ЫРАХАТ ТАРТУУЛАГАН «ЫНТЫМАК БАКЧАСЫ»

Бишкек шаардык кеӊешиндеги СДПК фракциясынын демилгеси менен уюшулган «Ынтымак бакчасы» акциясына Бишкек шаарында 16 миӊге чукул 8-12 жаштагы өспүрүмдөр менен 6 миӊдей ата-энелери катышты.
«Ырыс оошот, акыл жугушат» деген сөз бар элибизде. Анын сыӊары, бишкектик кесиптештердин жакшы демилгесин улантып кетишкен Оштогу социал-демократтар бүгүн «Ынтымак бакчасына» 13 миӊге чукул өспүрүм катышканын кабарлашты.
«Бул акциянын башкы максаты – жайкы каникулду шаарда өткөргөн жеткинчектердин, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдардын бош убактыларын коопсуз, кызыктуу өткөрүүнү уюштуруу жана чоӊ-кичине дебей кошуна жашаган шаардыктардын ынтымагын чыӊдоого, биримдигин арттырууга салым кошуу болчу»,- дейт социал-демократтардан шайланган Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Марат Аманкулов.
– Жалпысынан Бишкектеги төрт райондогу 81 короону, анын ичинде жаӊы конуштарды да кыдырып чыктык. Адатта мындай иш-чараларды өткөргөндө көрүүчүлөр сыртынан гана байкап турушат эмеспи. «Ынтымак бакчасында» биздин партиянын активисттери, тажрыйбалуу аниматорлор жана жаш ыктыярчылар короодогу чогулган балдар менен кошо ойноп, ар кандай сынак, спорттук мелдештерди уюштурдук. Ар бир өспүрүмдү сүрөп, атүгүл ата-энесин да оюндарга активдүү аралаштырдык. Ошентип каникулдагы коёндой окшош күндөрдөн тажаган өспүрүмдөргө аз да болсо кубаныч тартууланды.
«Бакча ынтымагы – шаар ынтымагы – өлкө ынтымагы» деген ураан алдында өткөн бул акциянын катышуучуларынын курамы интернационалдуу болгону да кубандырат. Анткени оюн-зоок учурунда балдар жаӊы досторду табышса, ата-энелери коӊшулары менен жаштарга тарбия берүүнүн жаӊы ыкмасын өздөштүрүштү десек жаӊылбайбыз. Ошого шыктанган акциянын демилгечилери «Ынтымак бакчасын» эмдиги жылы да улантууну алдыларына максат кылууда.

Алмаз Бейшеналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан