Жоомарт Оторбаев, экс-премьер-министр: «АТА-ЭНЕМ БИР ДА ЖОЛУ ЖАЗАЛАБАГАН БАЛАМЫН»

Аткаминерлердин арасында жөнөкөйлүк – чанда кезигүүчү сапаттардын бири. Жоомарт Оторбаевди ушундай жөнөкөйлүгү жана кичипейилдиги үчүн чиновниктердин арасында чоочун адам деп атоого болот. Маек алмакчы болгонубузду уккан экс-премьер коштоочу, жардамчысы жок эле кеӊсебизге баш бакты. Баарлашуу алыста калган балалык күндөр тууралуу болду.

«ИЛИМПОЗДОРДУН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ЧОӉОЙДУМ»
– Ата-энем жаштайынан оор турмушту баштарынан өткөрүүгө мажбур болушкан экен. Анын жөнү мындай: экөөнүн теӊ үй-бүлөсү саясий куугунтуктун азабын тартышкан. Атамдын эжеси Акима Оторбаеванын жолдошу Токчоро Жолдошов 1935-жылы «эл душманы» деп айыпталып, атылып өлтүрүлгөн. Ал убагында Кыргызстандын биринчи эл агартуу комиссары болуп турган. Таятам болсо бай-манаптын тукуму катары үй-бүлөсү менен Оренбургга сүргүнгө айдалган. Мунун баарын айтып отурганымдын себеби ата-энем бутуна туруп алганга чейин бир топ эле кыйынчылыкты өткөрүшүптүр. Ошонун таасириненби, эмгекчил жана тырышчаак болушуп, окууда да, кызматта да эӊ алдыда болууга умтулушканын айтып калышчу. Керек болсо жогорку окуу жайга өтөрдө да атам менен апама «сынактан алган бааӊар жалаӊ «5» болбосо өтпөйсүӊөр, анткени силер «эл душманы» чыккан үй-бүлөдөн болосуӊар» деген шарт коюлган экен. Аларга орто ченде калып калуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес, ата-энемдин дайыма эӊ жакшы баа алуудан башка жолу жок болчу. Канчалык тоскоолдуктар болбосун, канчалык начар мамиле жасалбасын, анын баарын экөө теӊ өз аракеттери менен жеӊип чыгышкан. Жыйынтыгында атам Кайып Оторбаев география илиминин, апам Мария Нанаева медицина илиминин доктору болду. Мен төрөлгөндө эле атам да, апам да илимдин кандидаты болушкан. Мен илимпоздордун үй-бүлөсүндө чоӊойдум.

«АТАКТУУ АДАМДАР БИЗДИН КАДИМКИ КОНОКТОРУБУЗ ЭЛЕ»
– Кичинемден оорукчан бала болдум. Демим кыстыгып, бронх астмасы кыйначу. Атам менен апам үстүмө үйрүлүп түшүп, мени ошол дарттан айыктыруунун машакаты менен убара болуп жүрүшчү эле. Бир жолкусунда мага кальций жетишпейт дешкенинен бор жедирткен күндөр да өткөн. Өзүм болсо балалыгымдан китеп окууга аябай кызыктым. Үйүбүзгө кечке маал ата-энем менен катышкан адамдар көп келишчү, столдун бир четинде алардын сөзүн угуп отурганды жактырчумун.
Биздикинде кимдер гана конок болушпады?.. Композиторлор Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Абдылас Малдыбаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Семён Чуйков, илимпоз Муса Адышев, филология илимдеринин доктору Болот Юнусалиев, акын Абдрасул Токтомушев, жазуучу Аалы Токомбаев... Деги эле ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын чөйрөсү тар болчу. Саналуу адамдар гана болгондуктан, бири-биринин үйүнө алдын-ала эскертпестен эле кечинде конокко барып калышчу. Белгилүү хирург Иса Коноевич Ахунбаев менен жубайы ата-энемден улуу болушса да, достук катышта болушту. Ушундай чыгаан адамдарды көрүп, алардын кептерине кулак салганым да жашоомо из калтырса керек.

«ФИЗИК, МАТЕМАТИК ЖАНА ХИМИКТЕРДИ АКЫЛДУУ ДЕП ЭСЕПТЕЧҮМҮН»
– Балалыгымда эле ата-энемдин таасириненби, мен дагы илимпоз болом дечүмүн.
1-класска Фрунзе шаарынын №2-мектебине баргам. Ал кезде борбордо 60 мектеп болсо, анын экөө гана кыргыз мектеп болчу. Класстын 80-90 пайызы орус балдар, 10
классты 3 эле кыргыз бала бүткөнбүз.
7-класста окуп жаткан кезим. Бир күнү атамдын жанына барып, «мен кайсы жакка барып окуюн?» деп сурадым. Ал мага «кай жакка барып окууну өзүӊ чеч. Бирок сөзсүз дайыма акылдуу адамдардын арасында болушуӊ керек» деп айтты. Ойлонуп-ойлонуп, эӊ атактуу илимпоздор физика, математика жана химиядан чыгарын аӊдап, ушул сабактарды берилүү менен окуп баштадым. Анын үстүнө, ошол учурда АКШ менен Советтер Союзунун ортосунда жарыша куралдануу тиреши бар болчу. Тандоодон өткөн эӊ таланттуу балдарды 14 жаштан баштап атайын физика-математика багытында окуткан мектептерге алышчу. Мен да өзүмдү ушул багытка даярдоого киришип, жаш техниктердин станциясына барып жүрдүм.

«БИЗДИ ЯПОН ЫКМАСЫ МЕНЕН ТАРБИЯЛАШКАН СЫЯКТУУ»
– Кичинемде көбүрөөк эжемдин колунда өстүм. Атам менен апам эртеден кечке чейин жумушта, кийинчерээк докторлугун жактап жүрүштү. Алардын «тигини кыл, муну жасаба» деп айткандары деле эсимде жок. Ата-энем өздөрүнүн жашоо-турмушу, жүрүм-туруму менен эле балдарына үлгү болуп, ошону менен тарбия беришкен экен. Менден үч жаш кичүү иним Чагатай экөөбүз деле тентектик кылчу эмеспиз. Ал азыр Медициналык академияда иштейт. Бизди япон ыкмасына салып тарбиялашкан сыяктуу. Мен да балдарымды ушинтип тарбияладым. Аларга канча лекция окуба, ата-эненин жүрүм-туруму туура эмес болсо, какшап айткан акыл кептери балдарына жукпайт. Мен ата-энем бир да жолу жазалабаган баламын.

«АЛГАН БААЛАРЫМ МЕНЕН АТА-ЭНЕМДИ СҮЙҮНТКҮМ КЕЛЧҮ»
– Сабактан тышкары 3 жылдай жеӊил атлетика менен машыгып, Кыргызстандын улуттук курама командасы менен оюндарга катышып жүрдүм. Атам жашында белгилүү футболчу болгон. Мен дагы футбол ойногонду жакшы көрөм. Кичинемде атамдын мага топ белек кылганы эсимде калыптыр. Аябай кубангам. Мектепте «ботаник» да эмес, ашыккан тентек да эмес, ортодогу окуучулардын катарында элем. «3» алчу эмесмин, гуманитардык сабактардан «4», ал эми так илимдер боюнча жалаӊ «5» деген баага окудум.
Бирок алгачкы жолу 1-класста алган баам «2» болгон. Жазуудан алгам. Ата-энемдин бир жакшы жагы – өмүрү дептер менен күндөлүктү текшеришчү эмес. «Менин балам жакшы окуйт» деп айтышчу жана бизге ишеним артышар эле.
Мектептен алган «4» жана «5» деген бааларымды үйдөгүлөргө көрсөтүүгө ашыкчумун. Ошол адатым азыркыга чейин бар. Иштесем, иштен чыгарган жакшы жыйынтыкты, кандидаттык диссертация жазсам, анын натыйжасын ата-энеме алып келип көрсөтүүгө жана аларды ошолор менен кубантууга аракет кылып жашап келем. Мына, атам быйыл кайтыш болуп кеткенге чейин ушунумдан жазган жокмун. Ата-энеме жашоомдогу жагымдуу жаӊылыктарды айтып баруу жакшы жөрөлгөгө айланып калды.

"Ата-энем өздөрүнүн жашоо-турмушу, жүрүм-туруму менен эле балдарына үлгү болуп, ошону менен тарбия беришкен экен".

"Мен да балдарымды ата-энемдин ыгына салып тарбияладым. Ата-эненин жүрүм-туруму туура эмес болсо, какшап айткан акыл кептери балдарына жукпайт".

"Атам жашында белгилүү футболчу болгон, мен да бул оюнду жактырам".

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
hairullo
2015-07-27 12:32:43
Кыргызстанды ХХХ ХХХ да Эл бир да ХХХХ ХХХХ баласыз. Жооп бере ХХХ ХХХ ХХХ.
-3
admin_superstan
2015-07-27 12:51:05
hairullo, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
+1
Alymkan.
2015-07-27 12:37:01
Жакшы киши)) менда жонокойлугун баалайм
+3
Karagat98
2015-07-27 13:39:46
Ushu adamdyn jonokoilugu jana akylduulugu soonunda.Jalgyz,ele ozunun baldaryna emes butundoi jashtarga ulgu bolorluk insan.
+2
ggvatua
2015-07-27 14:44:58
Жонокой киши экен негизгиси.Ушундайлар кобуроок болсо
+3
dubai
2015-07-31 03:13:18
абдан жакшы адам..ото интеллигенттердин уй-булосунон чыккангабы абдан сылык мунозу жумшак..бул кишинин апасы Нанаева Мария Токтогуловнаны ар бир медик билээрине кумонум жок,абдан катаал КГМАны титиретип турчу,паракорлук менен курошуп,сабак билбеген студентти айдап окуудан чыгарыпасалчу,анын сабагы 3-курста отулгон учун "учту бутуп,Нанаевадан откон сон гана студентсин"деген фраза бар медиктерде,ал эми атасы Кайып Оторбаев абдан билимдуу,улуу инсан болгон,автобиограф-й китеби абдан кызык жазылган.
+3
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан