Коррупциялык иштерге тиешеси бар экендиги айтылган Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев 16-июлда кызматынан убактылуу четтетилген эле. Бирок бул окуя чагылгандай тез өнүктү. Президент 20-июль күнү Нарымбаевди кызматынан биротоло бошотту. 22-июлда Президенттик аппараттын экс-жетекчиси камакка алынды.
СУРАККА БАРЫП КАМАЛДЫ
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 22-июль күнү Данияр Нарымбаев Башкы прокуратура тарабынан суракка чакырылып, камактагы депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилген. Маалым болгондой, беттештирүүдө Коркмазов Нарымбаев Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миӊ доллар суратканын, 7-майда Түлеевдин кызынан 50 миӊ доллар алып, анын колуна тапшырганын Президенттик аппараттын экс-жетекчисинин бетине айткан. Ушул эле күнү Данияр Нарымбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, ага карата «коррупция», «опузалап пара талап кылуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Эскерте кетсек, 15-июль күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовду учурда абакта жаткан Бишкек шаарынын экс-мэри, мурдагы эл өкүлү Нариман Түлеевдин туугандарынан 100 миӊ доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан. УКМК: «Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун Жогорку Сотто кылмыш ишти кароодо маселени оӊ чечип берүүгө жардам көрсөтүү үчүн экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан 200 миӊ доллар пара талап кылганы аныкталды»,- деп билдирген. Ошол эле учурда аталган ишке Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин катыштыгы бар экени айтылып, Нарымбаев «бул ишке тиешем жок» деп билдирүү жасаган эле.
ТҮЛЕЕВДИН КЫЗЫНЫН АГЫНАН ЖАРЫЛГАНЫ НАРЫМБАЕВДИН КАМАГЫН ТЕЗДЕТТИ
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева 24.kg маалымат агенттиги аркылуу жарыялап жиберди. Ал Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековго кайрылып, мүлктү конфискацияга алуу маселеси Жогорку Сотто мыйзамдын алкагында каралышын суранганда Турганбеков «бул ишти Данияр Нарымбаев менен чечүү керек» деп айтканын билдирди. «Данияр Нарымбаев менен жолугушууда мен ага Жогорку Соттун судьялары маселеге ансыз кийлигише албай турганын айтып жатышканын билдирип, иштин мыйзамдуу чечилишине жардамдашууну сурандым. Ушул эле күнү Нарымбаевдин атынан бизге депутат Хажимурат Коркмазов байланышка чыкты жана мыйзамдуу чечим чыгарып берүү үчүн 50 миӊ доллар талап кылды. Үч жылдан бери басым-кысым көрүп жүргөн биздин үй-бүлө акчаны берүүгө макул болуп, аны Коркмазов аркылуу бердик. Алар бул акча Турганбековго телефон чалууга гана кетерин айтышты. Мен маселени депутат Коркмазов аркылуу Нарымбаев менен чечүүгө аргасыз болдум. Мага 50 миӊ доллар бул маселени чечүүдө күлкү келерлик сумма экенин кабарлашты»,- дейт Назгүл Түлеева. Экс-мэрдин кызынын айтымында, мындан кийин андан Коркмазов Жогорку Соттордун судьяларына команда берүү үчүн дагы 150 миӊ доллар же Нарымбаевдин соттук иштерди акырына чейин көзөмөлгө алышы үчүн 350 миӊ доллар сурагандыгын, эгер бул сунуштарга макул болбосо Түлеевге кысым күчөй турганын, жаӊы кылмыш ишин ачууга негиз табыларын айткан. «Акча талап кылуу токтобой турганына көзүм жеткенден кийин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылууга аргасыз болдум»,- дейт Түлеева.
Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдарга териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Президент: «КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ ЭЧ КИМДИ АЯБАЙМ»
Албетте, коомчулук бул чуулгандуу иш тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ой-пикирин угууга кызыкдар болуп жатты. Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев: «Президент коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябайм. Мейли алар менин командамдагы же чөйрөмдөгү адамдар же жакындарым болсун. Бирин дагы аябайм деп билдирди»,- деди. Анын айтымында, Атамбаев «эгер Нарымбаевдин күнөөсү далилденсе, ал жазасын алышы керек» деп билдирген. 22-июль күнү президент Бишкек-Балыкчы жолунун оӊдоодон өткөн бөлүгүн ишке берүү аземинде сүйлөп жатып да «мен өзүм биринчи болуп мыйзамга баш ийем. Мындан ары өлкөдө кол тийбестер болбойт»,- деп айтты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg