«ДОКТУРЛАР ЖАТЫНЫМДЫ ЖАРЫП САЛЫШЫПТЫР»

Мындан 5-6 ай мурун жатын моюнчасындагы кенедей ыйлаакчаны алдырам деп ооруканага барган 33 жаштагы Насикат Кемелова учурда бөйрөгүнөн сыртка чыккан түтүк аркылуу заара кылып, баса албай төшөктө жаткан учуру. 3 кызына энелик мээримин төгүп тарбия берер маалында апасынын багуусунда калды. Кыздарынын чачын тарап, кийимдерин жууп үйдө отурган жолдошуна ичи ачышып, мындай абалга кантип туш болгонун айтып берди.

«МЕНДЕН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ УРУП ТУРАТ»
– 6 ай мурун белим ооруп, менчик ооруканалардын бирине барсам, «жатындын моюнчасында полип (ред. катмарлап кебер же ыйлаакча басып кетүү) бар экен, 12 миӊ сом алып келсеӊ, алып таштайбыз» дешти. Кийин Бишкектеги №2-төрөт үйүнө бардым. Креслого чыгарып карап, «полип оӊой эле болот, 6000 сом берсеӊ, бат эле алып таштайбыз» деп айтышты. Эртеси менден эч кандай анализ албай туруп операция жасай башташты. Ошол боюнча эч нерсе эсимде жок, врачтар мага 7 жарым саат операция жасашыптыр. Эсиме келип, кайда экенимди сурасам, «Улуттук госпиталдын №1-урология бөлүмүндө жатасыӊ» дешти. Көрсө, ага чейин жатындын моюнчасын тазалайбыз деп заара түтүктөрүн бууп салышкан экен. Ошондо бөйрөктөн заара иштелип чыгып, табарсыкка жетпей кайра организмге тепкенде урология бөлүмүнө алып жөнөшүптүр. Ал жактан кандай операция кылышканын билбейм. Жакшынакай турган табарсыгым иштебей калып, ошондон кийин бөйрөктөн сыртка түтүк чыгарышып, азыр минтип 4-5 айдан бери түтүк аркылуу заара кылып калдым. Алдымдан жагымсыз жыт чыгып турат, азыр мени эч бир оорукана албай жатат...
Каарманым Насикат көзүнүн жашын агызып, кебин улай албай койду. Чындыгында бөлмөнүн ичи жагымсыз жыттанып турду. Окуянын чоо-жайын багып жаткан апасы, 63 жаштагы Калича Төлөкова баяндап берди:

«ЖАТЫНЫН КЕСИП КОЛУМА КАРМАТЫП КОЮШТУ»
– Насикат менин жалгыз кызым. Бир балам былтыр Орусиядан каза болуп, сөөгү келген. Дагы бир уулум ошол жакка кеткен боюнча дайыны чыкпай жатат. Кызым болсо минтип өлүм менен алпурушууда. Насикаттын болсо 3 кызы бар.
Мен кызымдын операцияга кирип кеткенин ооруканага барганда билдим. Врачтар «бат эле чыгат» дешкенинен эшикте күтүп турсам дайын жок. Кирип кеткенине 3-4 саат болуп кетти.
Ошентип 5 сааттан кийин баштыкка бир нерсе салып чыгып колума карматып, «муну онкологияга алып баргыла» дешти. Карасам жатынга окшогон орган экен. Дагы бир сааттан кийин ошондой баштыкты көтөрүп чыгып, «муну болсо гистологияга жеткиргиле» деди. Операция 7 саатка созулуп аяктады. Бүткөндөн кийин башкы врач бөлмөсүнө чакырып, «колго кармалар эч нерсеси калбаптыр, баары чирип кеткен, бөйрөгүндө да рактын белгилери бар экен. Ошол себептен заарасы чыкпай калды. Мындан аркы жашоосуна кепилдик бере албайбыз, урологияга баргыла» деди. Ал эми гистологияга кеткен жатынга окшош органдын анализинин жыйынтыгын операцияны туура эмес жасаган Чынара Иманова деген хирург алып кетип бербей койду. Ал азыркы учурга чейин Лондондо дедиртип, качып жүрөт.

«ИЧИНДЕГИ ТАМПОН ЧИРИП КЕТИПТИР»
– Кызымды «Тез жардамга» салып алып, №1-урологияга бардык. Колу-буту шишип, заара тээп, денеси керсары боло баштады. Кушеткага салып алып ары-бери сүйрөп жүрүшүп, экинчи операцияга алып кирип кетишти. 1 жарым сааттан кийин «операция ийгиликтүү болду» деп чыгышты. Жүрөгүм ылдыйлап, өзүмө келе түштүм. Врач бөлмөсүнө чакырып, «организм калыптангыча кабатыр болбой тургула» деген. Эртеси күнү бир аз кан аралаш заара ушатып, жандандыруу бөлүмүнөн которулган соӊ таза заара кылып калды. Урологияда бир жумадан ашык дарыланып, үйгө чыгып келди. Бирок дене табы түшпөй койду. Ошондо биринчи операциясын жасаган №2-төрөт үйүнө алып бардык. Дамира Апышева деген врач креслого чыгарып карап эле, «Мынча эмне жыттанып кеткен?» деп таӊ калды. Көрсө, биринчи операцияда кызымдын жатынын жарып алышкан экен, анан тампон коюп туруп жаап салышыптыр. Кан токтогон соӊ алып салыш керек экенин айтып да коюшпаптыр. Ошол тампон 12 күн жүрүп чирип, сасып кетиптир. Өӊүн көрсөӊ капкара. Врач алып чыгып «ушунча сасып кеткиче жүрө бересиӊби?» дейт. Билсек кана ошону? Бул окуядан кийин онкологияда 20 күндөн ашык жатты. Нурга кактап дарылоону көтөрө албай начарлай баштаганда чыгам деп болбой чыгып кетти.

«ЭМИ ООРУКАНАЛАР АЛБАЙ ЖАТЫШАТ»
– Заара бир калыпта чыгып, организм жайына келгенде 3-операциясын жасашып, заара түтүктөрүн салып беришмек. Ошого даяр болуп калган экен, биротоло дарыланып чыксын деп кайра ооруканага бардык. Кызым барса креслого чыгарып, түтүк салып көрөбүз дешкенби, табарсыгына бир нерсе салып көрүшүп кайра сезгентип алышкан окшойт. «Заара чыкчу жериме бир нерсе салганда катуу ооруп, креслодон түшкүчө шаштым, көзүмө от чагылыша түшүп, ошондон бери чыдатпай ачышып ооруп жатат» деп келди. Андан кийин онкологиясына бир, урологиясына бир, операциясын жасаган төрөт бөлүмүнө бир барабыз. Айтор, үч оорукана бири-бирине түртө салып жатып кызым ортодо кала берди. Азыр абалы күндөн күнгө начарлап бара жатат.
Буга чейин ооруп, ооруканалап жүрсө бир жөн эле. Анализ албай туруп операция жасашып, соо кызымды майып кылып салышты.

«АПАСЫ ВРАЧТАРДЫ САБАГАНГА ЧЕЙИН БАРДЫ»
Бул окуя боюнча заара түтүктөрүн зыянга учураткан, жатын моюнчасындагы полипке операция жасаган Бишкектеги №2-төрөт үйүнүн башкы врачы Азамат Алымбаевге кайрылдык:
– Насикат Кемелова бизге полип диагнозу менен жолдомо кагазын алып келди. Бул жактан врачтар полипти алып жатышып, жатынында залалдуу шишик бар экенин байкашкан экен. Биз онколог, хирургдарды чакырып, 6 саатка созулган операция жүргүздүк. Онкологдор анын жатынындагы дартты залалдуу шишиктин 4-стадиясы деп белгилеп беришти. Мындай онкологиялык кийлигишүүнү талап кылган операциялар абдан оор жасалат. Ошол себептен жатынга жакын жайгашкан табарсык, заара өтүүчү түтүктөр жана башка органдарга зыян келбеши үчүн бууп коюу, кесип алып салуу жүйөлүү нерсе. Муну онкологдор да тастыктайт. Андан сырткары шишик жаралган жердеги бездерди, бузулган бөлүктөрдүн баарын алууга туура келет. Заара сыртка чыкпай, бейтаптын абалы оорлой баштаганда урологияга алып бардык. Ал жактан заара сыртка чыккандай кылып бөйрөгүнөн түтүк чыгарып коюшту. Урология бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра заара өтүүчү пластикалык түтүктөрдү коюп, баарын калыбына келтирип бермек. Бирок онкологияга жолдомо жазып дарыланууга жөнөтсөк, Кемелова нурга кактануу курсунан качып кетип калыптыр. Туура эмес операция жасалгандыгын моюнубузга алып, пластикалык түтүктөрдү коюу үчүн урологдор жасай турган чыгымдын баарын биз тарталы дегенбиз. Бирок ага чейин бейтап организмин операцияга даярдап, күчтөнүп, ден соолугун чыӊдашы керек эле. Колдон келген жардамыбызды берип эле жаттык. Бир жолу апасы келип, менин врачтарыма да колу тийип, кабинетимди чачып, видеокөзөмөл жабдыктарымдын баарын талкалап кетти. Бул окуяга милиция кызматкерлери кийлигишип жатып араӊ бастык. Муну мен баласына жаны ачыган эненин реакциясы деп түшүндүм, бирок бул кылганы туура эмес.
Насикат Кемелова «ичер суум деле калган жок окшойт, өзүмдүн өлүм алдында жатканымды ойлогондон мурун кыздарыма боорум ачып жатат. Аларды кимге тапшырам, кандай күндү көрүшөт, билбейм» деп муӊканды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Доктурлар жатынымды жарып, тампон салып коюшкан"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
AlbertEnshtein
2015-07-28 06:44:04
12саат мурун тамак суу ичкенди токтотуш керек. Папиломаны местный наркоз менен алат. Ал эми жети саат общий наркоз (уйкуда) болсо, демек ото серьезный операция жасалган. Анан ошол операцияны внепланово жасабаш керек эле. Мына ушул жерде врачтар шалаакы болошуптур. Эми эмне болсо да онкологиядан качпай дарыланыныз. Уретрага трубка салып беришет коркпон. Эн негизгиси ракты женууго аракет кылын. Кудай омур ден соолук, сабыр берсин. Сиз куйоонузго эмес, ал сизге боору ачып караш керек, энеге таштап
+1
AlbertEnshtein
2015-07-28 06:46:54
Энеге таштап салбай. Мумкун жатынды убагында алып салып туура кылгандыр. Антпесе рак орчуп отуруп дароо олумго алып келмек. Ошончун урматтуу торогон айымдар, коп жыл бала эмизген апалар, кечиктирбей "рак матки" жана "рак груди" оорусунан алдын ала текшерилгиле.
0
tea23
2015-07-30 17:18:42
AlbertEnshtein,сабатсыздык да. Ошого доктурларга ишенебиз. Чындап эле 7 саат жатса чон операция болгон го. Гистеректоминин жатындын алыштын озу эле канча кыйын.
0
iliaz-sng
2015-07-28 11:44:15
Айтайын десем соз жок. Шыпаасын берсин жараткан.
0
aibe4a
2015-07-28 13:17:50
туугандарынан уруксат сурабай жатынын алып салганы кандай...мындай врачтарды оздорун жатынан асып алып олтуруш керек...абдан ичим атышып атат дагы врачтар чарчады акча бергиле дегенин кара булардын
0
aibe4a
2015-07-28 13:21:08
анализ албай эле рак экенен кайдан билишиптир?
0
Apyyke
2015-07-28 16:30:01
Макул жатынды алып салышыптыр. Эми минтип жарым жан боюнча таштап коюшканы эмнеси. Тиги врачты таптырышсын Лондон болсо да.
0
sabirdinovich
2015-07-28 18:23:45
Кудайым шыпаа жана ыйман берсин.
0
tea23
2015-07-28 23:13:33
Гинекологияда операция болгондорго тампон салынбайт. Шок болот же инфекция болот деп. Чыгарганда да больницадан тампон колдонбогула деп чыгарат. Врач билбейт го элементарный нерсени тообо.
0
AlbertEnshtein
2015-07-29 04:18:36
tea23, туура. Только прокладка. Тампон 4 саата да чирип кетиши мумкун.
0
Ashka
2015-07-29 11:46:53
Врачтарды эле айыптап жатып калдынарго,озудо да бардыр кун0о! Эмне болсо эле,шалаакы врачтар,сабатсыз врачтар,жинди врачтар деп эле отура бергиле. Дарылануучуну озундо да бар кун0о.
0
rozka
2015-07-29 12:40:45
Аллахым шыпаасын берсин жакшы болуп кетсин
0
rusana
2015-07-29 14:22:02
Аллахым шыпаасын берсин, Амиин! Бирок озунун да куноосу бар экен, срогу отуп кеткен дары берип коюптур дейт, ошону ичээрден мурда бул эмне, кандай жардам берет, срогу кандай, обочные ээфекты, ушуга окшогон нерселерин карап туруп анан ичпейби, врачка барганда акчаны аябаш керек. Азыр жакшы врачтарды частный ооруканалар сатып алып койгон, жакшы тологон жерге алар кете берет да. А частный ооруканалар на основании экзамена эн жакшы врачты алышат, ошондуктан ойлоп кое бергиле, поликлиникаларда отурга
0
latifa08
2015-07-31 03:21:27
Bul ish myizamdyn cheginde karalyshy kerek. Bylgyrap biz gardam berebiz degenbiz deit. Siz gardam berbeisiz, ushul kyzdyn bolgon darylangan lecheniesin akyryna chein kotoryshynyz kerek mynk debei turup.Ushul kyzdy butuna turgushuzunuz kerek. Chyraktai bolgon 4Baldardyn ubaly kimge? Darylagandy bilbegendin kiin kalpele soio beresinerby koi soigondoi ele?
0
latifa08
2015-07-31 03:24:56
Emi kaiakka baryp darylanabyz, kudai saktai kooor. Ushul vrachtardyn baary diplom satyp algandar okushpai ele.
0
sher.ella
2015-07-31 10:15:28
Аллахым шыпаасын берсин жакшы болуп кетсин
0
sher.ella
2015-07-31 10:16:55
Аллаh шыпаасын берсин
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан