Айдоочудан 5 миӊ сом талап кылган МАИ кызматкерлерине байланыштуу интернетке тараган видеонун башкы каарманы, коомчулукта «Дрыщ» деп аталып кеткен жаран колго түшүрүлдү. Буга чейин анын дайыны билинбей жаткан болчу.
«Супер-Инфо» гезитинин өткөн санындагы «Дрыщ» жоголду, көрдүӊөрбү?» деген макалада чуулгандуу видеону тартып, мыйзамсыздыкты ачыктаган коомдук активист Болот Ибрагимов Адилет Жунусов («Дрыщ») андан видео аркылуу кечирим сурап жаткандыгын айткан эле.
13-июль күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы активист Болот Ибрагимовдон пара сурашкан Бишкек
ШИИББинин 2 Жол-кайгуул кызматкерине карата кылмыш иши козголгонун маалымдады. Жеӊиш Чокморов менен Урмат Белеков кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген. Алар «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «опузалап пара талап кылуу» беренелери боюнча айыпталышууда. Ошондой эле МАИ кызматкерлерине жардам кылып, жарандык активист менен чырдашып кеткен Адилет Жунусов да кармалып, камакка алынды. 16-июль күнү Жунусов соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи Адилет Жунусов менен дагы бир "жардамчы" Азирет Арызовго карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Экөөнүн Жол-кайгуул кызматынын штаттан тышкаркы жардамчылар экендиги айтылган болчу. Тергөөнү учурда УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Эске салсак, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден пара талап кылып жатышканы тартылган видео тарап, ал кызуу талкууга
алынган болчу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg