КАССИРДИ КОРКУТУП, АКЧАСЫН АЛМАКЧЫ БОЛГОН

13-июлда кары-картаӊдардын пенсиясына бериле турчу акчаны каракчылык менен тоноого аракет кылган факт Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда катталды. «Кыргыз почтасынын» Ак-Талаа районундагы филиалынын кассири банктан акча алып келе жатканда ага курал менен кол салуу болгон.

«КУРАЛЫМ БАР БОЛЧУ, КОЛДОНУУГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛДЫМ»
Окуяны «Кыргыз почтасынын» Ак-Талаа районундагы филиалынын кызматкери, кассирдин коштоочусу 57 жаштагы Каныбек Турганов төмөнкүчө баяндап берди:
– 13-июль күнү почтанын кассири, мен жана айдоочу үчөөбүз банкка барганбыз. Ал жактан кассир райондогу пенсияга делген акчаны алып, кайра почтаны көздөй келе жатканбыз. Күндүзгү саат 11 жарым чамасы болчу. Капта кагаз акчалар менен катар тыйындар да бар болгондуктан оор болчу. Ошон үчүн капты мен көтөрүп, унаадан биринчи түштүм. Айдоочу менен кассир машинадан түшүшө элек болчу. Аӊгыча бирөө артымдан «Акчаларды жерге кой дагы, колуӊду көтөр!» деди. Кайрылып карасам, бейтааныш жаш жигит мылтык кезеп туруптур. Бетинде бет кап жок, жалгыз болчу.
Байкашымча, колундагы 28 калибрдүү аӊчылыкка колдонулуучу мылтык экен. Мен унааны айланып качтым. Эгер анын жанында башка бирөөлөр болгондо мен качып бара жатканда келип кол салышат беле дейм да. Почтанын тосмосунан кире бергенде мылтыгы менен мени көздөй атып жиберди. Акча салынган капты көтөргөн боюнча почтанын имаратына кирип кетүүгө үлгүрдүм. Кирсем бутумдан ылдый кан агып баштаптыр. Бутумдун балтырына ок жаӊылганын имараттын ичине киргенде билдим. Башка кызматкерлер акчаны алып, мага жардам көрсөтүп, «Тез жардам» чакырышты. Доктурлар операция жасашып, бутумдун ичинде калып калган бытыраларды алып чыгышты. Бактыма жараша, сөөк жабыркабаптыр.
Менин жанымда уруксаты бар кызматтык куралым бар болчу. Аны алып чыгып каршылык көрсөтүүгө убактым болгон жок. Кылмышкер мылтык кезеп турганда акчаны алып качып кетүү ыӊгайлуураак болду. Кудай буюрса, доктурлар жакынкы күндөрдө үйгө чыгарабыз дешүүдө. Беш жылдан бери ушул кызматты аркалап келем. Бул мөөнөт ичинде мындай окуяга кабылган эмесмин.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮ ТАЛААДАН КАРМАШТЫ»
«Кыргыз почтасынын»
Ак-Талаа райондук филиалынын башчысы Абдысадык Артыков кол салган жаран 25 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну экенин айтат.
– Элге пенсия таратар мезгили келип калган. 13-июлда кассир коштоочусу менен банктан акча алып келгени кеткен. Түшкү саат 11:30дар чамасында эшиктин алдында ызы-чуу болуп калды. Көрсө, кассирди аӊдып жүргөндөр ага кол салып, акчаны тоноого аракет жасашкан экен. Бактыга жараша, кассирдин коштоочусу элдин акчасын шылуундарга бербей алып калды. Жалпы сумма 1 миллион 300 миӊ сом болчу. Кол салган жаран сакчыга ок атканда почтанын айланасындагы кишилер ызы-чуу түшүп, окуяга күбө болгондордун саны көп. Ал мылтык кезеп жанына эч кимди жакындатпай, кайрадан унаасына отуруп качып кетиптир. Аны эртеси күнү кечки саат 7 жарымдар чамасында талаада жашынып жаткан жеринен кармашты.
Менин маалыматым боюнча, колго түшкөн жаран 1990-жылы Ак-Талаа районунда төрөлүп, кийин ата-энеси менен Чүй тарапка көчүп кетишкен экен. Ата-энеси андан кийин Орусияга көчүп кетишиптир. Ал эми колго түшкөн Самат Талантбек уулу Ысык-Көл облусунда туугандарынын колунда чоӊоюптур. Милиция кызматкерлери суракка алганда, ал бирөөгө көп суммадагы акча карыз болгондуктан ушундай жолго барганын айтыптыр.

«ШЕКТҮҮ ОРУСИЯДАН ЖАКЫНДА ЭЛЕ КЕЛГЕН»
Ак-Талаа РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Ашырбаев буларды кошумчалады.
– Кылмышка шектүүнү колго түшүрүү үчүн Нарын ОИИБинин башчысынын орун басары Чолпон Жусубалиев баш болгон бир нече кызматкерлер келишип, шектүүнү колго түшүрдүк. Шектүү Самат Талантбек уулу 14-июль күнү кечки саат 7лер чамасында Ак-Талаанын Кайыӊды-Булак айылына караштуу Кундуз-Булак аймагындагы талаада жашынып жаткан жеринен кармалды. Ал кылмышты моюнуна алып, анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен иш козголду. Шектүү жакында эле Орусиядан келген. Ал 10-класска чейин Баетов айылынын Карасартов атындагы орто мектебинде окуп кеткен. Ак-Талаага айылдагы үйүн сатыкка коюу үчүн келип, акчага муктаждык чыгып калып жогорудагы кылмышка барганын түшүндүрдү.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
maksat2016
2015-07-20 10:37:06
Каракчылык жакшылыка алып барбайтда кудайдан коркой кантип ушул ишке бардын экен аллахым мындай иш кылгандарды кечирбейт мына энди озуно кыйын болду элжуртун алдын уят болдун омур бояу уятка кабылдын
0
esentur8893
2015-07-20 10:52:38
Кылганга жараша грамотно кылыш керек эле да, Оштогу Аэропорттогудай кылып, мага да "чогуу тонойбуз, бир миллиардердин коп суммадагы акчасын" дешсе макул болот элем...
-5
AFFANCULO
2015-07-20 13:22:35
esentur8893,тоно тоно маладес сени да ушинтип жанылыктардан королу!
0
Kroxa
2015-07-20 14:18:49
esentur8893,арам акча уктатабы миллиард тоносонда
+4
esentur8893
2015-07-21 12:51:40
Kroxa,Уктатпайт го, бирок милллион миллиондоп карыялар уйуно, балдар интернатына, ар бир шаарга минифутболное поля салдырып берип анан тынч уктамакмын да, (бирок жон эле ой да)
0
mirana9395
2015-07-21 11:01:55
esentur8893,ии тоба кызыксызго
-1
Rifle
2015-07-23 10:14:28
Бетине бир ок жеп, миллион кучактап жатат белен?
0
Nuranna_93_kg
2015-07-20 14:03:57
Элдин акчасы болчу да ошону учун арам ою ишке ашпай калды.Коштоочу байке айыгып кетсин эртерээк.
+2
sharolli
2015-07-20 14:18:54
Коштоочу ошондо охранасыда э?
Малоч эркееек экен
-2
shiko
2015-07-20 15:26:53
Биздин аткаминерлер элдин акчасын жеп эле жатат.тынч уктап аш болуп
+1
mr.ulan89
2015-07-20 20:56:29
Самат менин класташым жакшы эле бала болчу жоош москвадан келгенине 1 айдай болгон эмне болду экен
+1
nak
2015-07-20 21:17:43
Болору болуптур боесу каныптыр,жанына шерик ээрчитип алып эле шашпай татынакай тартиби менен тонош керек эле акчаны,сабак болду АкТалаанын кассирлерине,бу кунго чейин кассир (такси
)жигулиби москвич болобу тушуп алып эч коркпостон алып келгени айдан ачык акчаны,мындай Саматка окшогон чекис адамдар мындай жолго кантип баргысы келбесин урматтуу мекендештер!
0
elif
2015-07-21 02:57:50
Azamatsız Kanıbek ake,osho pensiya ala turgan karylardyn baari sizge duba kilishsin:) Jakshi jana tez sakayip ketiniz
+2
mirana9395
2015-07-21 11:05:27
Сакайып кетиниз ден соолук сизге
0
madin_
2015-07-21 15:22:25
Акчага муктаж болгон кундо да бул нерсени кылбай еле койбоптур! Еми не дейбиз Алла озу жазасын берсин ошону менен бирге кечиришинда сурап калабыз...
0
Aydina92
2015-07-22 09:35:38
Аллахым баарыбызга ынсап берсин!?
0
anar8672
2015-07-23 11:52:09
Вай тообо кудай сактаптыр
0
rusana
2015-07-23 11:53:54
esentur8893, Ак эмгегин менен озун таппагандан кийин, бироолордун ырыскысын уурдаганга кантип колун барат? Сенин уйунон ууру кирип бар жогунду уурдап кетсе кандай болосун? Грамотно кылыптыр деп кала бересинби?
+1
FSB
2015-07-23 16:12:41
rusana,graMMotno.
0
esentur8893
2015-07-24 10:00:31
rusana Туура, мен ак эмгегим менен табам да, миллиардерлер бар го элдин акчасын жеген, ошолордон уурдап, дейм да... алардын миллион миллионун уурдасан дунуйосу кемибейт да
0
Izdeim_seni.
2015-07-24 18:13:47
Арам оокат ашболбойт,бирде болбосо бирде чыгат бир жеринен.
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан