БИР БҮРКҮМ

  • Жогорку окуу жайларга АБИТУРИЕНТТЕРДИ кабыл алуунун 1-туру аяктап, гранттык орундарга 2441 абитуриент кабыл алынды. Муну менен гранттык орундардын 47 пайызы толгону айтылды.
  • Нарын облусунун ИИБинин башчысы Орозбек Молдосариевдин айтымында, аталган дубанда МАИчилердин бир эле РАДАРЫ бар.
  • Өлкөдөгү аялдардын 34 пайызы, эркектердин 50 пайызы күйөөсү аялына КОЛ КӨТӨРҮҮГӨ укугу бар деп эсептешет. Мындай жыйынтык медициналык-демографиялык изилдөөдө белгилүү болду.
  • Бишкек шаарында 2015-жылдын башынан бери 42 объекттин КУРУЛУШУ токтоду. Анын 22си каражаттын жоктугунан улам ишин уланта албай жатат.
  • Кыргызстан боюнча 6 ай ичинде Жол-кайгуул кызматкерлери мас абалында унаа башкарып бара жаткан 7 миӊден ашуун АЙДООЧУНУ токтоткон.
  • Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, эксперттик комиссия 2015-жылдын 15-сентябрына чейин КУМТӨР кениндеги мөӊгүлөрдү изилдешет.
  • Бишкек шаарындагы «ОШ БАЗАРЫНЫН» тегерегинде 21 менчик клиника уруксат документтери жок иш алып барышат. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.
  • БАКТЫБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Буга чейин ал Ысык-Ата районунун акими болуп иштеп келген.
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Кой-Таш жолун 7 метрге чейин кеӊейтүү боюнча курулуш иштерин баштады.
  • "Ата Мекен" партиясы АРТУР МЕДЕТБЕКОВ лидерлик кылган Элдик-демократиялык партиясы менен кызматташуу тууралуу документке кол койду.
  • Бишкек-Ош багыты боюнча жүргүнчүлөргө 5 авиакомпания кызмат көрсөтөт. Билеттердин баасынын тарифин да өз алдынча авиакомпаниялар түзүшөт.
  • Ишкерлер союзунун мүчөсү Вадим Шахрайдын айтымында, ЭЛИТАЛЫК турак жайлардагы 1 чарчы метрден түшкөн киреше 300 доллардан 600 долларга чейин барат.
  • Бишкек шаарында 14-15-июль күндөрү абанын температурасынын ысыктыгы боюнча РЕКОРД катталды. 14-июлда күн 39,30сга чейин ысып, 15-июлда абанын температурасы 40,10сга дейре көтөрүлдү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан