ДЕПУТАТ КОРКМАЗОВ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛИП КАМАККА АЛЫНДЫ

Жайкы каникулга тарашкан Жогорку Кеӊештин депутаттарынын көпчүлүгү мээ кайнаткан ысыкта эс алуунун ордуна күзүндө өтчү шайлоого кызуу даярдык көрүп жүрүшөт. Бул аралыкта дагы бир эл өкүлү пара алууга шектелип кармалды. Ал парламенттин 5 жолку чакырылышына шайланып келген Хажимурат Коркмазов.

ТҮЛЕЕВДИ КУТКАРАМ ДЕП КОРКМАЗОВ ТУТУЛДУБУ?
15-июль күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратура менен Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовду учурда абакта жаткан Бишкек шаарынын экс-мэри, мурдагы эл өкүлү Нариман Түлеевдин туугандарынан 100 миӊ доллар пара алып жаткан жеринен кармашты. «Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун Жогорку Сотто кылмыш ишти кароодо маселени оӊ чечип берүүгө жардам көрсөтүү үчүн экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан 200 миӊ доллар пара талап кылганы аныкталды»,- деп билдирди УКМК. Тергөө иш-чараларынын негизинде кармалган Хажимурат Коркмазовго карата ошол эле күнү «коррупция», «опузалап пара талап кылуу», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.
Чоӊ чиновниктердин пара алып кармалышы кийинки күндөрү көндүм адатка айланган үчүнбү, айтор, коомчулук бул окуяны кадимки күнүмдүк окуялардай эле кабыл алып жаткан. Бирок ортодон чыга калган ушак кеп Коркмазовдун кармалышы боюнча талкуу толкунун жаратты.

НАРЫМБАЕВ «МЕНИН ТИЕШЕМ ЖОК» ДЕЙТ
Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун кармалгандыгы тууралуу маалымат менен катар бул ишке Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин да тиешеси бар экендиги тууралуу кептер тарады. 24.kg маалымат агенттигинин өз булактарына таянып жазганына караганда, Коркмазов бул окуяда ортомчулук кылып жаткан.
Ушул эле күнү Данияр Нарымбаев журналисттер менен жолугушуп: "Хажимурат Коркмазов менен мамилебиз жакшы, көп жылдардан бери таанышпыз. 3 ай мурун Коркмазовдун өтүнүчүн угуп, Түлеевдин кызы менен жолугушкам. Ал соттун чечимине нааразы экенин айтып, мен ага Жогорку Сотко кайрылышы керектигин жооп кылгам. 2 айдан кийин кайра эле Коркмазовдун өтүнүчүнөн улам Түлеевдин кызы менен экинчи ирет жолугушуп сүйлөштүк. Анда Нариман Түлеевдин конфискациялана турган мүлктөрү тууралуу сөз болгон. Туугандарынын айтымдарына караганда, тартып алына турган мүлктөрдүн арасында Нариман Түлеевге караштуу эместери да көп. Мен аларга сотко арыз менен кайрылгыла деп айттым. Акыркы жолу 4 күн мурун Коркмазов Түлеевдин кызы менен дагы жолугушуумду суранган, бирок мен баш тарткам",- деп билдирди.
Эртеси, 16-июль күнү, Данияр Нарымбаев Хажимурат Коркмазовго карата козголгон кылмыш иши иликтенген убактысы ичинде ээлеген кызмат ордунан четтетүү тууралуу арызы менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ошол эле күнү Нарымбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. 

КОРКМАЗОВ ӨЗҮ КИМ?
Коркмазов активдүү депутаттардын катарын толуктабаса да, ал 5 жолку чакырылыштын эл өкүлү. Кесиби боюнча юрист. 1981-1994-жылдары укук тартиби органдарында иштеген. 1995-жылдан тарта депутаттык креслодо, бул аралыкта парламентте Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетин да жетектеген жайы бар.
Хажимурат Коркмазов 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын катарында шайланып келген. Эске салсак, Нариман Түлеев дагы ушул фракциянын өкүлү болчу жана ал 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда анын иши Жогорку Сотто каралып жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ajar.
2015-07-20 11:54:43
Тили буруулар жакшылык кылбай калышты го деги.Буларды канатыбызга калкалап жүрсөк, сөзсүз бир нерсе кылышат да, жанды кашайтып.
0
Oi_pikir
2015-07-21 09:17:56
Азиз Батукаевди чоң акча алып бошотуп ийишти деген шек түптүз барып Шамиль Атахановго тийген эле. Эми Коркмазов. Улуттарга жиктөө туура эмес иш. Бирок экөө тең карачайлар экени таң калтырды мени.
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан