ИЙГИЛИКТИ БАГЫНТКАН МОДЕЛДЕР

Кыргызстанда моделдик чөйрө жетиштүү деӊгээлде өнүгө элек болсо да, бул жаатта аздыр-көптүр ийгилик жаратып, эл оозуна алынып калган кымча бел кыздардан уучубуз куру эмес. Өлкөбүздөгү моделдердин алдыӊкылары сулуулар сынагын уюштуруп, чет өлкөдө журналдарга тартылып, жаш моделдерди тарбиялап келет. Бүгүнкү сиздин сыныӊыздан өтчү сулуулар моделдик кесиптин келечегин көрүшөбү, кеп ошол тууралуу болсун.

Жамиля Ишенбаева, модель: «АЗЫР БИШКЕКТИН ТЕӉ ЖАРЫМЫ ЭЛЕ МОДЕЛЬ»

Толук аты-жөнү – Ишенбаева Жамиля Бакытовна
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун кыргыз-европа факультетинде 4-курста окуйт
Бою – 173 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 85-60-90
Жетишкендиктери – «Супер сулуу-2009», «Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011», «Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011», «КУУнун сулуусу-2013»

-Испаниядан окуудан келгениме үч жумадай болуп калды. Ал жакта моделдик бизнес менен алектенем деген оюм жок болчу. Кокустан эле чогуу окуган тайпалашым сүрөтчү досу менен тааныштырып, ал аркылуу Испаниядагы журналдар менен байланыш түзүлдү. «Life magazine», «Summer» деген испаниялык журналдын башкы бетине чыкканга жетиштим.
Кыргызстанда «Мода жумалыгы» көргөзмөсүндө моделдер 3 күндө араӊ 1500 сом табышса, ал эми Испанияда 3 күндө 1500 евро иштедим. Чынында, моделдик кесипти
Кыргызстанда кесип деп эсептебейм. Бизде аталган кесип менен акча таап жан бакмак түгүл, арзан косметика каражаттарын алганга каражатыбыз жетпейт. Мен Кыргызстанда моделдик карьерамдын келечегин көрбөйм жана улантпайм. Анткени эл арасында сенин дарегиӊе жаман-жакшы сөздөр айтылат экен. А мен жаш кызмын, турмушка чыгышым керек. Бизде модель кыздар арасында атаандаштык күч алган, анткени азыр Бишкектин теӊ жарымы эле модель. Бизде көрө албастык күчтүү, испандар болсо мактап эле турушат, көчөдөн сулуу кыз көрсө бири-бирин чакырып көрсөтүшүп, суктанышат.

Айкөл Аликжанова, модель: «БИЗДЕ МОДЕЛДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ ӨТӨ ТӨМӨН»

Толук аты-жөнү – Аликжанова Айкөл Аликжановна
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун алдындагы Экономика жана финансы институтун бүтүргөн
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 84-62-89
Жетишкендиктери – 2011-жылы «Кыргызстандын интеллекттүү периси», 2012-жылы «Туризм сулуусу жана фотого мыкты чыккан периси», 2014-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынактарынын жеӊүүчүсү

-Мен моделдик менен 20 жашымдан баштап алектене баштагам. Алгачкы жылдары эмгек акы деген эмне экенин билчү эмесмин, себеби атымды таанытуу үчүн иштечүмүн. Алгачкы жолу 200-300 сом эмгек акы төлөшсө керек эле, бул 1-2 мүнөт подиумда басып койгон үчүн жакшы эле акча го (күлүп). Бирок модель кыздар кыйраткан деле акча табышпайт, уюштуруучулар бир жолу подиумга чыкканы үчүн 300-500 сом төлөшөт. Аябай сыйлуу, барктуу модель кыздар эле 700-1000 сомго чейин алышпаса. Мурун акча маселесин мен иштеген моделдик агенттик чеччү, азыр болсо өзүм чечем. Жаӊыдан бул кесиптин даамын татып жүргөндө жаныбарлар менен фотосессия болуп калды. Элестетиӊиз, пил менен сүрөткө түшүп жатам, жанымда өзүмдөн эки эсе чоӊ пил турат. Ошондогу сезимдерди унутпайм, сүрөтчүнүн жардамы менен гана жакшы сүрөттөр чыккан.

Мага моделдик кесиптин артынан бир топ эшиктер ачылды. Мисалы, бул чөйрөгө жаӊы келгенде жергиликтүү бир сүрөтчү кастинг аркылуу моделдерди тандап алып, 4 жумалык сабак өткөн. Анын 2 жумасы Дубайда болмок. Ал мүмкүнчүлүк да буюрган. Бул нерсе мага чоӊ тажрыйба болгон. Сүрөткө туура түшүүнү ошондо үйрөндүм десем болот. Дагы бир ийгилигим – «Дүйнө сулуу-2014» сынагына катышып, мекенибиздин намысын коргоп келгеним. «Кыргызстан сулуусу-2014» наамын алып, бул сынакка барарда уюштуруучулар каражат таба албай калганынан өзүм ар кимден сураганга аргасыз болгом. Сынакта жеӊишке жетпесем да, кийинки барчу кыздарга кеп-кеӊешимди бере тургандай тажрыйба топтоп келдим. Модель болгусу келген кыздарга бул нерсени кошумча кесип катары гана кабыл алса болот дейт элем. Мен деле учурда моделдик мектебимди башкарып, дагы башка жумуштар менен алектенем.

Адинай Кемелова, модель: «МОДЕЛДИК КЕСИП МАГА УНУТУЛГУС ТАЖРЫЙБА»

Толук аты-жөнү – Адинай Кемелова
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 6-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун экономика жана финансы факультетин аяктаган
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 88-60-89
Жетишкендиктери – 2007-жылы «Дүйнөнүн туризм сулуусу» сынагында 2-орунду алган жана 2009-жылдагы «Бишкек сулуусу», 2011-жылдагы «Азия сулуусу» сынактарынын жеӊүүчүсү

-Кыргызстанда моделдик бизнес анча жакшы өнүгө элек болгондуктан, подиумга бир басып койгонуӊ үчүн чет өлкөлүк моделдердей көп акча албайсыӊ. Жарнамалык келишимдер аркылуу же ири көргөзмөлөрдө гана каражат табышыӊ мүмкүн, бирок көп эмес. 2007-жылы биринчи жолу подиумга чыкканым үчүн гонорарга дизайнердик көйнөк белекке беришкен. Мен эч качан төлөнчү каражаттын баасын өзүм сүйлөшчү эмесмин. Анткени моделдик агенттикте иштегендиктен каражат маселесин алар чечип, мен тийиштүү пайызын гана алчумун.
Моделинг – менин эӊ сүйүктүү хоббим. Ошондуктан кыйынчылыктарды сезбейм деле. Албетте, биринчи фотосессия, подиумдагы биринчи көрктүү басуу толкунданткан. Азыркыга чейин андагы сезимдер, денемди баскан калтырак эсимде. Чет өлкөдө модель катары иштеген жокмун. Эл аралык моделдик агенттик менен иштешүү боюнча сунуштар болгон, бирок окуума байланыштуу баш тарткам. Азыр убакыт болгондо гана көргөзмөлөргө катышып калбасам, өзүмдүн негизги кесибим боюнча эл аралык компаниянын биринде котормочу, эсепчи болуп эмгектенем.
Моделдик карьера мен үчүн унутулгус жана кызыктуу тажрыйба. Тактап айтканда, ар түрдүү образдарды бере алуу, тартиптүүлүк, анан принциптерине жана аракеттерине болгон ишеним. Модель дүйнөсүнө жаӊы кадам шилтеген кыздарга айтарым – ар кыл сынактарга катышып кастингдерге баргыла, бирок жан дүйнөӊөрдү өзгөртпөгүлө демекчимин.

Динара Абдыкадырова,
Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ийгиликти багынткан кыргыз моделдер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
umka87
2015-07-28 17:36:35
чыйралдым дебей чыйрылдым дейт го Шабралиева,дегеле баарынын соз байлыгы начар экен
0
SherhaN
2015-07-28 17:41:39
тошту ачып суктандырып чакырасын шайтанды, жаккын келип денен менен озун баштап жаманды..
+1
Umka636589
2015-07-28 18:50:57
Атын чыкпаса жер ортто,деген макал биздин чыланач суротко тушкон модель кыздарга тиешелуу экен десек болчуудай.
+1
gulzar_gulu
2015-07-29 00:10:06
Бул моделдер бактылуу болушсун!
0
anara2015
2015-07-29 00:37:11
Биринчи кыз "Турмушка тийишим"- керек дейби??
+2
Gul.08
2015-07-29 02:49:12
Гезиттин бетине чыгарбай Эле койбопсуздар...
+1
Ashka
2015-07-29 11:14:08
Бул жумада гезиттер,тез эле сатылып кеткендир,бетин коруп эле ко0бу алып.)))
+1
Kaiera
2015-07-29 11:55:17
Азаматсынар кыздар, Кыргызстанда ушундай сулуу кыздар коп болсун
0
Arstan1996
2015-07-29 15:43:04
Кудаууу
0
togotoy2015
2015-07-30 14:23:06
Биринчи кыз суротко жакшы тушуптур
0
janytalap91
2015-07-31 01:51:10
Оохоо
0
manas93kg
2015-08-01 23:36:17
Айколду менин жашым сага дал келсе, созсуз алмакмын эмне кылып болсода!
0
EKUW
2015-08-01 23:59:26
Мага 3чу кыз жакты
0
FSB
2015-08-03 02:15:20
Ushintip jylanachtanyp iygilik jaratpai ele koidum!!!!!
0
ZHaziko
2015-08-03 11:27:10
Кыргызстанге негизи сулуу кыздар ото коп! Болгону арасынан решительныйлар жана акчасы барлар гана суурулуп чыга алат!
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан