«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын теӊ төрагасы Адахан Мадумаров: «ПОЭЗИЯ САЯСАТЧЫНЫ ӨТӨ КААРДУУ БОЛУП КЕТҮҮДӨН САКТАЙТ»

Сезимди, ички жан дүйнө ыргактарын поэзия гана түшүндүрүп, поэзия гана аӊ-сезимге жеткире алары шексиз. Деген менен бул ыкма сөз чеберлерине, куюлуштуруп сүйлөгөн акындар менен төкмөлөргө таандык дегенге болбой, чоӊ-чоӊ саясатчы, мамлекеттик ишмерлердин иш эргүүсүнөн экендигине дагы бир ирет ынандык.
Жан дүйнөӊ кашайып, кара сөз менен жеткире албай турган чакта саясатчыларга поэзия жардамга келген учурлар аз эмес. Анда поэзияны жан дүйнөсү катары санаган белдүү саясатчы «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теӊ төрагасы Адахан Мадумаровдун ички дүйнөсүнө саякат жасаган маек назарыӊыздарда.

– Адахан мырза, өзүӊүздү лирик деп эсептейсизби?
– Менимче ар бир инсан жан дүйнөсүндө лирик болсо керек. Тарых тастыктап бергендей, залкар мамлекеттик ишмерлер: Иосиф Сталин, Курманжан датка, СССРдин Жогорку Кеӊешинин жетекчиси Анатолий Лукьянов «Осенев» деген каймана ат менен ыр жазып, чыгарып жүргөн. Бул саясатчы, мамлекеттик ишмерлердин ырларында жетишерлик деӊгээлде мекенге болгон сүйүү сезимдери оргуштап, ички жан дүйнөсүнүн назиктиги берилген. Анан белгилеп айтып кетсем, алардын ырларында курулай пафос жок.
Мен өзүмдүн биринчи ыр саптарымды 7-класстан тартып жаза баштагам. Алардын кайсы бирлери гезит беттерине жарык көрсө, ого бетер калем кармоого шыктанчумун. Азыр ойлоп көрсөм ошондогу ыр жазуу чеберчилигим саясатчылыкка чоӊ түркөк, тажрыйба болуптур. Себеби эл, мекен, туулган жер тууралуу ырларым дүйнөнү жаӊы-жаӊы кабылдоодо жазылып, учурда да ошол кездеги мекен, сүйүү саптарыма кыйшаюусуз жан дилим менен берилем.
Отуз жашымда ырларымдын жыйнагын чыгарсам деген ой болгон, бирок бул курагымда депутат болуп калдым. «Ии, депутат боло калып, китебин жазып чыгара салыптыр» дебесин деп ырларымды кол жазма боюнча калтырдым. Андан бир топ убакыттар өтүп, кыркка чыктым. Ал курагымда вице-премьер-министрликти аркалап, китеп болчу ырлар кол жазмада калды. Бара-бара «Алыкул Осмоновдой, Жолон Мамытовдой, Турар Кожомбердиевдей жаза албасам жазбай эле коёюнчу» деп баш тарткан күндөрүм болду. Толук баш тартып кеткеним жок. Бүгүн деле кээ бир учурларда ыр жазып, калемимдин учун кургатпай жүрөм.
– Поэзия дүйнөсүнүн өөн эместигин 12-13 жаштагы Адахандын ырлары себеп болгону далилдеп отурат. Калем кармап ыр жазууга эмне түрткү болду?
– Дүйнө таануу калыптанып келе жаткан учурда адамдарда өзгөчө кабылдоо сезимдери пайда болот. Мисалы, керемет гүлдүн ачылышына ар ким ар башкача көӊүл бурат. Кайсы бирлер «гүл ачылайын деп калыптыр» десе, ошол эле гүлдүн ачылышын кубулуш катары санап, ага өзгөчө сезим арнаган инсандар аны көркөм сөз менен түшүндүрүп жазып беришет. Ошондо жүрөктүн көзү менен алгыр куштай абада эркелеп, сөз табиятында эргийсиӊ. Биз көзүбүз менен ааламды көргөнүбүз менен, көкүрөгүбүз менен туйбайбыз. Акында, сезимтал адамда гүлдүн ачылыш кубулушу илимий деӊгээлде болбосо да, сөз илиминде жеткиликтүү берилет. Ошондо поэзия жаралат.
Бир жолу жаштар менен болгон жолугушууда айтканым бар эле, «прозада калп айтса болот, ал эми поэзияда калп айтууга эч мүмкүн эмес» деп. Себеби ички жан дүйнөӊдү жарып чыккан тунук сезимсиз ыр да жаралбай, поэзия да жаралышы мүмкүн эмес. Ошол калп айта албастыгымдан, кара сөзгө караганда мага поэзия жакын болуп, ушул касиетим менин ыр жазуума себеп болгондур. Түшүнбөй жаткан кээ бир нерселерди кара сөз менен жеткиргенге караганда, ыр менен жеткирүү мага оӊой.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн биринчи баскычы» программасы парламент сессиясында талкууга алынып жаткан. Өкмөттүн өкүлүнө толгон токой суроолорду берип, нааразычылыктарды айтып такыр кулагына куя албай койгон кезде ыр менен айтып жиберген учурум болгон. Ошол ырды «Балапан» деп атап койгом:

«Балапан, ыйлабачы заманыӊа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныӊа.
Сен эмес, ата-энеӊдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым.
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атыӊ.
Түшүнөм, айткан менен жеӊил болбос,
Колуӊда турбаган соӊ майлуу наныӊ.
Күлбөсөӊ, көӊүлүӊдү көтөрбөсөӊ,
Кубанып өз үйүӊдө төрөлбөсөӊ,
Кантип мен айта аламын кыргызсыӊ деп.
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөӊ,
Балапан аман болуп эр жеткенде
Бактыӊды таба албастан өз жергеӊде,
Бабалар ушул күнгө калтырды деп
Боз үйдө калбагайсыӊ биз кеткенде».

Бул менчиктештирүү саясатына болгон менин ыйым, менин жан дүйнөм, менин ички жан дүйнөмдүн каршылыгы, менин кыйкырыгым. Мындай учурлар көп болот. Ар кандай жагдайларга жараша ырлар жазылып кетет. Бул сөз жеткирүүнүн өтө курч ыкмасы. Ушундан улам да поэзияга жакын болуп калгам.
– Саясаттагы инсандар ыр жазат дегенди коомчулук башкача кабылдайт эмеспи. Сиз буга кандай карайсыз?
– Эми элдин кабылдоосу түрдүүчө болгондуктан ага таасир эте албайм. Китептерим жарыкка чыгып, ырларым жарык көргөндө гана мен элдин аӊ-сезимине таасир этишим мүмкүн. Азыркы кезде ырлар жыйнагым чыга элек. Адам болгондон кийин анын ички жан дүйнөсү болот. Кубулуштарга да өзүнүн өзгөчө мамилеси бар дегендей. Жаз келди десе, бирөө «күн жылып, кар эрип калды» дейт. Ал эми ушул эле кубулуш акындын жүрөгү, көзүнүн кабылдоосунда – бул биринчи кезектеги жаӊылануу, кайра жаралууну сүрөттөп, көркөмдөп берет. Поэзия саясатчыны өтө каардуу болуп кетүүдөн сактап, ар бир кабыл алынып жаткан ишке аяр, баёо кароону үйрөтөт. Жан дүйнөнү апааттан сактап, жашоонун көркөмдүгүнө чөмүлтөт. Ошол эле гүл, тоо-таш, куштарга, курт-кумурскаларга да башкача мамиле жасалып калат.
Биздин мурдагы акындарыбыз өз кезегинде саясатчы болушкан. Азыркы тил менен айтканда «эксперттер». Элдин көзүн акындар ачкандыктан, алар куугунтукталып, өлтүрүлүп кеткенин тарых тастыктап берген. Жеӊижок, Токтогул, Барпы акындар – булар тоо-ташты аралап, качып жүргөн эле саясатчылар. Элдин көзүнчө бай-манаптар аларды мазактап, тентитип жиберишкен. Ошол эле кезде алардын тилинен чаӊ чыгып, сөз чеберин улуу тутушкан инсандар, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын көөнөрбөс баалуулукка жеткиришкен. Жеӊижокту эле алсак, «Аккан суу» чыгармасында бекеринен суунун касиети жөнүндө күндөп-түндөп ырдаган эмес. Мисалы, Токтогул жөнөкөй эле айта турган сөздү куюлуштуруп, мөндүр төккөндөй кылып төккөн. Анын кезинде айткан сөздөрү төө көтөргүс салмактуу. Акындар айтпаса, бай-манаптар зулумдугунан элди жеп, жутуп, уруу урууга бөлүнүп, бүтүндөй кыргыз анда да чачырандылыкка тушуккан. Эми ошону кара сөз түрүндө кантип айтуу мүмкүндүгүн эч ким түшүндүрүп бере албайт. Ошол эле Ниязалы менен Токомдун таарынычы же болбосо Алымкулдун Фрунзе шаарындагы төкмө акындардын жыйынындагы сөзүн караӊыз. Ошондо Калыктын Алымкулга айтып турган жерин караӊыз. Баары менен учурашып, Барпы менен учурашпай калганда Барпынын таарынычын караӊыз. Ыр дүйнөсү бул ааламга баткыс чоӊ дүйнө. Аны түшүнгөн билет, Кудай бергенге берет, бербесе арга жок.
– Патриоттук духтагы ырларыӊыздан атап кетсеӊиз?
Студент кезимдеги ыр:

«Шаркыраган суунун үнүн сагындым,
Шаӊшып учкан бүркүт сымал талпындым.
Шаӊкылдаган күлкүсүнө элимдин
Шамалга да ала кет деп жалындым».

Элестетип көрүӊүз, ошол шамал Кыргызстанды көздөй согуп жаткан болсо, бир чаӊ болуп, бир кумга айланып, шамалга да ала кет деп жалынуу – адамдын кусалыгынын кайсы бир деӊгээлге жеткендеги белгиси. Жок дегенде шамал сен ала кетчи мени дегенге. Мен муну Орусияда студент кезде окуп жүргөндөгү туулган жерди сагынуу, кусалануу, шаркыраган суунун үнүнө зар болуу, жеримдин тоосун, ташын дагы бир ирет көрүү сезимдерим күчтүүлүк кылган туюмумда ушул ыр жарып чыкты. Куюлушуп чыккан ыр саптары менен элибиздин шаӊкылдап күлгөн күлкүсүн бергим келди. Минтип бир гана биздин эл күлөт. Мунун да өзгөчөлүгүн байкап билүү зарыл.
Мен аскерде жүрүп «Тоолорум, сени көрбөй уктабаймын» деген тоолор жөнүндө ырлар циклин жазгам. Бул «ар бир астыӊда жаткан ташты алтындан кынап коёр» деген 18 жаштагы Мадумаровдун дүйнө таанымы. Мен өзүмдүн айылым «Куршабым» деген ырымда: «Сууларыӊда чабалактап киринип, келем үйгө кумар канып кийинип» мындай салыштырмалуулуктар көп кеткен. Айылымдын ташы, суусу кандай, айылымдын бак-дарагы кандай ушул сыяктуу сөздөр.
Поэзия дүйнөсү – бул руханий баалуулуктар дүйнөсү. Ал дүйнөгө кирген адам эч качан андан кайра чыга албай турганын мен бышыктап бере алам. Ата журт, эл-жер жөнүндөгү ырлар менин саясий көз карашым менен кайсы бир деӊгээлде үндөшүп да кетет. Андыктан мен кыргызмын, мен кыргыздын уулумун деп айтардан мурда мен поэзия дүйнөсүндө кыргыз жеринин кооз жаратылышын, көк кашка тунук сууларын, ажайып жерлерибизди ыр саптарында даӊазалап жазууну милдетим деп табам.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Aizat.kg
2015-07-27 18:35:50
Кыргызымдын мыкты, патриот уулу. Сиз менен сыймыктанабыз. Супер инфо бул кишиден бат-баттан маек алып тургулачы. Маеги озгочо таасир калтырат. Жашасын поэзия!
+1
Karagat98
2015-07-27 22:04:40
Sozgo chechendigine soz jok!
+1
nurchik05
2015-07-28 09:57:33
Созго бай адам бирок ХХХХ
0
admin_superstan
2015-07-28 10:11:02
nurchik05, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Азырынча эскертүү!
0
Gulnaz.GS
2015-07-29 03:48:15
После Бакиева единственный нормальный политик
+1
Ashka
2015-07-29 11:54:35
Охоо мага жаккан саясатчыго. Саясатка барбай эле,чыгармачылык м.н алектенгенде. Экинчи Ч.АЙТМАТОВ болот эле!
+1
Akyl.UM.kg
2015-07-29 15:20:18
Чыгармачылыгынызга алба,албан ийгиликтер болсун. Биз сиз менен сыймыктанабыз жанада азыркы саяасий аренадагы саясатчылардын арасынан жалгыз озунуздон умутубуз чон.
Эгемендик алгандан бери шериктеш мамлекеттерге атаандаш акылы тунук,иштин козун билген,ар бир созун тактап талдап суйлогон татыктуу башчыга (президентке) жетпей келебиз.
Буюрса кыргызтандын келечектеги жогорку денгээлдеги онугуусун сиз башчы болгондо коро алышыбызга ишенебиз.
+1
munar91
2015-08-05 12:32:06
Куш табына кайра кайтат...
+1
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан