Аллерголог Мухтар Ашералиев: “БӨРҮ ЖАТЫШ ДАРЫДАН ДА, ТАМАК-АШТАН ДА КЕЛИП ЧЫГАТ”

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, планетанын ар бир 4-жашоочусу теринин тигил же бул аллергиялык оорусунан жабыр тартат. Андай оорулардын бири – бөрү жатыш.

– Мухтар мырза, айтсаңыз, бөрү жатыш кандай оору түрүнө кирет?
– Бөрү жатыш аллергиялык оору түрүнө кирет. Тактап айтканда, кызарган теринин бетине кычыштыруучу ыйлаакчалар чыгат. Ыйлаакчалардын көлөмү бир нече миллиметрден тартып бир нече сантиметрге чейин жетет. Бөрү жатыш дененин каалаган бөлүгүнө чыгат. Бирок көбүнчө көкүрөк бөлүктө, бетте, моюнда, ичте жолугат. Ооруга ымыркайдан тартып кары кишилерге чейин кабылышат. Ыйлаакчалардын өңү ачык кызыл түстө болот. Ыйлаакчалар биринин артынан бири 2 саат аралыгында пайда болуп, анан жоголот. Бирок жаңылары да пайда болушу мүмкүн. Учурда теринин аллергиялык оорулары, анын ичинде бөрү жатыш оорусу көбөйүп баратат. Бул экологиялык жактан таза эмес азыктар, жемиштерди элибиз көп колдонуп жатканына да байланыштуу.
– Кененирээк түшүндүрүп берсеңиз?
– Учурда сырттан баарыбыз окорочка деп билген тооктун сан эти, алма, жүзүм сыяктуу жемиштер, цитрустар (лимон, апельсин, мандарин, ананас, грейпфрут) абдан көп алынып келинип жатканы баарыга маалым. Жемиштер дээрлик модификацияланган (клондолгон) жемиштер болуп саналат. Аларды сыртынан оңой эле билүүгө болот. Сырты жылтырап, бир жеринде да курту жок.
Ал эми тоок бат чоңоюп, салмак кошуш үчүн алардын жемдерине химиялык кошулмаларды кошушат. Ал уулар тооктун сан эттеринин майларына топтолуп, аны жеген адамды аллергияга (бөрү жатышка) же ички органдардын оорусуна чалдыктырат. Ушул сыңары эле модификацияланган жемиштер да терини аллергиялык ооруга, анын ичинде бөрү жатышка кабылтып жатат. Андыктан экологиялык жактан таза, өзүбүздө эле өстүрүлгөн жемиштерди, өзүбүздө багылган тоокторду азыкка колдонгонубуз оң. Бөрү жатышты аллергияны чакыруучу башка азыктар да пайда кылат. Алар кулпунай, шоколад жана башка таттуулар, ышталган азыктар, татымалдар, маринаддалган азыктар, консервалар, газдалган суусундуктар, жумуртка, жаңгак, балык, уй менен эчкинин сүтү.
– Балада уйдун сүтүнөн аллергия бар же жок экенин кантип билүүгө болот?
– Биринчиден, аллергиялык оору тукум кууй турганын эске алуу кажет.
Эгер баланын атасы же энесинде аллергия болсо, анда балада да аллергияга кабылуу коркунучу бар. Ата-энесинде аллергия жок болсо деле балага уйдун сүтүн берерде дароо эле көп ичирбей, азыраак берип, анан аллергия чыккан жокпу, байкоо керек. Эгер аллергия билинсе дароо дарыгерге кайрылып, аллергияны жок кылуу кажет.
– Бөрү жатыш булардан тышкары дагы эмнеден пайда болушу мүмкүн?
– Оору негизинен, экиге бөлүнөт.
Курч түрү көбүнчө организмдеги инфекциядан улам же дары-дармек, тамак-ашты кабыл алгандан, курт-кумурска (аары, кумурска, аарычы коңуз ж.б.) чаккандан соң келип чыгат. Бул түрүнүн өзгөчөлүгү болуп бат өнүгүүсү жана ошондой эле дарылагандан соң бат жоголуп кетүүсү эсептелет.
Курч кармаган түрү бир нече саатка же күнгө созулса, кийин кайра кармоочу өнүгүп кеткен түрү айга же жылга созулат.
Бул аралыкта оорулуу өзүн жакшы сезбей, башы ооруп, чыйрыгып жүрө берет. Кычышуудан улам уйкусу да бузулуп, дамамат чарчап жүргөндөй абалда калат.
Кийин кайра кармоочу өнүгүп кеткен түрү ар кандай себептерден келип чыгат. Көбүнчө бөйрөктүн, боордун, ашказан-ичегинин иштөөсүнүн бузулуусунан (бул 80-90 пайызды түзөт), ичегидеги мите курттардан, өнөкөт инфекциядан (алкым бездериндеги, өттөгү жана өт жолундагы инфекциядан) келип чыгат. Кош бойлуу кездеги талгакка байланыштуу да пайда болот.
Ысык-сууктан, кара күч эмгегинен, термелүүдөн (мисалы, машинада), күн нурунан да бөрү жатыш келип чыгышы мүмкүн.

Ушулардан улам, бөрү жатыш келип чыгышына карата бир нече топко бөлүнөт:

  • Дарыдан улам келип чыккан бөрү жатыш.
  • Тамак-аштан улам келип чыккан бөрү жатыш.
  • Сууктан (суукта калган соң адатта 1-2 суткадан кийин билинет) улам келип чыккан бөрү жатыш.
  • Ысыктан (кош бойлуу кезде, этек кир келер алдында, сууктан ысыкка киргенде) улам келип чыккан бөрү жатыш.
  • Уудан (чалкан чакса, курттардын түктөрү денеге тийсе, аары чакса ) улам келип чыккан бөрү жатыш.
  • Күн нурунан (күндүн ультрасыя, инфракызыл нурунан) улам келип чыккан бөрү жатыш.
  • Эмдөөдөн улам келип чыккан бөрү жатыш.

– Бөрү жатышты дарылоо кандайча жүргүзүлөт?
– Ооруканага 10 күндөй жатуу, 1-2 ай диета кармоо сунушталат. Башкача айтканда, ооруну пайда кылган азыкты кабыл албоо керектелет. Ошондой эле организмге кирген аллергенди (ооруну козгогучту) четтетүү максатында клизма (3 күн катары менен) жасалат.
Мындан тышкары, жогоруда аттары аталган аллергияны чакыруучу тамак-аштарды да кабыл алууга тыюу салынат.
Дарылоодо сөзсүз дары-дармектер колдонулат. Эскерте кетчү нерсе, курч кармаган ооруну өнүктүрбөй дарылап калууга жетишүү зарыл. Болбосо, адам улам бөрү жатыш чыккан сайын дарылануусу керек болот. Бул өзгөчө жаш балдарды бейпайга салат.
– Оорулуу дарыланып жаткан учурда эмнелерди жесе, ичсе болот?
– Дүкөндө сатылган катырылган нандар (сухарилер) өтпөй калган нандардан жасалып, даамын жакшыртуучу заттар кошулат. Андыктан нанды үйдө бышырып алып катырып, колдонгон жакшы. Айран, чай ичүүгө, өңү жашыл түстөгү жемиштерди (сырты жашыл алма, бананды, бирок модификацияланган болбошу керек!), газдалбаган сууну ичүүгө, кантты, өсүмдүк майына даярдалган суюк тамакты колдонууга болот. Ал эми йогурт, газдалган суусундук өзгөчө кока-кола, фанта дегендерди, тооктун, жылкынын этин жегенге болбойт. Булар бөрү жатышты ого бетер көбөйтөт. Уйдун, койдун семиз эмес этинен шорпо кайнатып ичүүгө, этин жегенге уруксат. Бирок шорпосу бир кайнап чыккан соң аны төгүп салып, кайра суу куюп кайнатып, анан ичүү керек. Бул экинчи кайнатма деп аталат.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизди ар дайым ийгилик коштосун!


Билип ал

АШКАБАК – ДААМДУУ ДАРЫ

Ашкабактан түрдүү тамактарды жасоону биле бербегендей эле ашкабактын дарылык касиетин да көпчүлүк биле бербейт.

Ашкабакта адамды суук тийүүдөн сактай турган аскорбин кислотасы жана В тобундагы витаминдер бар. В витамини чачты коюулантып, тырмакты бекемдеп, терини тазалайт.
Мындан тышкары ашкабактын курамындагы А жана Е витамини бетке бырышты түшүрбөй, эрте картаюунун алдын алат. Ашкабак ширесин жүрөк кан-тамыр ооруларынан жапа чеккендер колдонушат. Бел кубатын жогорулатуу үчүн эркектер да ичишет.
Эгерде адамдын ичинде ичеги курту бар экендиги билинсе, анда ашкабактын данегин жесе, курттардан арылат.
Боору же бөйрөгү ооругандар оорусунан айыгуу үчүн ашкабак сүтүн ичүүлөрү керек. Ашкабак сүтүн алуу үчүн ашкабактын кургатылган данегин упадай майдалап, ысык суу кошуп, анан сүзүп алуу керек.
Өттүн оорусунда ашкбакты эт майдалагычтан же сүргүчтөн өткөрүп, ширесин куюп алуу керек. Анан күнүгө 2 маал тамактан 30 мүнөт мурда жарым стакандан ичүү талап кылынат.
Улгайган адамдар ашкабакты тамакка колдонуп жүрүшсө, кан тамыр оорулары көп кармабайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан