«Мени таразасына тарткандан коркуп, ээлери түшүрүшпөйт. Ошондуктан курулуш материалдарын саткан базарга барып таразага түшүп келем»,- деген 38 жаштагы Барчынай Эталиева Пиквик синдрому менен жабыркайт. Акыркы жолу апрель айында таразага түшкөндө 221 килограмм чыккан.
ПИКВИК СИНДРОМУ
Пиквик синдрому – бул альвеолярдык гиповентиляция (толук кандуу бир калыпта дем ала албоо) менен коштолгон семиздик. Уйку апноэсинин (дем алуу кыймылынын токтоп калышы) кичине тибине кирет. Пиквик дартынын болжолдуу түрдө келип чыгышын адистер тукум куучулук, кош бойлуу учур жана төрөттөн кийинки абал, нерв системинин катуу чыңалуусу, травма жана жугуштуу оорулар деп белгилешет.
«ТУРМУШУМ ИЙГИЛИКСИЗ БОЛДУ»
Барчынай айымдын абалы тууралуу угуп ага байланышсам, үйүнө чакырды. Чындыгында, мен аны мынчалык толук деп элестеткен эмесмин. Оорусуна байланыштуу ал сүйлөп жатып эле отурган жеринде уктап кала берет экен. Биздин маек бүткөнчө бул бир нече ирет кайталанды.
– Мен мурда аябай арык болчумун деп айтпайм. Студент кезде, окууну бүтүп иштеп жүргөн чагымда деле боюм узун, салмагым 80 килограмм болчу. Иним жана агам бар, бир үйдүн жалгыз кызымын. Үйдөгүлөр эркелетип чоңойтушту. Апамдын каршылыгына карабай өзүмдөн улуу адамга турмушка чыгып алдым. Жаш кезде «турмушка чыккандан кийин балдарды төрөп үйдө жатканда эч нерседен кем кылбай бага турган адамга турмушка чыгам» деп көп айтчумун. Балээниби?! Жолдошум мен ойлогондой болуп чыккан жок.
«СТРЕСС СЕМИРҮҮГӨ АЛЫП КЕЛДИ»
– 2007-жылы апамдан айрылып калдым. 2009-жылы көз жардым. Бул учурда жолдошум экөөбүздүн да мамилебиз солгундап калган. Үй-бүлөлүк маселе, ажырашуу, апамдан айрылуу, баланын түйшүгү, мунун баары мага сокку болуп чүнчүп кеттим. Семирүү маселеси ушул мезгилден башталды десем болот. Күндөн күнгө салмак кошуп толо баштадым. Азыр мен өзүмдү бир өсүмдүктөй сезем. Эртең менен туруп күндүн чыкканын карайм. Күн өткөн сайын өсүмдүк сыяктуу менин салмагым да өсүп барат. Убактым дээрлик 4 дубалдын ичинде өтөт. Мурун кызымды өзүм бала бакчага алып барчумун. Бир күнү кызымдан бир кичинекей бала «сенин апаң эмне мынча чоң?» деп сураса, кызым «ал азыр ооруп жатат. айыкса арыктап, кичирейет» деп актанып коёт. Сай сөөгүмдүн сыздаганын сурабаңыз. Ошондон кийин кызымды өзүм алып барбай, кошуналардан жеткирип коюшун суранып калдым.
«КӨЧӨДӨН БААРЫ МЕНИ КАРАШАТ»
– Көчөдөн мени улуу-кичүү, жаш-карынын баары карайт. «Карасаң, кандай килейген аял», «Мына бул аялдын семирип алганын карасаң, эй» деп кобуранып өтүшөт. Алар менин оорудан улам толуп кеткенимди билишмек беле? Бир жолу элге аралашайын деп чыгып, жумуштарым менен коомдук транспортко түшүүгө туура келди. Аңгыча алдыдагы эки орундукта улгайган эки аял отурган экен. Мен киргенде кыргызча түшүнбөйт деп ойлошту окшойт, «эми бул батпайт» деп бир топ нерселерди сүйлөп калышты. Мен кыйналып жатып бир кишилик орундукка отуруп, «батам» деп койсом, унчукпай эле отуруп калышты. Адамдар эмнеге абалы начар, жардамга муктаж, коргоочусу жок, алы жок адамдарга үстөмдүк кылып, ого бетер басмырлашат? Ушундай адамдардан улам мен дагы 4 дубалдын ичине камалып калдым.
Акыркы эки жылдан бери кант диабети менен да жабыркап келем. Эндокринолог тамакты мүнөздөп жешим керектигин айтат. Бирок мынча көлөмдүү организмди жетиштүү азык менен камсыз кылып турбасам, кыйналып кетем.
«ЭЛ-ЖУРТТАН БАШКА ИШЕНЕРИМ ЖОК»
– Күнүмдүк тамак рационум кадимки нан, камыр тамактар, колдо болгон азыктар. Мамлекеттен алган 2000 сом пенсиям бар. Башка киреше булагым болбогондуктан азык-түлүк, тамак-аштын баарына эл жардам берип жатат. Элден айланса болот. Өткөндө пенсионер аял алган пенсиясынан бир аз акча көтөрүп алып келиптир. «Албайм» десем караманча тырышып болбой таштап кетти. Жапжаш туруп кары-картаң адамдардын жардамына муктаж болуп калганыма боздоп ыйладым.
Өзүбүздүн дарыгерлер алдымдагы май баштыкчасын алып салса болорун, бирок андан аркысына кепилдик бере алышпасын айтышты. 20 миң АКШ доллары болсо чет өлкөдөн операция жасап, ашказандын жартысын алып салышат экен. Азыр мен жалпы элден, колунда бар ишкерлерден, өкмөттөн жардам суроого аргасызмын. 1 сомдон болсо да чогултуп, мага жардам берген боорукер адамдар чыгат деген ишеничтемин. Айыгып, ашыкча салмагымдан арылып алсам иштеп, кайра кайтарып бергенге макулмун. Мен дагы бактылуу энелерге окшоп, кызымды жетелеп сейил бактарда, көчөдө сейилдегим келет. Мен жок болсом кызымдын багар-көрөрү жок калат. Себеби апам каза болгондон кийин бир туугандарым менден жүз үйрүп кетишкен.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg