Ош шаардык соту мурунку мэр Мелис Мырзакматовго жагымсыз сюрприз тартуулады. Тактап айтканда, 22-июлда Мырзакматовду 7 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча чечим чыкты. Шаардык сот Мырзакматовду кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Азырынча бул чечим боюнча экс-мэрдин өзү да тарапташтары да ак же көк деше элек.
Эскерте кетсек, Мырзакматовго 2014-жылдын ноябрь айында «Ош шаарынын мэри болуп турганда шаардагы эстакадалык көпүрөгө байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди жасаган» делинип кылмыш иши ачылган. Учурда Мелис мырза Кыргыз Республикасынын аймагында эмес. Айрым маалыматтарга караганда ал Кытайда из жашырып жүрөт. Ал эми Ички иштер министрлиги анын Орусияда жүргөндүгүн ушул жылдын февраль айында маалымдаган болчу.
Жакында Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясын колдой турганы белгилүү болгон эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg