БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ ЖОЛУНУН ОӉДОЛГОН БӨЛҮГҮ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кыргызстандын негизги кан жолдорун оӊдоо иштери активдүү уланууда. 22-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Бишкек-Балыкчы жолунун оӊдоодон өткөн бөлүгү (147-171-чакырымы) ишке берилди. Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев билдиргендей, кан жолдун бул бөлүгүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын каржылоосу менен 38,37 миллион долларга оӊдоо пландалган. Учурда аталган каражаттын 90 пайызы же 34,7 миллион доллары иштетилди.
«Боом капчыгайындагы жол мурда эки катар унаа жүрүүгө гана ылайыктуу болчу. Учурда 4 унаа батчу жолго айланды. Төшөлгөн асфальттын калыӊдыгы 14 сантиметр. Эми жол белгилерин коюу иштери калды. Муну менен катар курулуш иштеринин жүрүшүндө 5 көпүрөнүн туурасы кеӊейтилди жана жаӊыланды»,- деди министр.
Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү элдин алдында сүйлөп жатып: «Балыкчы-Түп-Кеген жаӊы автотрассасынын курулушун долбоорлоп ишке ашыргандан кийин бул альтернативдүү жол Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарын гана өз ара байланыштырбастан, Кыргызстанды Казакстан менен дагы бириктирет»,- деди. Мамлекет башчысы жолдун курулушу ишкердикти жана сооданы өнүктүрүүгө жакшы түрткү берип, жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн түндүгүндө дагы, түштүгүндө дагы инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүгө дем берерин баса белгиледи. Сөзүн Атамбаев: «Ылайым ушул жаӊы жолдор ынтымакка жана биримдикке, элибиздин жыргалчылыгына жана мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө кызмат кылсын»,- деп жыйынтыктады.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан