчү болуп өттү. Айтсаң, бул жеңиштин даамы таттуу бекен?
– Сахнада оюн көрсөтүп жатканда сен үчүн залда отуруп жан үрөгөн күйөрмандардын маанайы маанилүү болот. Алгач жарым финалга өткөнүбүздү укканда нес болдук. Анан залда биз үчүн сүйүнүп жаткан күйөрмандардын ишенимин, үмүтүн актаганыбызга сыймыктандык. Ошондой эле өз мекенибизде миңдеген жарандар биз үчүн кубанып жатканын элестеткенде эйфорияга чөмүлөт экенсиң.

– КВНге болгон кызыгуу качан башталган, дегеле кичинеңде ким болгуң келчү?
– Кичинемде эл көзүндө жүргөн атактуу адам болгум келчү. Ал кезде актёр, ырчы, куудул боломбу, мен үчүн маанилүү эмес эле, эптеп белгилүү болууну самачумун. Кичинемде апам мени бала бакчадан алып кеткени келгенде троллейбустагыларга чакан концерт коюп берчүмүн. Жолдун башында элдер кол чабышса, жетейин деп калганда “жаагыңды басчы, балам” деп тажап калышчу. Бирок мен болбой эле көзүмдү жумуп алып ырдай берер элем.
Мектепте аябай уялчаак болчумун, эркиме койсо өзүм барып эч качан КВНде ойномок эмесмин. Бир күнү сабакта отурсак “тамашакөй, шайыр балдарды алабыз” деп бир байке келип калды. 7-класста окуп жүргөн кезим, кыларга иш жок бекер жүргөндөн көрө деп жазылып алгам. КВН бул баңгизат сыяктуу, бир даамын таткандан кийин токтоно албайсың. Мен тажрыйбалуу баңгимин десем болот (күлүп).

– Бир жылдары “Тамашоунун” “Ни дай Бох” командасында да ойноп жүрдүң эле...
– Ооба, “Тамашоудо” да ойногом. Ал кез элдин эсинде болсо кубанычтамын. 2008-жылы Элдияр Кененсаров менен таанышып калып, ал мени ошол убактагы
“KG Club” долбооруна чакырган. Ошондон кийин “Большие люди” долбоорун, андан соң “Азия Микс” командасын түзүп иштеп калдык. Өзүм да өсүүнү кааладым, эл-жер көргүм келди.

– Орусиянын көптөгөн сахнасында оюн көрсөтүп, юмор жаатында профессионал болуп калдың. Күлкү дүйнөсүндө жүрүп кандай жетишкендиктерге жеттиң?
– Чыгармачылыкта мээмди кургатпаш үчүн дайыма изденүүдө жүрдүм. Жыйынтыгы жаман эмес, МАИчилер мени жолдон тосуп таанып, сүрөткө түшүп, анан коё берген деңгээлге жеттим. Эми МАИчилер мени менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн акы төлөгөн деңгээлге жетким келет (күлүп). Бир жолу мени Миландагы аянтта таанып калышканда өзүм таң калгам. Бирок жылдыз оорусу менен оорубайм.
Эки карындашым үчүн жакшы кеңешчи, дос, агамын, ал эми ата-энем үчүн сыймык болсом керек. Бирок ата-энем аны мага билдиришпейт, абдан жөнөкөй адамдар, мени тартып калышкан да. Эгер Бишкектин көчөлөрүндө кандай машина айдаарымды көрсөң, көргөн көзүңө ишенбейсиң. 1984-жылы чыккан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа айдайм. Аны мен эркелетип Феррари деп коём.

– Күлкү жаратуучулар өздөрү жашоодо аз күлүшөт деп калышат, сенин мүнөзүң кандай?
– Ооба, аз күлөм, кээде элдер менден кол тамга алгандан сүрдөшөт экен. Бирок команда менен шайыр эле жүрөм, кызыктуу окуяларга көп эле учурайбыз. Жакында эле Астананын кубогу үчүн ойноп жатканда кызыктуу окуяга тушуктук. Сценарий боюнча бизге кымыз керек эле, табышкерлик кылып сүттү сууга аралаштырып, эки мүнөткө алпаруучу Александр Масляковго (кичүүсү) кымыз деп карматып турушубуз керек болчу. Ага карматсак ичип алып жатпайбы. Аябай ыңгайсыз абалда калып күлкүбүз келди. Эми ал кыргыздардын кымызы сүт менен сууга окшош суусундук экен деп ойлоп калды да (күлүп).

– Кепти жеке фронтко бурсак. Социалдык тармактагы сүрөттөрүңдү көрүп, сүйүктүү кызың да өзүңө окшош өзгөчө адам экенин байкадым...
– Ооба, сүйүктүүмдүн аты Жибек. Өтө шайыр кыз, аны менен такыр зерикпейсиң. Жүрүм-туруму, жашоого болгон көз карашы башкача. Чачтарачка кантип барганын, тырмагын кандай түскө боёгонун айтып талкуулаганды жаман көрөт. Эркек мүнөз, майдаланып отурбайт, тарс-тарс бар же жок дейт. Кийинүү стилин көргөндөр башында “жинди го, эмнени кийип алган” дешсе, бир жылдан кийин алар Жибекти туурап кийинип башташат. Экөөбүз чогуу болгондо ал КВНчиге, мен көрүүчүгө айланам. Ал жок жерде жөн эле Баха болсом, аны менен жүргөндө “Оо, карачы, Баха” болуп калам. Экөөбүз мен окуган университеттен таанышканбыз. Артынан аңдып жүрүп бир жылдан кийин жанына барып таанышканга батындым. Экөөбүз келечегибизди Европада кургубуз келет. Ал эми той качан экени сен үчүн да, мен үчүн да, ал үчүн да сыр болуп турсун.

– Кесибиң программист, бул кесип КВНде жардам береби?
– КВНде жардам бербейт, ал эми жашоодо жардамы тиет. Бул окууга 5 жыл убактымды кетиргенимди эстегенде аргасыз күлөм.

– Сени кыргыздын Жим Керриси дешет экен, экөөңөрдүн окшоштугуңар барбы?
– Ооба, экөөбүз тең кытай тилин билбейбиз.

– Айткан тамашаңа залда элдер күлбөй койгон учур болгонбу?
– Берилип аткарып жатканыңда зал тыптынч болуп, сага жарык берген лампочкалардын иштеп жатканы угулган учурлар болгон.

– Орус көрүүчүлөрдү күлдүрүү кыйынбы же кыргыз көрүүчүлөрдүбү?
– Орус тилин түшүнбөгөн көрүүчүлөрдү күлдүрүү кыйын.

– КВНден тапкан акчаң өзүңө жетеби?
– Өзүмө жетет, бирок баары бир андан көбүрөөк акча табууну каалай бересиң да.

"Айылга барганда".

"Азия Миксте" ойноп жүрүп көп өлкөнү кыдырдым.

"Жибек экөөбүз дайыма чогуу жүргөнгө аракет кылабыз".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
altyn_kyz
2015-07-20 10:52:10
Тамашоудо ойногон мезгилин эстегиси келбейт го...
-1
Izdeim_seni.
2015-07-20 11:01:13
Эч нерсе дей албаим,поклонницасы эмесмин бу адамдын. Ичин куйуп жатат,юморду тушунбойсун да дебей эле койгула. Озум билем кандай экенимди.
-4
Baian
2015-07-20 14:46:30
Молодец ийгилик гана каалайм.Коп эле кезиктирдим Баханы.Бирок жугуруп барып суротко тушподум.Москвада кафеде коргондо аябай башкача болдум озу айткандай "ООО Бахаго"деп.Элибизди,жерибизди таанытып жатат ийгилик
+3
aiperishka87
2015-07-20 15:00:01
Ооо Бахаго. Азаматсын оюндары жагат
+5
Kroxa
2015-07-20 15:08:38
Биздин атактуулук менен ооруган жылдыздарыбыз
-8
killer-star
2015-07-20 22:41:46
Эркексин шаман ийгилик
+2
Rahim76
2015-07-20 22:54:42
Ар ким озу каалагандай журот.Эшикте 21 кылым.
+7
Oceana.
2015-07-20 23:52:11
Мен муну эми кортам,сфетафорго
-7
madin_
2015-07-21 15:05:36
Бул КВНчини биринчи корушум!
-6
Abikova93
2015-07-21 16:57:43
Азаматсын Баха ийгилик
-2
kanykey125
2015-07-22 17:59:27
абдан таланттуу .азаматсыз Баха.мындай эч ким берилуу менен аткара албайт тамашаларды
+1
karasuu
2015-07-23 08:56:38
эми коруп жаткандар КВН коросунорбу озу?
+1
azhibaeva.2012
2015-07-24 16:16:36
Ийгилик!!!
0
Altynbekk5
2015-08-01 12:23:52
Баха супер.
0
MIRBOLOT
2016-04-20 15:44:18
Се-Дастан Бах (Себастьян Бах) мыкты жигит, анын "Эгер мен кыз болуп калсам, күйөөмдүн мээсине чай эмес, май кайнатмакмын" деген интервьюсундагы сөзүнө азыр да жылмайып алам!
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан