КООМДО
Хипстер – АКШда 1940-жылдарда пайда болгон термин. «To be hip» деген сөздөн келип чыккан, болжолдуу түрдө «темада болуу» деп которулат. Адегенде бул сөз менен жаз музыкасынын сүйүүчүлөр тобунун өкүлүн аташчу.
Ал эми учурда чет элдик заманбап искусствого, адабиятка, модага, артхаус кинолоруна кызыккан, жетиштүү турмушта жашаган шаардык жаш адамдарды атап жүрүшөт. Айта кетүүчү жагдай, адегенде хипстерлер кайсы бир кызыгууларга, модага, жашоо образына көз карашы башкача жаштардын өкүлдөрү болушкан. Алар азыр АКШда дагы эле бар, керек болсо айрым райондорунда жалаӊ хипстерлер жашашат. Баса, алар өздөрү үчүн жашашат. Максаттары ошондой. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө хипстер – бул модадан калбаган, өзгөчөлөнгүсү келген жаш адам.
КҮНҮМДҮК ЖАШООДО
Пранк – англис тилиндеги «prank» сөзүнөн алынган. «Тентектик, тамаша, шакаба» дегенди түшүндүрөт. Телефон аркылуу тамашага салууну пранк деп аташат. Тамашага салгандарды пранкер деп коюшат. Муну менен олуттуу түрдө алек болгондор бар. Маселен, пранкерлер өзүн ар кандай кылып атап алышкан: хард (телефон менен тамашага салып, адамды сөгүнгөнгө чейин жеткирүү), радиопранк (радио станциялардын телефон номерлерине чалып, алып баруучуларды тамашага салуу) деген сындуу. Эстеп көрсөӊүз, балким, сиз да бир кезде пранк менен алек болсоӊуз керек. Тааныштарыӊызга чалып, тамашага салгансыз да, туурабы? Бирок акыркы кезде пранк телефон аркылуу эле эмес, ар түрдүүчө болуп калды. Интернеттен пранк видео деп издөө салсаӊыз, адамдарды ар кандай кырдаалда тамашага салып, алардын эмоциясын тартып алган видео тасмалар жайнап чыгат.
МАДАНИЯТТА
Тверкинг – бий өнөрүндөгү өзүнчө багыт. Мында жамбаш, курсак, колдор кыймылда болуп, башка мүчөлөр кыймылсыз турушу керек. Көбүнчө айымдар бийлеп жүрүшөт. Тверкингди бути-дэнс деп да коюшат, «жамбаш менен бийлөө» деген мааниде.
Адатта тверкинг же бути-дэнс самба, R&В жана рэп музыкасынын коштоосунда бийленет. Тверкинг бийин сахнада көп учурларда дүйнөлүк жылдыздардын арасынан Шакира, Бейонсе жана Никки Минаж бийлеп келет.
Бий сексуалдуу, ачык маанайда болгондуктан ызы-чуу жаратып койгон учурлары да бар. Мисалы, Орусиянын Оренбург шаарында жергиликтүү бий тобунун «Винни-Пух жана аарылар» деген бийинде тверкингдин элементтери болгондуктан интернетке жайылып, сын пикирлерге кабылган.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg