Наргиз Закирова, ырчы: «ӨЗБЕКСТАН ДЕГЕН ТОЗОКТОН 20 ЖЫЛ МУРУН КАЧКАМ»

Бул ырчы айымдын ысымы «оттун арасында жүргөн» деген түшүнүктү берет. Жүрүм-туруму, чыгармачылыгы, жашоо образы болсо анын атына шайкеш келет. Ыйык сахнага 4 жашында кадам таштаганы менен атактуулук бул айымга 43 жаш курагында гана багынып берди. Кеп Орусиянын «Голос» телешоусунун финалисти, ырчы Наргиз Закирова тууралуу болууда. Анын ийгиликке карай болгон түйшүктүү сапары төмөнкү макалабызда.

Аты-жөнү – Наргиз Закирова
Туулган жери – Өзбекстан, Ташкент
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 6-октябрь
Хит ырлары – «Я не твоя», «Ты – моя нежность»
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун энеси

КЫСЫМДАРГА ЧЫДАБАЙ МЕКЕНИНЕН КАЧКАН НАРГИЗ
Катардагы адамдардан өзгөчө стили жана денесине чегилген сүрөттөрү менен айырмаланган, кээ бирлерди суктантып, айрымдардын үрөйүн учурган Наргиз Советтер Союзун дүӊгүрөткөн чыгармачыл музыканттардын кызы, алардын жолун улоочу. Ырчынын ыраматылык атасы бухаралык еврей Пулат Мордухаев музыкант, ал эми апасы өзбек кызы Луиза Закирова 60-70-жылдардагы эстрада ырчысы болсо, таякеси Фаррух Закиров легендарлуу «Ялла» тобунун жетекчиси.
Наргиз 4 жашында биринчи жолу сахнада өнөрүн көрсөтсө, 1986-жылы 15 жашында «Юрмала» фестивалына катышып, «көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү» сыйлыгына арзыйт. Мына ушул ийгиликтен тарта буга чейин жерип жүргөн классташтарынын жана мугалимдеринин Наргизге болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрөт. «Классташтарыма ырайы суук болуп көрүнгөн мен бат эле сулуу болуп чыга келсем, жек көрүп, кысымга алган мугалимдерим мектептин сыймыгы экенимди жар салышкан. Бирок мунун баары жасалма болчу»,- деп эскерет Наргиз балачагын.
Ал буга чейин калыптанып калган көз караштарды четке сүрүп, кыска шым кийип, ачык өӊгө боёлгон чачы менен эл алдына ырдап чыкканда артында жалаӊ эркектер бийлеп турчу экен. «Күйөрмандарым мени «өзбектердин Мадоннасы» деп коюшчу. Бирок мекенимде аз болсо да атактуулукка жетишкеним менен, өзүмдү такыр эркин сезе албай койдум. Мунун биринчи себеби – келбетимден улам болсо керек, мен өзбектерге окшош эмесмин. Абдан арыкмын, оозум чоӊ. Концерттерде кемсинтишип, жадакалса залда отургандар: «Сен ушундай сөөктүү жана түрү суук болуп чоӊойгонуӊа караганда, энеӊ сүттүн ордуна арак менен бакса керек» деген каттарды жазып колума карматышчу. Мындай кысымдарга чыдай албай ата-энем менен бирге АКШга кетүүнү туура көрдүк».

АМЕРИКАГА САПАР
Ошентип 1995-жылы Наргиздин үй-бүлөсү үй-жайын, дүнүйө-мүлктөрүн арзыбаган акчага сатып Америкага кетишет. Ал учурда Наргиздин биринчи никесинен 5 жаштагы кызы бар эле, экинчи жолдошунан болсо кош бойлуу болчу. Турмуштан сокку жеп, анын үстүнө чет элге бакыт издеп келген кош бойлуу келинге алгач Америкадагы жашоо тозоктой туюлган. Уулу төрөлөрү менен Наргиз иштөөнү чечип, алгач видеокассеталарды саткан дүкөнгө орношот. 2 жыл сатуучу болуп иштеп, тааныш арттырган соӊ ресторанга ырчы болуп жумушка алынат.

3 НИКЕДЕН 3 БАЛА
Наргиз биринчи жолдошу музыкант Руслан Шариповго 18 жашында турмушка чыгып, андан Сабина аттуу кыздуу болот. Экөөнүн ажырашуусуна жолдошунун ала жипти аттаганы себеп болгон. Экинчи жолдошу Ернур Канайбеков 1997-жылы Америкада автокырсыкка кабылып каза табат. Анда уулу Ауэль эки жарым жашта болчу.
Ал эми учурдагы жолдошу италиялык, керемет үндүү ырчы Филипп Больцано экөөнүн ортосунда Лейла деген кызы бар.

БАГЫН АЧКАН «ГОЛОС» ШОУСУ
2013-жылы Наргиз Орусиянын «Голос» долбооруна катышат. Анын мукам үнү бат эле көрүүчүлөрдү арбап, ал миллиондогон орусиялык күйөрмандарды топтойт. Ырчы бул сынактын финалына чейин жеткени менен, жеӊиш ага буюрбады. Ошентсе да орустардын күчтүү продюсерлеринин бири Максим Фадеевдин канат астында иш алып барууга мүмкүнчүлүк алган. Ошондон тарта Наргиз Орусияда атактуу боло баштады. Бирок ийгиликтин экинчи тарабы да бар. Бул анын жердештеринин ага болгон мамилеси эле. Канча жыл өтсө да Наргиздин образын, жашоого болгон көз карашын кабыл алгысы келбеген айрым мекендештери интернет аркылуу: «Сен шайтансыӊ!», «шерменде», «түрү суук» өӊдүү терс комментарийлерди жазууну эки эсе көбөйтүшкөн. Мекендештеринин мындай мамилесине чыдабаган Наргиз: «Силер тажаган жоксуӊарбы? Жайыма койгулачы. Мен Өзбекстан деген кыяматтык өкүм сүргөн тозоктон 20 жыл мурун качып кеткем. Силердей прогресске душмандык кылган кара мүртөз, текеберлердин айынан өзүмдүн мекенимден безгенге аргасыз болгом. Мен эч качан силердики болбойм жана болгон эмесмин! Менин мекеним – бул АКШ, Орусия, Дагестан, Индия, Кытай! Бардык өлкөлөр, бирок силер эмес»,- деп аларга жооп кайтарып агынан жарылып алганы бар. Ачуусу тарагандан кийин Закирова бул билдирүүнү эмоция менен жазганын жана бул аны кемсинткендерге гана багытталганын айтып, туулган мекени деп дагы да болсо Өзбекстанды эсептерин айткан.

Наргиз таякеси, “Ялла” тобунун жетекчиси жана солисти Фаррух Закиров менен.

Ырчы тату-салондо 3 жыл сүрөтчү болуп иштеген. Бул аралыкта тырмагынын учуна чейин сүрөттөрдү чектиргенге жетишкен.

Оӊдон солго, жолдошу Филипп Больцано, уулу Ауэль, күйөө баласы Виталий, Наргиз, кыздары Лейла жана Сабина.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
HAPPY.GIRL
2015-07-27 18:15:26
Боенбогон келбетин корсонор коркуп кетесинер))) Чын айтам.
-2
AlbertEnshtein
2015-07-28 05:09:09
HAPPY.GIRL, сен кордунбу? Жайына койгулачы. Ал деген эпатажный адам. Артист, шоу бизнес. Серая мышка болсо кимге кызыгы бар. Мадонна леди гага, баары эпатаждын артынан белгилуу. Бул да болсо самовыражение, жана акча табуунун жолу. Созулуп узун кийип сойку деле болуп журушпойбу. Кеп келбетте эмес, журокто, талантта, ниетте. Бул аял коп кыйынчылыкты коруптур, анын денгээлине жетип алып анан сындайлычы.
+4
HAPPY.GIRL
2015-07-28 10:40:22
AlbertEnshtein,Ооба коргом боенбогн келбетин ошол учун айтып жатам, мен аны серая мышка деп айткан жокмун!Узун кийип алып созулуп сойку болсо озудору учун!!!
-3
cosmopolit
2015-07-30 15:12:26
AlbertEnshtein, туура айтасын
0
Gulzat86
2015-07-27 20:57:02
кана менин комментим адмииииин:-(
0
admin_superstan
2015-07-28 11:40:32
Gulzat86, саламатсызбы!
Сиз бул макалага комментарий жазбаптырсыз.
0
nurchik05
2015-07-27 23:44:04
Мага келбети жакпайт
-3
nurchik05
2015-07-27 23:44:39
Озунун мусулман экенин унутуп койгон чамасы
-4
sezimay
2015-07-28 00:58:34
мусулман эмес
+4
Gulnaz.GS
2015-07-28 02:32:15
Еврей турбайбы.бул мусулман да христиан да эмес
+3
Bella1
2015-07-28 05:36:46
Мм даа өзгөчө стил.
+2
ainuska00
2015-07-28 09:20:29
Жашоо аныкы каалагандай жашасын.......Талаада пахта терип жургончо молодец ,озу эмне каалаганын билип качып кетиптир
+5
marmiladka9
2015-07-28 10:59:05
тиги кыздары нак ХХХ го. жашоосу да кызыктай экен тооба. Ийгилик эмнеси б.со да
-1
admin_superstan
2015-07-28 11:38:41
marmiladka9, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
+1
Umnitsa
2015-07-28 19:46:05
тооба кылдым тфу тфу тфу
-1
admin_superstan
2015-07-29 10:21:32
AlbertEnshtein, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз! 3 күн БАН!
+1
Ashka
2015-07-29 11:04:03
Шумдугун кургууур!
0
Ledi89
2015-07-31 23:56:17
Голосу жакшы. Арким билгендей жашасын!
+1
EKUW
2015-08-01 23:44:06
Наргиз деген ысым «оттун арасында жүргөн» деген тушунук берсе, а Наргиза кандай болот экен?
0
Genar.benicio
2016-04-23 12:10:20
Наргиз дайыма алга жана алга!
Жаман коммент жазгандарга 1жыл бан
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан