Айша Изабекова, гимнастчы: «КӨРКӨМ ГИМНАСТИКА КЫЗДАР ҮЧҮН ИДЕАЛДУУ СПОРТ»

Өлкөбүздүн жаш спортчулары ар кыл спорт түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерге катышып, олжолуу келишүүдө. Алсак, өткөн аптада көркөм гимнастика боюнча Францияда болуп өткөн эл аралык мелдеште кыргыз желеги желбиреп, анда биринчиликти кыргыз кызы Айша Изабекова багынта алды. Жаш спортчу өзүнүн ийгиликтери жана эӊ кооз спорттун түрү тууралуу маек куруп берди.

Аты-жөнү – Айша Изабекова
Жашы – 12де
Туулган жери – Бишкек шаары
Жетишкендиктери – 2014-жылы: «Spring Fling» эл аралык мелдешинде 1-орун (Коламбус, АКШ), «Достык» эл аралык мелдешинде коло байге (Алматы, Казакстан), «Latina Fiori» мелдешинде 2-орун (Италия). Кыргызстан чемпиондугунда күмүш медаль.
2015-жылы: Өлкө чемпиондугунда (секиргичтен 1-орун, алкактан (обруч) 2-орун, топ менен ойноодо 2-орун, сызма (булава) менен ойноодо 3-орун) жалпысынан 2-орун.
«Dukes ov Savoe» эл аралык мелдеши. Алтын байге ээси. (Шамбери,
Франция)
.
Машыктыруучусу – Сабина Аккулакова

– Айша, куттуктайм! Жакында эле ири мелдештен байгелүү келдиӊ. Бул тууралуу учкай айта кетсеӊ?
– Чоӊ рахмат! Бул мелдеш эки жума мурун Франциянын Шамбери шаарында болуп өттү. Ага 13 өлкөнүн 300дөн ашуун спортчусу катышты. Биз 7 гимнастчы кыз жана
машыктыруучубуз Сабина Каленовна менен барып катышып келдик.
– Бул мелдешке даярдыктар кандай болду? Дегеле ири мелдештерге кандай даярдыктарды көрөсүӊөр?
– Бул мелдешке катыша турган биздин команда күндө эртеӊ мененки саат 9дан кечки 5ке чейин машыгып жаттык. Мындай даярдыкты ар бир мелдешке чыгуу алдында көрөбүз. Мен спорт клубда тынбай машыгып турам. Ал жерден машыктыруучубуз бизге көп көӊүл бөлөт. Ал эми буга биз, спортчулар, мелдештерде байге менен жооп бергенге аракеттенебиз. Ири мелдештерде ар кандай учурлар болот да. Бирде жеӊесин, бирде жеӊилесиӊ.
– Көркөм гимнастиканы спорттун эӊ кооз түрү дешет. Гимнастикага кандайча келип калдыӊ эле?
– Гимнастикага 7 жашымда келгем. Буга апамдын салымы чоӊ. Ал кезде музыка ийримине катышып, сүрөт тартууга да кызыкчумун. Ата-энем эмнеге кызыксам, ошол ийримдин баарына алып барды. Аягында тандоону жеке өзүмө коюшту. Мен болсо бир жылдан кийин спортту тандап алдым. Укмуштуудай керилип-чоюлуулар, дененин ийкемдүү болушу мени толугу менен арбап алды. Анын үстүнө бул кыз кишиге абдан жарашат. Көркөм гимнастика кыздар үчүн эӊ ыӊгайлуу спорт болушу керек.
– Спортту тандап алганыӊда ата-энеӊ кандай кабыл алышты?
– Алар абдан кубанышты. Анткени биздин үй-бүлө спортко жакын. Атам жаш кезинде күрөш боюнча чемпион болуп жүргөн. Бир тууган байкелерим да спорт менен машыгышат. Ата-энем бизди дайыма колдоп келет. Ийгилигим менен да, жеӊилүү ызаларын да чогуу бөлүшөм. Алар эмгек бар жерде ийгилик жараларын кулагыма куюп бүтүштү. Апам менин курбум. Ал менин окуумдан баштап жеген тамак-ашыма чейин көзөмөлдөп турат. Мелдештерге чогуу барат. Жаш спортчулардын жанында жакын адамдары болбосо, бат эле өзүбүздү жоготуп коёбуз да.
– Мелдештерге көп чыгып, мектепте көйгөйлөр пайда болбой элеби?
– Спорт менен жүрүп окууга көп жетишпей калам. Бирок мектепте мага түшүнүү менен мамиле жасашат. Сабакты да жакшы окуу керектигин унутпайм.
– Көркөм гимнастикада ар кыл шаймандар менен аткарылчу көнүгүүлөр бар. Кайсы шайман менен аткарган жагат?
– Мага бардык түрү бирдей. Шаймандар менен улам жаӊы программа даярдап аткарган жагат.
– Көркөм гимнастика жаштардын спорту экенин билсеӊ керек. Бул спорттун дагы кандай өзгөчөлүктөрүн айта аласыӊ?
– Мен мурдатан эле макияж жасап, кооз кийингенди жакшы көрчүмүн. Ал эми азыр көркөм гимнастика жөн гана сулуулук, мыкты келбеттен тышкары умтулууну, кайраттуу болууну үйрөтөрүн түшүнүп жатам. Спорттогу дисциплина деген эмне экенин билдим. Бул спорттун түрү менен көбүнчө 20 жашка чейин эле машыгышат. Дагы бир өзгөчөлүгү – спорт аркылуу көп жерди кыдырдым. Олимпиада медалчысы Любовь Черкашина, Дүйнө чемпиону Сильвия Митева сыяктуу гимнастчылар менен жолугуп, алардын кол тамгасын да алгам.
– Келечекке кандай максаттарды коюудасыӊ?
– Көпчүлүк спортчулардай эле өзүм сүйгөн спортумдун мектебин ачсам деп кыялданам. Анткени таланттуу кыздар абдан көп. Ага чейин ийгиликтерим менен ата-энемди кубантууну уланта берем.
– Ийгилик коштосун. Маегиӊе рахмат!

Көркөм гимнастика — музыканын коштоосунда гимнастикалык жана бий көнүгүүлөрүн көрсөтүүчү спорт түрү. Көнүгүүлөр атайын шаймандар менен да, шаймансыз да аткарылат. Атайын шаймандардын катарына топ, алкак (обруч), сызма (булава), тасма (лента) кирет.

  • Көркөм гимнастика – балеттен келип чыккан спорт. Ал сулуулукту жана ийкемдүүлүктү айкалыштырып турат.
  • Ар бир көнүгүү 1,5 мүнөттөн ашпашы керек. Мелдеште спортчулар жалпы 4 көнүгүү боюнча (олимпиадалык дисциплина) жана жеке ар бир көнүгүү боюнча күч сынашат.
  • Аткаруулар калыстар тарабынан 20 баллдык систем боюнча бааланат.
  • ХХ кылымдын аягына чейин бир гана айымдар катышкан спорт түрү болуп саналган. Эркектер арасында алгачкылардан болуп япон гимнастчылары мелдештерге катыша башташкан.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
hanisa
2015-07-27 10:01:18
Kyzymdy alyp barchumun tileke karshy papabys makul bolboi koidu kiimderi jakpait dep
0
hanisa
2015-07-27 10:02:57
Magada uwul sport jagat kyzymdyda aparchumun birok papabys bolboi koidu kiingenderi jakpai
0
azhibaeva.2012
2015-07-27 10:31:15
Кыргызстандын желегин желбиретип,атагын ааламга тарката бер. Биз силер менен сыймыктаналы. Сыйлыгын кут болсун азаматсын!
+4
HAPPY.GIRL
2015-07-27 17:22:45
Красавица,желаю тебя только здоровье и успеха!!!
0
Kroxa
2015-07-27 22:39:10
Ийгилик сага...созжок
0
rusana
2015-07-29 14:26:01
биз да барчубуз кызым менен, бирок кыздык белги чоюлуп жок болуп кетет экен деген созду угуп ошол замат алпарбай койдук.
0
AZIK01
2015-07-29 15:31:46
12 жашар кыздын интервьюсун окуп, ыраазы болдум. Бали!
Акылы тетик, сөздү таап сүйлөптүр.
0
AZIK01
2015-07-29 15:32:12
Ийгилик!
0
akniet7baiken
2015-07-30 00:14:29
Азамат ийгилик!
Барынар спортту суйгуло демекчимин!
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан