ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-июлдан 26-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада ишке берилип, жаӊы ийгилик жаратам деген ураан менен жашайсыз. Бул учурда жакындарыӊызды унутта калтырбаӊыз. Канчалык аракет кылсаӊыз да айрым аракеттериӊиз купулга толбой, жетекчиӊиз нааразы болушу мүмкүн. Капа болбоӊуз, акыры баары бир жеӊишке жетишесиз. Стресстерди алдын алуу үчүн досторуӊуз менен жолуксаӊыз болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта сиз үчүн кызыктуу өтөт. Бирде ийгилик жылмайса, бирде кылганыӊыздын акыбети кайтпай калышы мүмкүн. Акча жаатынан маселе чыгып, анын чечилишине досторуӊуз көмөкчү болушат. Бирок так эсептешип гана карыз албасаӊыз, кийин өкүнүп калышыӊыз ыктымал. Апта аягында сүйүктүүӊүз менен сейилге чыкканыӊыз туура. Күтүүсүз белекке ээ болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизге эмгек жана эмгек деген ураан туура келет. Жалкоолукка жол бербеӊиз. Келерки апта сиз үчүн сыноолорун аябайт. Кандай иш болбосун аягына чейин чыгарыӊыз. Туугандарыӊыз жемелесе да, көӊүлдөрүн калтырбаганга аракет кылыӊыз. Жеке жашоодо мамилелер суушу ыктымал, дипломатиялык мамиле менен абалдан чыгып кете аласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жолдо жүргөндө абайлаӊыз. Ишиӊизде жоопкерчилик жана тактык талап кылынат. Апта аягында убактыӊызды өзүӊүзгө же кайрымдуулук иштерге жумшаганыӊыз жакшы. Жакын адамдарыӊыздын көӊүлүн оорутуп алгандан сак болуӊуз, арты жакшылыкка алып келбейт. Ден соолугуӊузга да көӊүл бурууну унутпаӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сизге тиешеси болбогон ишке баш оорутпаганыӊыз оӊ. Айрыкча бул туугандар ортосундагы мамилеге байланыштуу. Жакындарыӊызды сюрприздер менен кубантам десеӊиз, баары ойдогудай болоруна ишенип, ишке өтүӊүз. Юридикалык жактан кандайдыр бир маселелер чыгышы күтүлөт, даяр болуӊуз. Башкалардын пикирин да угуп көрүӊүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иликтөө иштерине, анализ чыгарууга ыӊгайлуу апта. Финансы жактан бир аз маселелер чыгат. Иш билгендердин же сизден улуу адамдардын кеӊешине кулак салуу пайдалуу. Аптада бойдоктор экинчи жарымын жолуктуруп, тагдырыӊыз чечилиши да мүмкүн. Ден соолугуӊузду жакшылап караӊыз жана табият коюнунда эс алганыӊыз сиз үчүн пайдалуу.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ашыкча эмоция сизге зыян алып келет, андыктан токтоо болуп, абалды үстүртөн караганга аракет кылыӊыз. Жакшылап ойлонулган кадамдар гана сизди жаӊылыштыктан сактап калат. Апта аягында чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болушу ыктымал. Ошондой эле ачык абада жакын адамдарыӊыз менен баарлашуу сизге көп энергия тартуулайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиздер үчүн бактылуу учур. Бардык иштер ийгиликтүү бүтүп, жыйынтыгы катуу кубандырат. Финансылык жактан стабилдүүлүк орнойт. Үй-бүлөӊүз да сизге колдоо көрсөтөт. Бирок жылдыздар сизге кимдир бирөөнүн мактоосунан таасирленип кетпешиӊизди эскертишет. Кандай учур болсо да акыл калчап иш кылыӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди түйшүккө салган маселе өзүнөн-өзү чечилет. Аптанын башы чуулуу башталганы менен, сиз үчүн ийгиликтүү өтөт. Ишембиде жагымдуу жаӊылыкка ээ болосуз. Бул күндөрү акчага байланышкан иштерди жыйыштыра турганыӊыз оӊ. Карыз бербей, албай туруӊуз, болбосо чыгым болуп калууӊуз мүмкүн. Көрө албастыкка күбө болушуӊуз күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кайчы пикирлерге, сынга кабылбайын десеӊиз, пикир келишпеген адамдар менен талашуудан качыӊыз. Бул сизге пайда алып келбейт. Жаӊы иш баштоону пландасаӊыз, аны кийинкиге жылдыра турганыӊыз оӊ. Жекшембиде электр буюмдарын колдоном деп кырсыкка, жаракатка кабылуу коркунучу жогору экенин эске алыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жеке жашоону жакшы жакка өзгөртө турган жагдай түзүлөт. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаӊыз. Документтерге кол коюудан мурда анда жазылгандар менен таанышып чыгуу кажет. Болбосо бир ишке кириптер болуп калышыӊыз мүмкүн. Маанилүү ишти жакындарыӊыз менен чогуу бүтүрүӊүз, алардын пикири да сизге чоӊ жардам берет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көжөлүп кабыл алган маанилүү чечимден баш тартпайм деп жатып көп адамга жаман көрүнүп албаӊыз. Кимдир бирөө менен чырдашып кетүүӊүз ыктымал, андыктан ачууну ооздуктоого туура келет. Жакын адамыӊыз тууралуу ушактарды да жеткизишет, көз менен көрбөгөн нерсеге ишенбөө сунушталат. Эс алуу үчүн табият коюнуна чыксаӊыз, күчтүү энергияга ээ болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан