(Башы өткөн сандарыбызда)
Атам ооруп төшөктө жаткан мезгилде эжемди чакыртты.
– Кызым,- деди атам. Атамдын сөздөрү мурдагыдай өктөм чыкпай, негедир жалынычтуу чыкты. Эжем атамдын жамынчысын оңдоп, жанына отурду.
– Сенин бактысыз болушуңду каалаган эмесмин. Мындай болорун билсем, ал наалатыга тырмагыңды да ыраа көрбөйт элем. Ар убак катамды оңдогонго аракет кылып, турмушуңардын оң жолго түшүшүнө далалаттандым. Бирок колумдан келбеди. Ката кылган экенмин. Кызым, мен сага ишенем, сен эрки күчтүү кызсың! Балдарыңа аталык да, энелик да тарбия бере аласың. Ичимден азабыңды тартып келдим. Мага капа болбо?!
Эжем шолоктоп ыйлап, атамды кучактап жыгылды:
– Ата, менин бактылуу же бактысыз болгонум, Кудайдын колундагы иш. Сиз минтип айтпаңыз, мен сизге өмүрүм өткүчө ыраазымын. Анткени мага татыктуу ата боло алдыңыз. Мындан артык мага эч нерсе керек эмес. Ар убак мени колдоп келдиңиз. Ата, эч качан өзүңүздү күнөөлүү деп эсептебеңиз. Мен бактылуумун. Уулум бар, кызым бар. Балдарым сөзсүз мени бактылуу кылат,- деп эжем ичиндеги бугуп жаткан күйүтүн ого бетер жашырып, атамды аяды.
Көрсө, эжем азаптуу тагдырын билдирбей өзүн ар убак бактылуу көрсөтүп, атам менен апамды аяп жүргөн тура.
Өзүмө келсек, ата-энемдин берген тарбиясы түптүү болгонуна карабай, кийин турмуштан адаштым.
... Малика ата-энесин эскерип жатканда аларга болгон сагынычы, кусалыгы жүрөгүн тилип жатканы байкалып турду. Бир кезде көкүрөгүн мыкчып, тунжурай түшкөнүнөн улам отурган жерибизден ыргып турдук. Эже аны кучактап, мен дарыгерди чакырып келдим. Мээрман айым тынчтандыруучу укол сайгандан кийин кыйлада барып өзүнө келди. Өңү кер сары тартып кубарып чыкты. Бир топ убакка чейин терезени карап ойлуу жатып, анан уктап кетти. Уктап жатса да көзүнүн кычыгынан аккан жашы, алсыз онтогону абалынын оордугун далилдеп турду. Берилген укол таасир эттиби же бизге сырын айтканга жеңилдеп калдыбы, бул түнү ал тынч уктады.
Эртеси кыйла эле өңүнөн азып калгандай көрүндү. Бул күнү көңүлү ачылбай, төшөгүндө жата берди.
Түш ооп калганда гана үчөөбүз сыртка чыгып, орундугубузга барып отурдук. Көчө тарапта беш-алты жаштагы кыз кежирденип, апасын кыйнап жатты. Кызын сөзгө көндүрө албай аял көпкө убараланып, акыры эмне болсоң ошол бол дегенсип басып кетти. Үңүлдөп ыйлаган кыз апакесинин артынан чуркап жөнөдү.
– Балдар кээде ушинтип кежирденип, жаныңды кашайтат,- деп эже балдарын эстеп кетти.
– Болбогон нерсеге ыйлап, менин кичүү баламдын да бир топ кыялы бар.
– Эрке болсо керек да?- дедим мен.
– Эрке болбой калсын, ачуума чыдабай уруп-уруп калам. Урбайын дейсиң, ошого жеткирет. Анан атасына даттанат,- деди эже нааразыланып.
– Балалыгымда мен да кежир элем,- деди Малика сөзүбүзгө кошулуп. Биз Маликанын андан ары сөзүн улашын күтүп, кулак түрүп калдык.
– Канчалык коркуп турсам да, өз билгенимди бербеген көк беттигим бар эле. Тил угуп жатсам да айтканымдан кайтчу эмесмин. Бул мүнөзүмдүн зыяны тийбей койгон жок. Айрыкча эртең менен эрте туруп мектепке жөнөшүм азап. Айылда ванна, душ деген жок, кумганга суу куюп бети-колуңду жууп келишиң керек. Эртең менен апам сүт бышырып, чай демдеп, айтор, эртең мененки тамагымды даярдайт. Атам суу жылытып, кумганды үйгө алып кирип анан мени ойготот.
– Ширин кызым, турагой, суу да, тамак да даяр. Даярданып мектепке жөнө,- деп атам эркелетип чачымдан сылайт.
– Тур, кызым, азыр досторуң келип чакырышса үлгүрбөй каласың, анан сабагыңдан кечигесиң,- деп апам атама кошулат. Мен уйкусурап, тургум келбей жата берем. Атам жакшы эле эркелетип беш-алты жолу айтат, анан бир кыйкырат дейсиң, уйкум умачтай ачыла түшөт.
– Эркелеткенди билип ызатың менен болбойсуңбу?- деген атамдын сөзүнөн ачуусу келип калганын билем.
– Тур дегенде тур, тилеп-сурап алган көрөр көз болсоң да...- деп апам мындайда аяп отурбайт.
Жетинчи, сегизинчи класста окуп чоңоюп калсам да, ар дайым жатарда аларга жомок айттырам. Атамдын эки жомогу бар. “Чокчолой баатыр” менен “Түлкү менен бөдөнөнүн достугун” күн сайын айтат, мен күн сайын уга берем. Бөдөнөнү түлкү тиштеп алган жерин айтып жатканда көзүм алайып, аны аяп кетем.
Жомоктун аягын “алтың менен аңга түш, айтпай койбой не болдум. Ширин этин мен чайнап, жутуп жебей не болдум?” деген түлкүнүн арманы менен бүтүрөт. Ошондо мен да куу түлкүгө ырас болду деп табалап калам...
Таң эртелеп ойгонуу – үй-бүлөбүздүн калыптанып калган мыйзамынын бири болчу.
Эсимде, анда ага-эжелерим жогорку класстын окуучулары, менин али секелек кезим. Жерге үрүл-бүрүл жарык түшкөндө эле атам уйларды короодон чыгарып чөп салат. Апам багымдат намазын окуп, анан бизди ойготот. Күн эми кылтыйганда төшөк-орунубуз жыйналып, короо шыпырылып, бири ишине, бири мектепке даярдана баштайт. Уйкусураган мени аяп, апам тим коёт. Буга эжем макул болбой башымдан жаздыгымды, үстүмдөн жамынчымды тартып алып жыйнаштырып кирет.
– Тур, сага өзүнчө чай даярдамак белек,- деп. Мен нааразы болуп сыртка чыгып, уйкусурап отура берем.
Ушундай балалыгымдын таттуу күндөрүнүн биринде ыйык туткан атам катуу ооруп, төшөк тартып жатып калды. Антсе болбой, бир себеби болуп калар деп өйдө-төмөн чуркайбыз. “Ооруган эмес, ооруну караган оору” дегендей, апама оор болду.
Эжелерим кезектешип келип жардамдашат. Мен бул күндөрдө орто мектепти жалаң беш менен аяктап, андан ары жогорку билим алууну көксөп турган элем. Ойлосом, ошондо эгер атам оорубаса, мени окутат эле деп көбүрөөк ыйлаптырмын. Университеттин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, өзүм окуган орто мектепке мугалим болуп орноштум.
Атамдын оор абалы аз келгенсип, таенем көз жумуп кетти. Ушундан улам апам ого бетер карый түштү. Жыйырма алты жашка кадам таштаган кырчындай жездем каза таап, эжем азалуу болду. Кичүү агам оор окуяга кабылып, мен да какаганга муштаган болуп катуу ооруп калдым. Ошондо баарыбыз үчүн арка-жөлөк болуп оорусак кошо ооруп, ыйласак сооротуп, апамдын чачтары улам агарып баратты. Апамдын түн уйку көрбөй түйшөлүп, баарыбыз уктап калган учурда буулугуп ыйлаганын байкап калчумун. Ойлуу шыпка тигилип жатып, мөлтүрөп аккан көз жашын бизден жашырчу. Мындай учурда апамды аяп мен да төшөнчүмө башымды катып бышыктап ыйлаар элем. Мээримдүү, кичипейил, кишиге кара санабаган, кайраттуу апамдан мендей акылсыз кыз чыкканына башкалар ишенбестир. Менден башка бир да эжем апамдын дилин оорутар иш жасабады. Сүйүү көзүмдү сокур кылып, апамды да элес албай, бир Бактияр үчүн азап жолуна түшкөн катачылыгыма өзүмө-өзүм миң-миң наалат айтар элем.
Атам акыркы убактарда бизди бир таанып, бир тааныбай, тилден да калды. Ошол кезде шаарга каттап иштеп, экинчи тараптан университетке окуума чакырылып, бир жума эжемдикинде жашап калдым. Үйдөн карыш чыкпаган мен үчүн бир тууганымдын үйү болсо да тардык кылып, кетүүгө шашылам. Акыры жекшемби күнү айылга келдим. Атам сыртта отуруптур. Апам короонун аягындагы эгинге түшкөн тоокторду кубалап жүрөт.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)