Көптөн бери аракет кылып жүрүп жер тилкесине ээ болдуӊуз. Кандай үй курсам, эмнени кайсы жерге жайгаштырсам деп ойлонуп жатасызбы? Заманбап времянканы кандай жол менен куруу ыӊгайлуу? Бул тууралуу архитектор Бакыт Бегиматов кеӊеш берет. Биз төмөндө 38,8 чарчы метр времянка тууралуу сөз кылабыз.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КАРАЖАТТАР
Пайдубал:
Цемент тоннасы – 7000 сом, 3,5 тонна керектелет – 24 500 сом
Арматура (18 диаметрлик) – метри 45 сом, 120 метр керектелет – 5400 сом
Каамыт (хомут) – килограммы 50 сом, 26 килограмм керек – 1300 сом
Шагыл – 1 КамАЗ 7000 сом, 3 КамАЗ керектелет – 21 000сом
Таш – 1 КамАЗ 6000 сом, 1 КамАЗ керектелет
Жалпы – 58 200 сом
Дубал:
Капчыгыӊызга жараша бышкан кышты же чийки кышты тандасаӊыз болот
Бышкан кыш – 11 700 даана, 1 даанасы 6 сом – 70 200 сом
Чийки кыш – 11 700 даана, 1 даанасы 3 сом – 35 100 сом
Топурак – 1 КамАЗ 2000 сом, 1 КамАЗ керектелет
Кум – 1 КамАЗ 5000 сом, 1 КамАЗ керектелет
Цемент - 1,5 тонна керектелет - 10500 сом
Жалпы – бышкан кыш менен 87 700сом
Чийки кыш менен 42 100 сом
Чатыр:
Торсун (балка) – 4 метрлик 5х15 сантиметр өлчөмүндө, 1 даанасы 400 сом, 16 даана керек – 6400 сом
Чатыр устун (стропила) – 5 метрлик 5х15 сантриметр өлчөмүндө, 1 даанасы 450 сом, 16 даана керек – 7200 сом
Ичке тактай (рейка) – 4 метрлик 5х4 сантиметр өлчөмүндө, метри 25 сом, 40 даана керек – 1000 сом
Бурама мык (шуруп) – 4-5 миллиметрлик, 1 килограмм керек – 200 сом
Металл черепица – чарчы метри 500 сом, 90 чарчы метр – 45 000 сом
Мык (100-120мм) – килограммы 50 сом, 25 килограмм керек – 1250 сом
Жалпы – 61 050 сом
Пол:
Шагыл – 1 КамАЗ 7000 сом, 2 КамАЗ керек – 14 000 сом
Цемент – тоннасы 7000 сом, 1,5 тонна керек, 10 500 сом
Майда шагыл – 1 КамАЗ 7000 сом, 1 КамАЗ керектелет
Жалпы – 31 500 сом
Эшик-терезе
Эшик-терезенин баалары – 3 000 сомдон жогору. 5 даана эшик, 4 даана терезе керектелет. Биз эшик-терезени 3 миӊ сомдуктан эсептедик.
Жалпы – 27 000 сом
Курулуш каражаттарына кеткен жалпы чыгым – 265 450 сом (бышкан кыш) 219 850 сом (чийки кыш)
Устанын колу менен жасалышы керек десеӊиз, кызмат акылары төмөнкүдөй
Пайдубалдын 1 метр кубу 1500 сомдон жогору куюлат, 17,28 метр куб – 25 920 сом
Бышкан кыштын бир даанасы 4 сомдон, чийкисин 3 сомдон коюлат, 11 700 бышкан кыш – 46 800 сом, чийки кыш – 35 100 сом
Чатырдын чарчы метри 350 сомдон коюлат, 90 чарчы метр – 31 500 сом
1 каалга-терезени орнотуу 1000 сомдон жогору – 9000 сом
Пол үчүн куюлуучу бетондун 1чарчы метри 200 сомдон, 38,8 чарчы метр – 7760 сом
Кум шыбактын 1 чарчы метри 150 сом, 107,86 чарчы метр – 16 179 сом
Кум шыбак (сырты) – 150 сомдон, 79 чарчы метр – 11 850 сом
Кызмат акысы үчүн кеткен жалпы чыгым – 149 009 сом бышкан кыш менен, 137 309 чийки кыш менен
Кызмат акысын кошуп эсептегенде времянка тургузуу үчүн орточо эсеп менен 414 459 сом (бышкан кыш), 357 159 сом (чийки кыш)жумшалат. Үйдүн ички жасалгасы, электромонтаж, канализация, жылытуу системин киргизүү эсептелген жок. Ал эми полду цементтеп отурбай, жыгач менен полдоп алсаӊыз да болот.
Чынгызхан Кожошов
kenesh@super.kg