АКШнын Орегон университетинин Фулбрайт программасынын катышуучусу Уин МакЛафлин аттуу айым Кыргызстандын аймагынан акыра (жираф) жана кериктин (носорог) калдыктарын таап алгандыгын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Маалыматтарга караганда, Уин МакЛафлин Кант жана Нарын шаарларынын аймагына жана Ысык-Көлдүн айланасында издөө иштерин жүргүзүп, керик жана акырага таандык сөөктөрдү тапкан. Ал жаныбарлар мындан 6 миллион жыл мурун жашагандыгы болжолдонууда. Сөөктөрдүн көпчүлүгү Кочкор районунун аймагынан табылганы айтылууда.
Элчиликтин маалыматына ылайык, Уин МакЛафлин мына ушул багытта изилдөө иштерин жазып келет. Ал илимий ыкмаларга таянуу менен сөөктөрдүн жылын аныктоодо.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg