Ысык-Көлдө өзгөчө жайкысын жол боюнан, көл жээгинен ышталган балыктарды саткандарды үзбөй жолуктурасыӊ. Алар балык сатып үй-бүлөсүн багышат дечи. Бирок алар саткан балыктар талапка жооп береби? Аларды жегенде оорулар жаралышы мүмкүнбү? Изилдеп көрөлү.
ЖОЛ БОЮНДА САТЫЛЫП ЖАТКАНДАРЫНА УУЛУУ ГАЗДАР СИӉЕТ
Балык – адамдын организмине керектүү заттарга бай азык. Бирок туура даярдалбаса жана таза жерде сатылбаса организмге терс таасирин тийгизет. Мисалга, Көлдө жол жээктей жайгашкан балык базарындагы балыктарды алалы. Алар чаӊга жана унаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газдарга көмүлүп сатылып жатат. Уулуу газдын курамындагы заттар балыктарга сиӊүүдө. Чымындар учуп, таштанды салынган челектер көзгө урунат. Унаасын токтотуп шашып балык алгандарга курттап кеткендерин сатып жибергендер да толтура.
Жээкте сатылгандарына шамалдан улам чаӊ, кум, алар менен кошо түркүн микробдор жармашат. Балыктарды ар ким тандап кармап көрүп, андагы микробдордун санын ого бетер арттырат. Сатуучулардын өздөрү да таза колдору менен сатып жатабы, дени сакпы же оорукчанбы белгисиз. Оорукчан болсо саткан балыктары аркылуу элге кандай ооруларды жугузуп жатканын эч ким айта албайт. Сатуучулардан «балыктарыӊ ветеринардык текшерүүдөн өткөнбү? Өзүӊдүн санитардык китепчеӊ барбы?» деп сурасаӊ, жооп алышыӊ күмөн.
Эми зыяндарына келели:
• Антисанитариялык жерде жана абалда сатылгандарды, сактоо мөөнөтү өткөндөрдү жеп алгандар ууланышы мүмкүн. Кайсы бир жугуштуу оору менен ооруган адамдын саткан балыгын жегендер ооруну өзүнө жугузуп алышат.
• Балыкка сиӊе турган машинадан чыккан зыяндуу заттар бар. Бул жаатында орусиялык жана батыш окумуштуулары изилдеп чыгышкан. Мисал келтирели:
Альдегиддер (суутектен арылтылган спирт). Уулуу, организмде топтоло берүүчү жөндөмгө ээ. Организмге киргенден тартып нервди дүүлүктүрүп, кыжырды келтирип,
адам ачуулуу боло баштайт. Нерв ооруларынын түрлөрү жаралат.
Коргошун. Сөөктөрдө топтолуп, аны бузат. Ооруларды алып келет.
Бром. Дем алуу жолдоруна киргенде былжыр челдерди дүүлүктүрөт, мурундан кан агып, баш айланат.
Хлор. Уулуу, муунтчу газ. Өпкөгө көп өлчөмдө киргенде ал сезгенет, адам муунат.
Ыш. Бул өпкөгө өтө зыяндуу зат. Азыктар же аба аркылуу дамамат организмге кирип турса, шишикти (рак) жаратат.
СУЮК ТҮТҮНГӨ ЫШТООДОН КАНДАЙ ООРУЛАР ЖАРАЛАТ?
Ыштоонун ыкмалары бар.
• Түтүнгө ышташат. Ыштоо-балыктагы микробдорду өлтүрө албайт. Анын үстүнө түтүн өзүндө 200дөй химиялык кошулмаларды, алардын ичинде уулууларды да камтыйт. Мисалы, бензопирен эӊ уулуусу. Ал шишикти жаратат. Айта кетчү нерсе, түтүндөгү уулуу кошулмалар өзгөчө балыктын терисине жармашып, акырындап этине сиӊе берет.
•»Суюк түтүн» (жидкий дым) – бул балыкка ышталгандай түс, жыт, даам берүүчү упа түрүндөгү кургак жана суюк концентрат.Табигый жана жасалма түрдө алынгандары бар. Табигыйлары кымбат болгондуктан көбүнчө жасалмаларын колдонушат. Суюк түтүн балыкты ыштоого кеткен убакытты кыскартат жана отундун кереги жок. Ичи тазаланган балык туздалсын деп алгач туздуу сууда кармашат. Анан суюк түтүнгө салып алып күнгө кургатат да, ышталган балык деп сата беришет. Изилдөөлөр боюнча, суюк түтүн эркектердеги эстроген гормонунун деӊгээлин жогорулатып, тестостерон гормонунун аз бөлүнүп чыгышын шарттаарын көрсөткөн. Натыйжада семирүүгө жана төшөктөгү алсыздыкка алып келет.
Суюк түтүндөгү даам, түс жана жыт берүүчү синтетикалык заттар адамдын бөйрөгүндө, боорунда акырындап чогула берип, аларды сезгентип, ооруларды жаратары белгилүү. Бөйрөктөрдүн кургап иштен чыгып калуусунун жана рактын жаралыш себептеринин бири да ошол заттар. Акыл-эстин өсүшүнүн кечеӊдешине, эс тутумдун начарлашына, ашказан-ичеги ооруларынын жаралышын да шарттайт жана башка.
Мына окурман, материалды окуп чыккан соӊ жыйынтык чыгаруу өзүӊүздө. Анткени саламаттыгыӊыз өз колуӊузда.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg