АКШнын Мамлекеттик департаменти Июнь окуясында этностор аралык каршылыкты козутуп, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн өлтүрүүгө катыштыгы бар деп күнөөлөнүп Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго «Адам укуктарын коргоочу» деген сыйлык берип күтүүсүз кадамга барды. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогорудагы чечимге каршылык билдирүү менен, АКШны Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө жана суверенитет принциптерин өз ара сыйлоого чакырды.
«Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгы АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан узак убакытта жана өлкө тарабынан репрессивдүү ченемдик шартында адам укуктарын коргоо ишинде каармандуу эмгегин жана лидерлик сапатын көрсөткөн уюмдарга же адамдарга берилет.
Азимжан Аскаровдун жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге кандайча туура келери көп суроолорду жаратууда. 2010-жылы июнь айындагы этностор аралык кагылышуудагы анын иш-аракеттерин укук коргоочу жана тынчтык орнотуучу деп баалоого болбойт. Ал Кыргыз Республикасында адам өлтүрүүдө катышкан жана 2010-жылы июнда өлкөнүн түштүк тарабында этностор аралык кармашууга активдүү катышуучу катары кабыл алынат. Кыргыз Республикасы Азимжан Аскаровду мындай жогору сыйлык менен сыйлоо биздин өлкөдө этностор аралык тынчтыкты бекемдөөгө каршы багытталган атайын иш аракет деп баалайт»,- деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Тышкы иштер министрлиги сыйлыктын Азимжан Аскаровго Жогорку Соттун чечими чыккандан 4 жыл өткөндөн кийин берилүүсүн "Манас" аэропортунан АКШнын Транзиттик борборунун чыгарылышы жана Ричард Майлздын АКШнын кыргыз жериндеги убактылуу өкүлү болуп дайындалышы менен байланыштырат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg