Чыныбай Турсунбеков, СДПК фракциясынын жетекчиси: «ТЕЗ ЖАРДАМ» ЖАКШЫЛЫККА АЙДАЛСЫН!»

«ДЕН СООЛУК КЕРБЕНИ» ЖЫЛ САЙЫН УЛАНТЫЛАТ
22-апрелде Тоӊ районунун Дөӊ-Талаа айылынан көч баштаган «Ден соолук кербени» Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда сапарын улантып, эки райондун тургундарын медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатат. Эл арасында «Өмүр кербени» аталган бул долбоор СДПКнын колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган.
Жети-Өгүз районунун Тамга айылында «Ден соолук кербенинин» ачылышында сүйлөгөн Жогорку Кеӊештеги СДПК фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков бир мезгилде Тамга союздук маанидеги ден соолукту калыбына келтирүүчү борбор болгонун, космонавттар, спортчулар келип, саламаттыгын чыӊдаганын, айрыкча гемоглобинди калыбына келтирүү үчүн жаратылыш шарты өбөлгө болорун белгиледи.
– Ушундай керемет жерде жашаган тамгалыктар оорубашы керек, СДПК куру кол келбей, районго «Тез жардам» машинасын ала келдик. Адамдар ооруп калганда «Тез жардамга» муктаждык болбосун. Бул реанимобиль акжолтой болуп, жалаӊ жакшылыктарга кызмат кылып, энелерди төрөтканага ташысын,- деген тилегин айтып Чыныбай Турсунбеков Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге СДПКнын атынан Жети-Өгүз районуна белек кылган «Тез жардам» машинасынын ачкычын
тапшырды.
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Өкмөттүн, ал эми Талантбек Батыралиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан СДПКга ыраазылык билдирип, «Тез жардам» элдин жакшылыгына кызмат кылсын деген тилегин жолдошту. Саламаттыкты сактоо министри «Ден соолук кербени» жыл сайын улана турганын белгиледи. Айтымында, бардык жабдуулар менен жабдылган 5 көчмө поликлиника келе жатат. «Дени сак улут – күчтүү мамлекет, ал үчүн сапаттуу дары-дармек жана сапаттуу кызмат көрсөтүү керек»,- дейт министр.

Элмира Иманова, Тамга айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси:
– Бизде күндүзгү стационар, «Тез жардам», үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. Тосордо ФАП бар. Биз отурган имарат 1926-жылы курулган. Жаӊы имарат курулса жаман болбос эле. Суудан кыйналып жатабыз. Мурда ушул имаратта 25 койкалуу оорукана, төрт койкалуу төрөткана бар эле. Азыр айылдыктар Барскоонго, Кызыл-Сууга барып дарыланышат. Айылда 5700 киши жашайт, жайында эс алуучулар келгенде алар да бизге кайрылып, жайында биз тейлеген кишинин саны жети миӊге жетет. Айылда оорукана, төрөткана болсо, жаман болмок эмес.

Закир Мамажанов, врач-онколог-маммолог, «Ден соолук кербенинин» мүчөсү:
– «Ден соолук кербени» керектүү жана маанилүү долбоор деп эсептейм. Илгери, союз убагында биз, онколог-маммологдор республиканын аймактарына ден соолук экспедициясына чыкчубуз. Оорулуулар, өзгөчө аял кишилер оорусун жаап-жашырып, доктурга көрүнбөй жүрө беришет да, дарт өтүшүп кетет. Айрым бейтаптар дароо эле эмчи-домчуларга жүгүрөт. Бул туура эмес. Буюрса, «Кербен» жыл сайын уюштурулуп, ырааттуу жолго түшсө, калктын ден соолугу үчүн көрүлгөн мамлекеттик камкордук болуп калат.

«ДЕН СООЛУК КЕРБЕНИ» АЛКЫШ УКТУ
«Ден соолук кербени» үч айдын ичинде 15 миӊ чакырым жол басып, республикабыздын 23 районундагы 212 айыл өкмөттү кыдырып чыкты. 251 медицина кызматкери 100 миӊден ашуун кишинин дене-башын текшерип, алар кардиолог, невропатолог, терапевт жана гастроэнтеролог, офтальмолог, эндокринолог, онколог, ЛОР-врач жана ультра-добуш иликтөө (УДИ) боюнча адистин кароосунан комплекстүү түрдө акысыз өтүштү. Жүрөк оорусу бар деген шек болгон учурларда электрокардиограмма жасалды.
«Кербен» дарыгерлери оорулуулардын үйлөрүнө чейин барып, дарылоо дайындап, зарыл учурларда баштапкы медициналык жардам көрсөткөн учурлар болду. Борбордук дарыгерлер өздөрүнүн жергиликтүү кесиптештери менен бирге амбулатордук шарттарда 200дөн ашык операцияларды жасады.
Чоӊ-Алай жана Ак-Суу райондорунда дарыгерлер инфаркт кармоочу абалдагы тургундарга чукул медициналык жардам көрсөтүп, аларды тезинен реанимация бөлүмдөрүнө жаткырган үч окуя катталды. Ошондой эле ультра-добуш иликтөө учурунда дарыгер кош бойлуу абалындагы эки аялдын түйүлдүктөрүнүн өнүгүүсү токтоп калгандыгы аныкталып, аялдар туруктуу дарылануу максатында ооруканага жөнөтүлдү.
Дарыгерлерди жана алардын жабдуусун ташып жеткирүү, бөлмөлөрдү оорулууларды кабылдоого даярдоо, бир жолку медициналык аспаптарды жана башка шаймандарды сатып алуу, айылдыктарды алдын ала кабардар кылуу сыяктуу бардык уюштуруу чараларды моюнуна алган СДПК активисттери «Ден соолук кербени» долбооруна көмөк көрсөтүү боюнча опол тоодой иш-аракет жүргүзүштү. Дарыканалар же дарыкана түйүндөрү жок айылдарда көп балалуу үй-бүлөлөргө акысыз таратылган эӊ зарыл болгон дары-дармектер дагы партия активисттеринин каражаттарына сатылып алынган. Оору-сыркоодон алыс бололу!

Алмаз Бейшеналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан