ТАМШАНДЫРГАН ӨЗГӨЧӨ КЫЯМДАР

Жашылча-жемиш бышканы кожойкелер жеӊди түрүп, шымалана кыям, салаттарды жасоого киришишет. Жылда эле окшош кыямдарды кайната бербей, бул жылы өзгөчөлөрүн жасайм десеӊиз, анда бул рецепттер сизге сунушталат.

ДАРБЫЗДАН КЫЯМ

Керектүү азыктар:
Кабыгынан, данегинен ажыратылган дарбыз
– 400 грамм
Кумшекер – 400 грамм
Лимон – 1 даана (орточо)
Суу – 300 грамм

Даярдоо:
1. Дарбызды майда чарчы кылып туурайбыз.
2. Лимондун кабыгын жука аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Ал эми ширесин сыгып алабыз.
4. Дарбызды идишке салып, 200 грамм кумшекер, 100 грамм суу куюп, капкагын жаап, жай отто 30-35 мүнөт кайнатабыз.
5. Калган сууга кумшекер менен лимон ширесин кошуп аралаштырып, сироп даярдап алабыз.
6. Лимондун кабыгын жана сиропту кыямдын үстүнө кошуп, жай отто дагы 25-30 мүнөт кайнатабыз. Дарбыз кыямы даяр.

КООН КЫЯМЫ

Керектүү азыктар:
Кабыгы аарчылып, данеги тазаланган коон
– 1 килограмм
Кумшекер – 850 грамм
Лимон – 2 даана
Кызыл шарап – 100 грамм

Даярдоо:
1. Коонду майда төрт бурчтук формасында туурап, сыр идишке салып, үстүнө кумшекерди себелеп коюу керек.
2. Үстүнө шарап жана 2 лимондун ширесин сыгып кошобуз.
3. Улам-улам аралаштыруу менен жай отто 1 саат кайнатабыз.
4. Андан соӊ бууланган банкаларга салып, оозун бекитебиз.

ПОМИДОР КЫЯМЫ

Керектүү азыктар:
Помидор
– 1 килограмм
Кумшекер – 600 грамм
Апельсин – 1 даана (орточо)
Лимон – Орточо көлөмдөгү лимондун жарымы

Даярдоо:
1. Помидордун үстүнө жаба ысык суу куюп, аны төгүп, кайра муздак суу куйсаӊыз, кабыгы оӊой аарчылат. Кабыгы аарчылган помидорлорду майда чарчы кылып туурайбыз.
2. Лимон, апельсиндин да кабыгын аарчып, данектерин ажыратып, майда чарчы туурайбыз.
3. Тууралгандардын баарын бир идишке салып аралаштырып, үстүнө кумшекерди салабыз.
4. 1-2 саат тыныктырган соӊ отко коюп, кайнагандан кийин жай отто 5 мүнөт кайнатабыз. Оттон алып, 1 саат муздаганча коюп коюу керек.
5. Андан соӊ кайра жай отто 35-40 мүнөт кайнатабыз.
6. Алдын ала жуулуп, бууланган банкаларга салып, оозун бекем жабабыз. Оӊой жасалуучу өзгөчө помидор кыямы даяр.

БАДЫРАӉ КЫЯМЫ

Керектүү азыктар:
Бадыраӊ
– 2 килограмм
Кумшекер – 1,5 килограмм
Кызыл карагат – 200 грамм
Жалбыз – 3-4 жалбырак

Даярдоо:
1. Бадыраӊдын кабыгын аарчып, майда төрт бурчтук формасында туурайбыз. Сыр идишке салып, үстүнө 1 килограмм кумшекер кошобуз да, 6-8 саатка чейин тыныктырып
коёбуз.
2. Кумшекердин калганын кошуп отко коюп, жай отто 15-20 мүнөт кайнатабыз.
3. Оттон алгандан кийин бир түн тыныктырып, эртеӊ менен кызыл карагат жана жалбызды кошуп аралаштырабыз.
4. Отко коюп, 5 мүнөт кайнаган соӊ алдын ала даяр банкаларга куюп, оозун бекитебиз.

Эскертүү: Бул кыямды муздаткычта сактоо керек. Эгер жер төлөгө салып сактайм десеӊиз, кумшекердин өлчөмүн көбөйтүп жана узагыраак убакытка кайнатуу абзел.

СИРЕНЬ КЫЯМЫ

Керектүү азыктар:
Сабагынан, жалбырагынан ажыратылган сирень гүлү
– 500 грамм
Кумшекер – 500 грамм
Лимон ширеси – 20 грамм

Даярдоо:
1. Сирендин гүлдөрүн жууп, 2/3 бөлүгүн муздак сууга чылап коёбуз. 10 мүнөттөн соӊ 10 грамм лимондун ширесин кошуп, жай отто 10 мүнөт кайнатабыз.
2. Оттон алган соӊ идиштин капкагын жаап 20 мүнөт дымдоо зарыл. Андан кийин гүлдү ширесинен сүзүп алып, сиропко 450 грамм кумшекер кошобуз да, отко коёбуз.
3. Калган гүл, кумшекер, лимон ширесин аралаштырып, кайнап жаткан сироптун үстүнө кошуп, 20 мүнөт кайнатабыз.
4. Алдын ала жууп-тазаланган, бууланган банкаларга салып, капкагын бекитебиз. Бул кыям даамдуу азык гана эмес, сасык тумоого каршы мыкты дары болуп
эсептелет.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
beben
2015-07-27 10:41:08
Коон менен дарбыздан жасайм созсуз
Буюруса.
0
samina86
2015-07-27 12:22:11
шарап кошпосо болбой калабы
0
ROUSE
2015-07-28 00:36:30
СиЮрень жок го азыр
0
BubleGum
2015-07-28 18:08:43
мага да шарап дегени жакпады ((
0
Kymbat-02-04
2015-07-29 20:29:25
Шарап даамын чыгарат да. Анын эч кандай зыяны жок.
0
elif
2015-07-30 17:25:10
Шарап кошбой деле жасаса болот мен жасаганмын сонун болгон мен окуган баянда (рецепт) шарап жок болчу
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан