Сырдуу, сүрдүү жана кереметтүү МИСИР

Мисир тууралуу кеп козголгондо көз алдыга пирамидалар тартылат. Дүйнөдөгү жети кереметтин байыркысы да, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганы да ушул Египет пирамидалары. Бирок туристтерди кызыктырган жалгыз эле пирамидалар эмес. Мисирде мындан башка да кызыктар көп.

Аталышы – Египет Араб Республикасы (Гумхурия Миср аль-Арабия).
Аянты – 1 001 570 чарчы чакырым.
Мамлекеттик түзүлүшү – Республика.
Борбор шаары – Каир.
Калкы – 81 миллион 713 миң 520 (2008-жылдын июль айындагы санак боюнча).
Расмий тили – Араб.
Өлкө башчысы – Президент.
Административдик бөлүнүшү – 26 мухафазаттан (облус) турат.
Мыйзам чыгаруучу органы – Бир палаталуу Элдик жыйын.
Дини – Ислам (сунниттер).
Акчасы – Египет фунту.1 египет фунту орто эсеп менен 7-7сом 50 тыйынга барабар.

КЫЗЫЛ ДЕҢИЗ
Кызыл деңиз дүйнө жүзүндөгү эң тунук деңиз болуп саналат. Кыш мезгилинде 100 миңдеген туристтерди да дал ушул деңиз өз кучагына тартып, арбап турат. Анткени анын суусу эң эле жылуу жана туздуу. Кызыл деңизде дагы бир өзгөчөлүк бар. Деңизге бир да дарыя куйбайт. Суусу горизонт менен бирге мелжий көк кашка болуп турганына карабай, аны Кызыл деңиз деп атап койгондорунун да себеби бар. Ал деңиз түбүндөгү кызгылт, кочкул кызыл түстүү өсүмдүктөр жана коралл рифтеринен улам кызыл көрүнгөнүндө.

ЖЫЛ БОЮ БЕЙИШТЕЙ ЖЫЛУУ
Мисирдин курорттору дүйнө жүзүндө туристтер арасында абдан даңазалуу. Анткени бул жерде күн жылуу мээримин төксө, көкирим деңизинин жылуу кучагы дайыма даяр. Шаарлардын ичинен Шарм-эль-Шейх, Хургада, Макади Бей кенен кеп кылууга арзыйт. Мисалы, Луксор сырдуу жана каардуу фараондор жашап кеткен из менен сизди саякатка чакырса, Синай жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан Шарм-эль-Шейх изумруд өңдүү тереңден жылтыраган Кызыл деңизи, алтын кумдуу жээктери менен эч бир адамды көңүлкош калтырбайт.

ӨНӨР ЖАЙЫ
Сауд Арабиясынын деңгээлине жетпесе да, Мисирден экспорттолгон товарлардын сап башында нефти турат. Нефтинин негизги кени Синай жарым аралында жана Суэцк булуңунда жайгашкан. Нефтиден тышкары табият Мисирди жаратылыш газы менен да камсыз кылган. Өлкө “Араб газ түтүгү” аркылуу көгүлтүр отунду Израиль, Иордания, Сирияга экспорттойт.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ
“Фараондордун мекенинде” айыл чарбасы көп маанилүү роль ойнобойт. Нил дарыясынын жээктери гана дыйканчылыкка жарамдуу. Египеттиктер деле биз сыяктуу буудай, жүгөрү, күрүч, пахта, кант кызылчасын жана кант камышын өстүрүшөт.

МИСИРЛИКТЕРДИН МАЙРАМДАРЫ КӨП
Мисир тарыхта эң байыркы, күчтүү өлкө катары калганы менен, 20-кылымдын орто ченине чейин башка өлкөлөрдүн кол астында келди. Андыктан учурда эгемендүү республика болуп саналган өлкөдө 18-июнь – Британиянын кулчулугунан бошонуу күнү деп майрамдалса, 23-сентябрь – Израилди жеңген күн, ал эми 6-октябрь – Суэцк каналынын мисирликтердин колуна өткөн күнү катары белгиленип келет.

АШКАНАСЫ
Мисирликтердин ашканасында эттен жасалган түрдүү-түркүн тамактар көп. Айрыкча этти мангалга, чокко кактап бышырганды жактырышат. Ысык өлкөлөргө мүнөздүү болгон адатты бул жерден да байкоого болот. Мисирликтер да тамактарга калемпирди көп кошушат. Эт, балык менен катар ашканада буурчактын ар кандай түрлөрүн кеңири колдонушат.

ТРАНСПОРТ
Суэцк каналындагы транспорт системасы өлкөнүн экономикасында өзгөчө роль ойнойт. Ошондой эле жалпы автожолдордун узундугу 92 370 чакырымга созулса, темир жолдун узундугу 5063 чакырымга созулат. Кадимки башка өлкөлөрдөй эле, албетте, аба жолдору бар. Мисирдин аймагында жалпысынан 88 аэропорт орун алган.

АЛБЕТТЕ, ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИКТЕР
Мисир байыркы тарыхый эстеликтери менен баалуу, барктуу. Бул өлкөдө кылымдарды карытып бузулбай турган көптөгөн имараттар ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген. Алсак, Гиза пирамидалары, байыркы Мемфис шаарынын калдыктары, Александрия шаары. Кадимки Александр Македонский же бизче айтканда Искендер Зулкайнар негиздеген Александрия шаары тарыхый тизмеде эле калбастан, учурда заманбап шаар болуп гүлдөп турган чагы. Бул жерде байыркы заманда дүйнөдөгү жети кереметтин бирине кирген Александрия маягы болгонун азыр элестетүү кыйын.

ПИРАМИДАЛАР
Гиза шаарына жакын жерде дүйнө элин таң калтырып, суктандырып келе жаткан фараондордун күмбөзү – пирамидалар бүгүнкү күнгө дейре сакталуу. Кудум бул күмбөздөрдү кайтаруу үчүн курулган сымал, пирамидалардын жанында Чоң Сфинкс турат. Бул курулуштар биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын баш ченинде тургузулган. 5-6 баллдык жер титирөөнү көтөрө албай, кечээ курулган тамдар бүгүн кыйрап калчу чакта бул курулуштардын миңдеген жылдар бою урабай сакталып тургандыгы чынында сырдуу.

ЭРКИНДИК СТАТУЯСЫ МИСИРДЕ КУРУЛМАК
Нью-Йорктогу Эркиндиктин Статуясын АКШлыктар эмес, француздар курган. Азыр АКШны ушул символсуз элестетүү да кыйын. Бирок ал эстеликти алгач АКШга эмес, Мисирдин Порт Саид шаарына куруу пландаштырылгандыгын баары биле бербейт. Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Саид портуна курулса, бул статуя Азиянын Жарыгы аталмак. Бирок Мисирдин ошол кездеги жетекчилиги Франциядан конструкцияны алып келип орнотуу абдан кымбатка түшөрүн айтып, эстеликтен баш тартып коюшкан.

Айтор, Мисир тууралуу кеп баштап аягына чыгуу кыйын. Жакшысы, “миң уккандан бир көргөн артык” дегендей, барып көрүп, биротоло эстеп калуу керек.

Рубриканын демөөрчүсү «Kyrgyz Concept» компаниясы. Кыш чилдесинде Египет, Малайзия, Таиланд жана башка өлкөлөрдө эс алгыңыз келеби, анда телефон чалыңыз! Т: 0312 90-32-32

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
chingiz
2010-01-12 10:52:02
Erkindik statuyasy tuuraluu myndai kabardy birin4i jolu ugup jatam, kyzyktuu makala eken.
Azyr bul jakta kunduz kolokodo 28-29 gradus jyluu, kyzyl denizdin temperaturasy 22-23 gradus, suu jypjyluu...
0
chingiz
2010-01-12 10:52:04
Erkindik statuyasy tuuraluu myndai kabardy birin4i jolu ugup jatam, kyzyktuu makala eken.
Azyr bul jakta kunduz kolokodo 28-29 gradus jyluu, kyzyl denizdin temperaturasy 22-23 gradus, suu jypjyluu...
0
alucard
2010-01-17 23:41:58
Эххх Миср... мен азыр ушул жерде окуйм... шаар кооз... калкы начар...
0
star_kg
2012-08-22 11:21:13
Супер инфо сураныч шаарлар жонундо дагы да маалымат берип баргылачы кызыктуу болуп жатат
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан