МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Карыпбек кимдир бирөөнүн элесин көргөндөй дирт дей түштү. "Тобо, ушунчалык да окшоштук болобу? Айгүлдүн өзү го" деди дирилдеген жүрөгү. Жазы маӊдайы, ак саргыл жүзү, уяӊ, мээрим менен караган бакыраӊ көздөрү да өзү болчу. Айгүл экөө үйлөнүп, тун баласын күтүп жатканда дал ушул куракта болчу. Андан бери эчен жыл өттү.
Карыпбек Турсун апанын колунан сүрөттү алып, көпкө тиктеп турду. Өӊү кубарып, эчак өлгөн жубайы тирилип келип маӊдайында тургандай апкаарып кетти. Бир аздан соӊ өзүнө келди да, Турсун апага отуруӊуз дегендей жаӊсап койду.
– Мен ишти түшүнбөй турам, мага окуянын кандай болгонун башынан айтып бериӊизчи.
– Адел – жалгыз уулумдан калган жалгыз кыз. Ал кичине кезинде эле уулум келинчеги экөө жол кырсыгына учурап каза болушкан. Неберемди жалгыз чоӊойттум. Бир аз күн мурун «Караколдогу таежемдикине барып келейин» деп суранганынан көӊүлчөөк жаным макул деп койгон элем, анын кайын сиӊдиси азгырып бир кечеге алып барган экен. Ошол жерден кыз талаш болуп уруша кетишип, белгисиз бирөө бир жигитти сайып салыптыр. Окуя болгон учурда баары жабыла качып кетишип, жаштык кылып менин кызым эле калыптыр. Адел «бир жигит колума канга малынган бычакты кармата салып, терезеден ыргып түшүп качып кетти» дейт. Милиция кызматкерлери чыныгы күнөөкөрдү издебей, чымчыктай алсыз менин кызымды кармап калып кууратып жатышат. Соту деле адилет болоруна ишенбейм, мага «күчтүү адвокат гана алып чыга алат» деп айтышты. Ошентип сага келдим, балам. Колуӊдан келген жардамыӊды аяба.
– Эже, мен азыр сизге ушул ишти колго алам деп айта албайм. Жакын арада Караколго барам, ошол жерден жолугуп сүйлөшөлү. Так жообун ошондо берейин.
Турсун апа жолдо катар үмүт кылып келген эле. Башы шылкыя түштү. «Аа, кокуй, бул деле эптеп мени узатып жибергени жатат окшойт. Эми эмне кылам?» деп санаасы сапырыла түштү.
Апа эшиктен чыгып кетери менен Карыпбек Караколдогу тааныштарына чалып, бул иштин чоо-жайын сурады. Кыраакы жан көп жылдык иш тажрыйбасынан улам кыз чын эле ак жерден караланып жатканын түшүндү.
– Мен жакынкы үч күндө шаарда болбойм. Бардык жолугушууларды кийинки убакка жылдыр,- деди катчы кызга чыгып бара жатып.

ххх

Адел уйку көрбөй, киртийген көздөрүн балбылдата отурду, бир маалда бурчта отурган аял акырын жанына басып келип:
– Кызым, курсагыӊ ачкандыр, жанатан бери кыймылдабай отурасыӊ. Минте берсеӊ өзүӊө эле жаман. Кел, андан көрө чай кой, тамак ичели,- деди.
– Макул.
Бул жакка келгени биринчи жолу мээримдүү үндү уккан Адел ордунан туруп чай койгону жөнөдү.
Бул камерада төрт аял жатчу. Бири уурулук менен түшкөн корулдаган жоон үндүү аял, экинчиси азыркы мээрим көздүү аял, үчүнчүсү 28 жаштардагы Наргиз аттуу кыз болчу. Адел менен тиги аял биринчи жолу бул жайга туш келишсе, тигилер бул жайдын эшигин тытып бүткөндөр эле.
Адел апасы алып келген нерселерден алып чыгып чай даярдай баштады эле, Наргиз ордунан тура калып колундагы баштыкты жулуп алды.
– Эй, араӊ жан неме, алып кел алдагыларды! Силер жөн эле чай ичсеӊер деле болот.
– Бериӊиз, аны апам алып келген.
– Мага демектен чоӊ атаӊ алып келсин!
Диӊкилдеген чоӊ неме Аделдин чырылдаганын чымын чаккандай көргөн жок. Сөзгө корулдаган семиз аял да аралашып калды.
– Бул жер атаӊдын төрү эмес, улууларды угуп акырын жүрбөсөӊ, балээге каласыӊ. Наргиздин жинине тийсеӊ башканы кой, апаӊ сени тааныбай калат. Кыӊк десеӊ керектүү
кишилерге салып берет, алдагы сулуу жүзүӊдөн эч нерсе калбайт.
Адел буга чейин дүйнөнү өз дүйнөсүндөй таза, аруу көрүп жүргөн. Өзү билбеген жапайы, караӊгы, алдуусу алсызын кордогон аалам бар экенинен күмөн санабаптыр. Айласы куруп, көзүнө жаш тегеренди. Жаш жүрөгү майтарылып эзилип турду.
– Кел, кызым, ал акмактарга теӊелбе. Нан менен деле чай ичебиз,- деди тиги аял саамайынан сылап. Жеӊи менен көз жашын аарчыган Адел столго жакындай берди. Карандай чай ичип отурушуп экөө сүйлөшө башташты.
– Сиз эмнеге отурасыз?- деди кыз.
– Тагдыр экен, кызым. Менин сени менен теӊ кызым бар. Андан кийинкилери уулдар. Байкуштарым эмне кылып жатышты экен?
– Атасы кайда?
Тиги аял ойго чөгө түштү.
– Алардын атасын мен өлтүрдүм,- деди акырын гана.
Адел чочуп кетти. Эми эле ушу аялга ыктап турган жаны алдынан өлүм чыккандай сестенди.
– Коркпо, мен деле ушуга барам деп ойлогон эмесмин. Каргашалуу түнү жаным ачып кеткенде бычак менен сайып салдым. «Мени ушунчалыкка жеткирбе» деп эчен жолу айткам. Жок, такыр болбоду. Же мага, же балдарга тынчтык бербей, ичип алган күнү баарыбызды сыртка кууп чыкчу. Андан да жаманы – кийинки күндөрү кызыма да кол көтөрө баштады. Мен анын таягын өмүр бою көтөрүп жашап келдим, эми кызым калыптырбы?
Бир күнү жумуштан чарчап келсем үй бек, балдарым чырылдап сарай тарапты көрсөтүшөт. Чуркап барсам кызымды сарайга камап алып кызылдай союп жатыптыр. Кызымдын болгон күнөөсү – көчөдө бир жигит менен келе жаткан экен. Мындай жырткыч атанын кимге кереги бар? Күлтүйгөн немеге алым жетпейт, чуркап барып ашканадан бычак алып келдим да, сайып салдым. Кызым ооруканага жатып чыкты, кабыргасын сындырып койгон экен зөөкүр. Мына ушундай, кызым, 18 жыл чыдап келген жаным сабырым түгөндү.
Сөздөрү түгөнүп отуруп калды. Аделдин жүрөгү тыбырчылай согуп жатты.

ххх

Карыпбек машинесинен түшүп мейманканага кирди. Узак жолдон чарчаган жаны эртеӊки жумушун ичинен бир сыйра чууртуп алды. Кабагы өмүрү ачылбаган түнт адам чындыгында Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири эле. Болгону жеке жашоосунан жолу болбоду. Биринчи аялы бир жыл гана жашап, төрөттөн каза болгон. Ошол боюнча төшөк жаӊырткан жок. Бир-эки аял менен мамиле куруп жашап деле көрдү, бирок үйлөнгөнгө чейин жетпеди. Жалгыздык жанга баткан күндөрү машинесин айдап тоого чыгып, ошол жактан бир топ убакыт өткөрүп анан келчү. Ошончо жылдан бери көӊүлүнө бир да аялзаты жакпады. Колдон ала «турмуштун даамын бирге таталы» дегендерге сылык-сыпаа гана жооп берип койчу. Анын бул жоругуна жакындары, достору гана эмес, кээде өзү да таӊ калар эле. Ушинтип жай турмушту баштан өткөрүп жатканда аны таптакыр башка тагдыр күтүп турганын билбеди. Көрсө, Жараткандын ар бир адам үчүн өзүнчө сценарийи болот тура.
Карыпбек Караколдун СИЗОсуна жакындап келип машинесин токтотту. Расмий документтер бүткөндөн кийин Адел менен жолугууга бет алды. Жаш кыздын көздөрү тынчсыздана тигилип, дагы бир жаман нерсе күткөндөй элейет.
– Адел, апаӊ мен тууралуу айтты беле?
– Жок, мага эч ким эч нерсе айта элек.
– Анда алгач таанышып алалы. Мен Карыпбек Абышевичмин. Сенин ишиӊди мен алып барайын деп жатам. Бишкектен келдим. Апаӊ мага атайын барган болчу. Бирок өзүм ишти билип, анан жообун айтайын дегем. Иш менен бир аз таанышып чыктым. Сен мага ишенесиӊби, ишиӊди мага ишенип тапшырасыӊбы?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ego1stka05
2015-07-27 11:18:44
Иии дагы бир жума...супер инфо кообуроктон жазгылачы
0
Loreno
2015-07-27 13:38:50
Aделдин апасынын мурунку жигити окшойт.
+2
Talantbek80
2015-07-27 21:46:49
Эми бир жума күтүш керек.
0
zamir_kgz
2015-07-28 00:01:34
Мурун бир жерден окугандай болуп жатам бул чыгарманы.
0
Elusha88
2015-07-28 02:06:05
Менин ойум бойунча Карыпбек Адельди озунун мурунку жубайына окшоштурду, же болбосо Карыпбек Адельдин апасынын жаш кездеги жигити болгон болот.Мумкун чын эле суйуп калаттыр.Анан озунун кызы болуп калбагай эле.Куто туралы
0
Aygul
2015-07-28 23:54:02
Elusha88, озунун кызы болуп сыгат окшойт аялы тороттон каза болгон болсо.
0
pepeshka-12
2015-07-29 08:41:34
Aygul,Аделдин апасы жол кырсыгынан каза болгон деп жатбайбы.
0
ayima_a
2015-07-28 14:49:26
эми бир жума кантип отор экен
0
juma_91kg
2015-08-01 21:54:05
сабырдын тубу сары алтын куто туралы
+1
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан