КЫРГЫЗСТАНДЫН ВЕЙКБОРДЧУСУ АЛМАЗ СМАЙЛКУЛОВ ЖЕҢИШ МЕНЕН КАЙТТЫ

Орусиянын вейкборд боюнча ачык чемпиондугу 9-12-июль күндөрүнүн аралыгында Санкт-Петербург шаарындагы вейкпаркта өткөрүлдү. Анда спортчулар вейкборд, вейкскейт, аквабайк боюнча таймашкан. Спорттун экстремалдык түрү менен шугулданган кыргызстандык Алмаз Смайлкулов, Виталий Батяйкин жана Арслан Нуритдинходжаевдер Кыргызстандын намысын коргоо үчүн чыгышкан. Тилекке каршы, квалификациялык таймашта Виталий Батяйкин менен Арслан Нуритдинходжаев чыга алышкан эмес. Бирок Орусиянын вейкборд боюнча үч жолку чемпиону Алмаз Смайлкулов алгачкы таймаштарды оӊой эле жеӊип, жарым финалда дагы артыкчылык менен алдыга озуп чыккан. Чечүүчү мелдеште 313 трюкту жасай албай жыгылып кетиши баш байгеден куру калтырды. Спортчу суудан суурулуп чыгып, өз огунда 360 градус айланууга тийиш эле. «Дал ушул жерде жыгылып бара жатып туруп кеттим» дейт Алмаз Смайлкулов. Чеберчиликтин жетишпей калышын машыгуунун жоктугунан улам деп билет.
Эӊ абройлуу мелдешке үч ай тынбай даярдануу зарыл эле. «Каражаттын жоктугунан бул мелдешке «Өнүгүү-Прогресс» партиясы каржылабаса, катышпай дагы калмакпыз» дейт ал. Алмаз Смайлкулов демөөрчүлүк көрсөткөн Бакыт Төрөбаевге ыраазы болуу менен, башкы байгеге жетишпей калганына өкүнөт. Бирок үчүнчү байгелүү орунга жетишип, Кыргызстандын атын таанытып келди. Алдыӊкы эки орунду питерликтер ээлешкен. Ал жерден орусиялыктар «жарандык беребиз, кел» деп сунуш кылышса, Казакстан «үй шарты менен айлык акы төлөйбүз, балдарды машыктырып бер» деп чакыруу жасашкан. Алмаз азырынча бул сунуштардан баш тартып, өз эли-жеринде вейкборд спортун көтөрүүнү эӊсейт. Он жылдан ашык Москва шаарында жашап, ал жакта вейкбордду бир сезондо үйрөнүп, Орустун чемпиондугун жеӊип алган. Андыктан кыргызстандык балдардан мыкты экстремалдуу спортчулар чыгат деп ишенет. Ал жакында Ош шаарына барып дал ушул спорттун түрүн көрсөтүп, балдарды спортко тартууну максат кылууда. 29-августта Кыргызстандын ачык чемпиондугу Бишкектеги «Сүйүү» көлүндө болот. «Бул спортко кызыккандарга эшик ачык» дейт Алмаз. Ал жаштарды түнкү клубга барып шарап-тамекиге алданбай, дал ушундай экстремалдуу спорт менен машыгып, энергияны туура багытта колдонууга чакырат.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kara-kulzha
2015-07-29 08:55:00
Азаматсын
0
Medina87
2015-07-30 16:10:58
Алга Алмаз! Элимдин атагын алыска, данкын далайга жеткирип, жеништерге ээ болуп желегибизди желбиретип журо бер! Ден - соолук, бакыт, ийгилик!
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан