БИР ЖУМУРТКАМ ЧОҢ, БУЛ РАК ЭМЕСПИ?

БИР ЖУМУРТКАМ ЧОҢ, БУЛ РАК ЭМЕСПИ?
– Менин бир жумурткам экинчисине караганда чоң. Ошондуктан, экинчисинин чоң болгону кокустан болуп рак эмеспи деп ойлоп коркуп кетем. Бирок, кызыгы, оорутпайт деле. Мындай болушу эмнеликтен? Данияр, Талас.

– Бир жумуртканын чоң болгондугу рак эмес. Анткени, ар бир эркектин бир жумурткасы дайыма чоң болот. Муну жаратылыштын өзү эркектин жу­мурт­­касынын бирин өйдө, экинчисин ылдый кылып акылдуулук менен жараткан деп белгилесек болот. Анткени, эгерде көлөмдөрү жагынан бирдей болуп, анан кокустан экөө урулса экөө тең болбосо да бири жарылып кетмек.


ЭРКЕКТЕР КАРМАЛАП, ӨПКҮЛӨСӨ ДА ЭРИБЕЙМ...
Мага эркектин өпкөнү деле, аялдын өпкөнү деле баары бир. Анткени, эркек жаныма отуруп, кучактап, сылап-сыйпаласа да деле жыныстык жактан козголбойм. Бул эмнеликтен? Же менде оору барбы? Венера, Нарын.

– Мындай абалга кез келүү бир нече себептен улам келип чыгат.
* Биринчиден, сизде эркектерге карата күчтүү сүйүү сезими жок.
* Экинчиден, эс тарткандан баштап сизди шайкелең болбосун деп катуу тыйып, коркутуп тарбиялап коюшкан.
* Үчүнчүдөн, өзүңүздүн бир өксүгүңүз болсо керек. Мисалы, «эмчегим кичине, бутум ийри же жан жерим чоң, кенен го» деген жаман ойлорду ойлоп жатып өзүңүздү чүнчүтүп коёт болсоңуз керек.
Мына ушул аталган себептерден аял дүүлүкпөйт. Эми берээр кеңешибиз, ар адамда кемчилик бар экенин эске алып, дене кемчилигиңизди эстен чыгарыңыз. Дүүлүгүп, аял катары лаззатка балкууну кааласаңыз, сизди сүйүп, сыйлаган, жыныстык жактан маданияттуу эркекти табууга жетишиңиз. Ал эркек сылап-сыйпоо менен денеңизди дүүлүктүрүп, асыл сөздөрдү арнап, сиздин жандүйнөңүздү жазгандай болсун. Башкача айтканда, ал эркек сизди өзүнө тартып, сүйдү­рүүгө жетишсин. Ушулардан соң сизде бардыгы калыбына келип, аял катары төшөк­тө бактылуу боло аласыз.


МЕН «ВАГИНИЗМДЕН» АЗАП ТАРТЫП ЖАТАМЫНБЫ?
– Менин жыныс кыныма күйөөмдүн алигиси тургай, тампон да кирбейт. Жыныстык кошулууну ойлогонумда эле денем жыйрылып, карышкан булчуңдарымды жаза албай калам. Ошондуктан, күйөөгө тийгениме бир топ убакыт болсо да али кыз бойдон жүрөм. Кайын журтум мени «кыз эмес келиптир» деп ушак чыгарып жиберишиптир. Бирок, менин ушундай абалда калып, күйөөм экөөбүз кошула албай жатканыбызды аларга айтып, түшүндүрө албайбыз. Укканыма караганда, меники «вагинизм» болушу мүмкүн экен. Ошондуктан, «вагинизм» деген эмне жана менин абалым «вагинизмге» киреби деп сурайын дегем. Мен бул абалдан кантип чыксам болот? Медина, Кант.

– Баяндооңузга караганда, сиз вагинизмден азап тартып жатыпсыз. «Вагинизм» кыргызча «мартылак» деп аталат. Бул эмнеликтен келип чыгат жана кантип кутулууга болот деген сурооңузга төмөнкү баяныбыз жооп болмокчу.


ВАГИНИЗМ ЖЕ МАРТЫЛАК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Вагинизм (латынча vagina – тылак же жыныс кыны) – жыныстык жактан кошулаарда же дарыгер-гинеколог текшерээрде тылактын оозунун булчуңдары жана жамбаш көңдөйүнүн бул­чуңдары катуу жыйрылып карышып калат. Башкача айтканда, булчуңдар карышкандан улам жыныс кынына эч нерсе кирбей калат. Бул негизинен, кыздар өзүнөн мурда күйөөгө тийген курдаштарынан «Биринчи нике түнү аябай ооруйт экен» дегенди көп угуп, коркуп калгандан болот.

Вагинизмдин түрлөрү
Баштапкы мартылак
Эркектин алгачкы жолу эле кызга оройлук жана оорутуу менен жыныстык кошулууга аракет кылганында келип чыгат. Бул кээде жубайлар көп жыл чогуу жашашса да балалуу болбоолоруна алып келет. Анткени, экөө кошулаарда эле аялдын кынынын оозу бүтөлүп калат да, эркек жыныстык жактан кошула албай калат.
Кийин пайда болгон мартылак
Бул мурун жыныстык катнаш болуп келген болсо да катуу оорутуудан же күч колдонуп жыныстык катнашты жасоодон улам болот.
Аялдар күйөөсүнө катуу таарынып же жек көрүп калса да жыныс кынынын оозунун булчуңдары жыйрылып, күйөөсү жыныстык катнашка бара албай калат.
Мартылактан кантип арылууга болот?
Жубайлык жашоодо аялда мартылактык узакка созулуп кетсе, күйөөсүнүн жыныстык күчү төмөндөп кетет.
Аял мартылактан айыгышы үчүн сексопатологго кайрылуусу кажет. Алар атайын дарылоо ыкмалары менен мартылактан айыктырышат.


ЖАТЫНДЫН ГИПОПЛАЗИЯСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Менин жашым 23тө. Жергиликтүү врачтар мага «жатындын гипоплазиясы» деген диагноз коюшту. Бул эмне деген оору жана кантип дарылансам болот? Айдана, Ош.

– Жатындын гипоплазиясы – бул кичине, өспөй калган жатын. Башкача айтканда, көлөмү калыптагыдан кичине. Бул кандагы жыныс­тык гормондордун керектүү деңгээлде жетишсиздигинен болот.
Гипоплазияны дарылоо үчүн физиотерапия, кээде гормоналдык каражаттар колдонулат. Гипоплазия балалуу болбоонун себепчиси болушу мүмкүн. Сизге борбор шаарыбыздагы гинеколог-эндокринологго кайрылууңузга кеңеш беребиз. Кантип дарыланууңуз толук текшерүүдөн өткөндөн ки­йин маалым болот.


БОЙГО БОЛУУСУ ҮЧҮН 3 КҮН КОШУЛБОО КЕРЕКПИ?
– Келинчегим экөөбүз эртерээк балалуу болууну каалайбыз. Ошондуктан, бойго батыраак бү­түүсү үчүн абдан көп кошулуу керекпи деп сурайлы деген элек. Досторум: «Төшөк оюнунан 3 күн баш тартып турсаң, бел сууңдун сапаты жакшырат да, бойго бат бү­төт» дешүүдө. Ушул чынбы? Малик, Токтогул.

– Эркек күнүнө 3-4 жолу жыныстык жагынан кошула берсе, урук клеткалары «бышып» жетилбей калат. Ошол себептен, аялдын боюна бүтүү мүм­күн­чүлүгү азаят. Боюнда болуш үчүн 2-3 күндө гана бир жыныстык жактан кошулуу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан