Экс-депутат Нариман Түлеевдин ордуна «Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеӊешке депутат болуп келген Таалайбек Ибраевдин кызматтык унаасы адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка кириптер болду. Окуя үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда болгон. 1975-жылы туулган Аида Орозбаева аттуу айым жумушка бара жатканда аны Бишкек шаарынын Горький жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри унаасы менен бара жаткан айдоочу сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, 13-июлда каза тапкан. Маркумдун жакындарынын айтымында, окуя болгон учурда унаада Жогорку Кеӊештин депутаты Таалайбек Ибраев жана анын жардамчысы болгон.
Ибраев аталган кырсык боюнча жоопкерчилик тартууга даяр экендигин билдирүүдө. «Мен өзүм мыйзам чыгаруучумун, демек, мыйзамга баш ийишим керек»,- дейт ал. Маалыматтарга караганда, кырсык болгон учурда рулда депутаттын айдоочусу болгон. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg