ОШТОН ООМАТЫ ЖАНЫП, ЖАЛАЛ-АБАД ЭЛИ ЖАКТЫРГАН «КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯСЫ

20-июлда «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев башында турган партиянын Ош облусундагы белдүү мүчөсү Жыргалбек Калмаматов, партия мүчөлөрү Канатбек Муратбеков, Жогорку Кеӊештин депутаттары Нурбек Алимбеков, Дастанбек Жумабеков, эркин күрөш боюнча СССРдин чемпиону Байгазы Кенжебаев, белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раев, Арзыбек Кожошев, Кубат Оторбаев өлкөнүн экинчи борбору болгон Ош шаарынын калкы менен жолугушуп, жылуу маанайда эл менен баарлашып кайтышты. Алгач партия лидерлери Оштогу диаспора өкүлдөрү жана аксакалдар менен чай үстүндө баарлашып, ак сакалдуу аталардын батасын алышты.

Өӊчөй эл оозуна алынган, ишкерликтеби, мамлекеттик кызматтабы, өндүрүштөбү ийгилик жараткан жаш муундан турган партия мүчөлөрү андан кийин Ош шаарындагы борбордук стадионго келген 10 миӊден ашуун эл менен жолугушту. Саясий аренада жаӊыдан кадам таштаган «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин Ош эли менен болгон жолугушуусу айрым амбициялуу партиялар күткөндөн да жогорку деӊгээлде өтүп, түштүк борбордун эли шаӊдуу салтанатка күбө болушту.

Ошентип, партия лидерлери элдин жылуу каалоо-тилектерин уккандан кийин Оштун элине кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоӊ программадагы шоу-концерт тартууланды. Жалаӊ Кыргызстан, мекен деп жаӊырган патриоттук ырлар көпчүлүктүн көӊүлүн көтөрүп, патриоттук духу жанган экинчи борбордун эли «Кыргызстан» саясий партиясына ийгилик каалап, колдоого алууга даяр экенин билдирип турушту.

Андан соӊ партия мүчөлөрү Жалал-Абаддагы сүт азыктарын кайра даярдоочу ири заводдун курулушу боюнча салтанаттуу кол коюу аземине катышышты. «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Айтмамат Назаров аталган завод курулуп бүтсө, келечекте жүздөгөн адам иш менен камсыз болорун айтты. Ал белгилегендей, аталган заводду курууга жалпысынан 100 миллион сом каражат жумшалып, келерки жылда кадимкидей иштей баштамакчы.

«Кыргызстан» саясий партиясынын түштүк облустарга болгон сапары 21-июль күнү Жалал-Абад шаарында жакшы маанайда уланды. Мында «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев баш болгон саясий кеӊештин мүчөлөрү партиянын Жалал-Абад облусундагы белдүү мүчөсү Жусубали Төрөмаматовдун коштоосунда өздөрүнүн азык-түлүк белектери менен Жалал-Абад шаардык балдардын психоневрологиялык-стационардык мекемесинде болушту. Албетте, бардык мекемелер сыяктуу эле бул балдар ооруканасынын да социалдык-техникалык абалы жакшы эместигин, керектүү шарттар менен камсыздоо толук кандуу жүрбөгөндүгүн угушуп, өз ара жардамдар болорун билдиришти.

Жергиликтүү элди өндүрүштүн өнүгүшү менен кубанткан «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлери кечке маал Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында эл менен жолугушууну улантышты. 5000ден ашуун эл келген бул ири салтанатта сөз алган партия лидери Канатбек Исаев жумушсуздукту жоюуга жана өз аракетибиз менен өндүрүштү көтөрүүгө убакыт келип жеткенин айтты. «Биз өлкөдө өндүрүштү жандантып, реалдуу экономиканы көтөрүүгө аракет жасашыбыз керек. Ошондо жумушсуздук маселеси да чечилет. Ал үчүн ынтымак, жаратман идеяларды колдоо, иш кылам дегендерге шарт түзүү гана зарыл», - деди Исаев.

Аягында жалал-абаддыктардын жарпын жазган чоӊ мега-концерт өтүп, кыргыздын таанымал эстрада ырчылары «Кыргызстан» саясий партиясынын атынан ыр белек тартуулашты.
«Кыргызстан» саясий партиясынын өлкөнүн түштүк аймагынын эли менен жолугушуусу 22-июлда Кадамжайда уланмакчы.
Биздин тандоо!
Биздин келечек!
Биздин Кыргызстан!

Нурлан Эсенканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
erlandyky
2015-07-29 21:32:17
Койчу буларды
0
Medina87
2015-07-30 16:14:47
Шайлоо алдындагы ШОУ...
0
baky79
2015-07-30 23:31:35
Ошто жашайм еч кандай жолугушууну укпадым. Партиялар келип 10000 алам чогулса кантип корбой калабыз да бекинип чогулушат го.
0
Ajar.
2015-07-31 15:06:08
Жакшы болду элге, бекер концерт көрүп, кичине эс алып...
0
bolush11
2015-07-31 18:03:52
Каап башка убакта кайсы кычыкта бекинип журдунор эле
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан