АРСТАНДЫН ЖҮРӨГҮН КАЙСЫ ЖЫЛДЫЗ БАГЫНДЫРАТ? (23-июлдан 23-августка чейин төрөлгөндөр)

Бардык тараптан лидерликти колдон чыгаргысы келбеген арстан жылдызынын астында төрөлгөндөрдү мамиледе туруксуз дешет. Бирок ал өзүнүн сезимдерин талдап түшүнгөн соӊ акыры түбөлүк сүйүктүүсүнүн колун кармайт. Арстандын жүрөгүн кайсы жылдыз ээлери багындырат да, кайсылар окулуп бүткөн барактай артта калат? Чогуу баам салалы.

АРСТАН – КОЙ
Күчтүү темперамент жагынан бирине бири ат салдырбаган бул эки жылдыз ээлери мыкты түгөй боло алышат. Экөө теӊ энергиялуу, шайыр, ылдамдыкты самаган жандар. Бирок үй-бүлө мамилесинде эки тизгин, бир чылбырды кой жылдызындагы адам кармашы керек. Антпесе марттыгы, мактап койсо дардалаӊдап оӊго-солго акча чача бергендиги менен арстан үй-бүлө казынасына жоготуу алып келиши мүмкүн. Эгер түгөйү бул учурда аны артка тартып, көзүн ачып турса эле жашоо ойдогудай өтөт.

АРСТАН – БУКАЧАР
Арстанды букачар жылдызынын астында төрөлгөн түгөйү канчалык колдоп-коштобосун алардын союзу көпкө узабайт дешет жылдыздар. Эркек арстандын туруксуз жүрүм-туруму токтоо айым букачарды тажатып жиберет. Айым арстан эркек букачардын материалдык байлыгына же бийлигине карап мамиле түзүшү мүмкүн. Ал букачар эркекке баш ийсе гана үй-бүлө очогу сакталат.

АРСТАН – ЭГИЗДЕР
Арстан айым эгиздер эркектин шайырдыгын, акылдуулугун баалоо менен, анын майда-чүйдө кемчиликтерин кечирип жашай берет. Ал эми арстан эркек эгиздер айымдын өзүн күтө билгенин бааласа, эгиздер айым анын башкаруучулук сапатын баалайт. Бирок эгиздер айымдын жеӊил ойлуулугу арстан эркекти кооптондурушу мүмкүн. Ал эми эгиздер айымды түгөйүнүн эркиндикти самаганы ойго салат. Эгер биринин оюн экинчиси түшүнүүгө, колдоого аракет кылса эле ынтымакта жашап кете алышат.

АРСТАН – БӨЙӨН
Назик, уялчаак бөйөн энергиясы ашып-ташкан арстандын көлөкөсүндө калат. Бул эки жылдыз ээлери ортодо сезимден башка да кызыкчылыктар роль ойноп баш кошушса гана жашап кете алышат. Бөйөндүн акыл-насаат айтканы арстанды тажатып жибербесе, калган учурда өзүн каймакта калкып жүргөндөй сезет. Көпчүлүк учурда арстандын басымына чыдабай бөйөн өзү биринчи кол үзүп кете берет.

АРСТАН – АРСТАН
Бири-бирине болгон тартылуу, кумар арстандарды бат бириктирип, ошол эле учурда бат ажыратат. Текебер мүнөзгө ээ арстандар чыр чыккан учурда кечиримдүү болуунун ордуна компромисске ким биринчи келет, ким баш ийет деп күтүп отура беришет. Бирок достукта, иш процессинде ынтымактуу өнөктөш боло алышат. Кандай кыйынчылык болбосун күчтүү энергиясы менен жеӊип чыгып, ийгиликтерди жаратышат.

АРСТАН – БИЙКЕЧ
Жашоого болгон көз карашы жагынан бири-бирине карама-каршы келген жандар. Айым бийкечтин бардыгы алдын ала пландалып, үй тиричилигиндеги эрежелер сакталышы керек деген ою арстан эркек үчүн жат көрүнүш. Ал бул учурда моюнунан байланган иттей болуп жашоого кызыгы тарап, түгөйлөр эки ажырым жолго түшүшөт. Эркек бийкеч шайыр арстан айымды бир из менен басууга көндүргүсү келет, бирок табиятынан эркиндикти сүйгөн арстан айым ага көпчүлүк учурда баш ийбейт.

АРСТАН – ТАРАЗА
Бул эки жылдыз астында төрөлгөндөрдү узак, кызыктуу, бактылуу жашоо күтөт. Бири-бирин жарым сөздөн түшүнүп, бир кызыкчылык менен өмүр сүрүүгө жөндөмдүү болушат. Үй-бүлөдө арстан эркек үйдүн кожоюну катары материалдык жактан камсыздап, аялына күчтүү калканч болуп берет. Ал эми айым тараза үйдөгү жылуулукту сактап, ар дайым өзүнө каранып, сылык-сыпаалыгы менен арстандын жүрөгүн багындыра алат. Тараза эркек болсо жумушта, достор арасында өзүнүн лидерлигин көрсөтүү менен арстан айымдын суктануусуна, колдоосуна ээ болот.

АРСТАН – ЧАЯН
Бул союз көпчүлүк учурда оор курулат жана көпкө узабайт. Экөө теӊ намыскөй, менменсинген жандар. Эгер бири өзүн экинчиси басынтып жатканын байкап калса, ортодо согуш чыгып кетиши толук мүмкүн. Арстан көзү менен миӊди сүйгөндөрдүн катарында, анын бул сапатын сезимде туруктуулукту баалаган чаян жактырбайт. Айым арстан күчтүү калканчты эркек чаяндан таба алат. Ал эми айым чаян менен эркек арстан бири-бирин акырына чейин түшүнө алышпайт. Арстан эркек болобу, айымбы, чаяндын эрежелерине баш ийип жашаганда гана үй-бүлө очогун сактап калууга болот.

АРСТАН – ЖААЧЫ
Арстан менен жаачыга үй-бүлө очогун курууга болбойт деген чектөө жок. Арстандын үй-бүлөнү бардык жактан камсыздаганы, коргогону жаачыга майдай жагат. Эгер жаачы эркек болсо, көп сүйлөп акыл үйрөткөнү менен арстан айымды тажатып жиберет. Айымынын кайдигерлигин байкаган жаачы эркектин көӊүлү сууп калышы мүмкүн. Айым жаачы арстандыкына окшош кумарлуулугу, саякатты сүйгөндүгү, эркиндикти баалагандыгы менен арстан эркекти бат эле багындырып, өзүнө керектүү тарапка тарбиялай алат.

АРСТАН – ТЕКЕЧЕР
Нике шакегин тагынуудан мурун бул эки жылдыздын ээлери тыкыр ойлонушу кажет. Анткени ортодо көп түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Текечер арстандын дайыма эл көзүндө болгонун, ысырапкорлугун жактырбайт. Ал эми арстан текечердин айтканынан кайтпаган өжөрлүгүнөн тажап кетет. Арстан текечерге баш ийсе гана үй-бүлө очогу көпкө тутанышы мүмкүн, бирок лидерликти колдон чыгарбаган арстандар көпчүлүк учурда баш ийе бербейт. Экөөнөн мыкты достук союзу жаралат.

АРСТАН – СУУ КУЯР
Үй-бүлөгө тиешелүү маселелер көп чыгат, бирок аларды арстан менен суу куярдан түзүлгөн союз оӊой жана жеӊил чечип кетүүгө жөндөмдүү болушат. Арстан эркекти суу куяр айымдын жеӊилдиги өзүнө тартса, кенебестиги тескерисинче коркутат. Суу куяр эркек менен арстан айым экөө теӊ жеӊил мамилени тандашат. Арстан суу куярга басым жасап, баш ийдирем деп эле ортодогу мамилеге жарака кетирбесе, экөө бири-бирине толук шайкеш келчү түгөйлөрдүн катарында.

АРСТАН – БАЛЫК
Көпчүлүк учурда бул эки жылдыздын никеси кыйроого учурайт. Алгач бири-бирине болгон кумар экөөнү бириктиргени менен, аз убакытта арстан жаӊы курмандык издеп эшикти тарс жаап кете берет. Балык жылдызында төрөлгөндөр кыялкеч, сезимтал, аркасына кылчактай берген жандар. Арстандын кызуу кандуулугун алар көтөрө алышпайт. Ал эми арстанга балыктын бир орунда тура бергени, жаӊычылдык издебегени жакпайт. Эгер арстан мамилеге чекит койсо, балык сезими үчүн күрөшпөйт, жөн гана «демек, бул менин адамым эмес» деп өзүн-өзү жооткотуп кала берет.

Ырчы Айпери Кубик кызы арстан жылдызынын астында төрөлсө, жолдошу Наруландын жылдыз белгиси бийкеч. Айпери жолдошу экөөнүн мүнөзү жөнүндө кыскача баяндай кетти:
– Жылдыз төлгөгө ишенбейм, бардыгы Кудайдын буюрганы. Ал эми жолдошум экөөбүздүн мүнөзүбүз жөнүндө айта кетсем, бири-бирибизге карама-каршыбыз. Нарулан токтоо, оор басырыктуу болсо, мен шайыр, энергиялуу, адамдар менен бат тил табышкан жанмын. Экөөбүз эки башка мүнөздөгү адамдар болгондуктан жашообуз да кызыктуу. Токтоо болчу жерде ал, шайыр болчу жерде мен болуп, бири-бирибизди толуктап турабыз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Deniza88
2015-07-27 13:27:45
Ошо да ушуга мен да Ишенбейм
+1
Meer
2015-07-27 14:47:40
эми бул деген толгода. Кээбир жерлери туура келип калат.
0
Faina
2015-07-27 14:56:26
ишенбедим
0
Birimdik5555
2015-07-27 17:39:39
Менин жолдошум арстан мен чаян Кудай сактасын азырынча ынтымактуу элебиз туболукко ушундай эле жашайлы,баары АЛЛАдан коз каранды!
+1
AIZAD
2015-07-28 00:41:51
Ишенбегендер окубай эле койгула да! Ширк-мирк дебей.
0
bela77
2015-07-28 09:42:59
Жогоруда жазыптыр бироо жолдошум арстан мен чаянмын деп, экоо деги бир келишпеген зодиактар эле..демек калп экен да маалыматтын баары ээ...
0
Patriot...kg
2015-07-28 18:52:40
Мен да Арстанмын
0
Taldyk
2015-07-28 19:17:24
Жылдыз толгого ишенсен ширк. Муноздомого жонунундо дамблалардан сураш к.к экен
-1
barpynynkyzy
2015-07-28 20:06:54
Эн туура эле! Мен ишенем. Кызыктуу маалымат учун рахмат!
0
tea23
2015-07-28 23:16:58
Арстан менен бойон эн сонун достор.
0
VIK
2015-07-28 23:27:12
Бул жуманын жылдыз толгосу жокбу?
0
admin_superstan
2015-07-29 10:25:10
VIK, саламатсызбы!
Жарыяланган:
http://www.super.kg/article/show/32861/
0
MoXiTo
2015-07-29 09:33:51
мен Балыктарга кирем жолдошум Арыстан муну билгендер бизге бир чети тан калса бир чети мага ыраазычылыгын айтышат. Арыстан мн Балык такыр башка башка дуйнонун адамдары жашаш чынында эле кыйын. Балыктыгыма салып унчукпай кутулуп кетем коп эле ситуацияларда Арыстан дайыма озумчул озунукун бербеген паразит лидер.
+1
kuba1
2015-07-30 21:31:34
Кудайга ширк келтирбейли
0
edu.k
2015-07-31 15:31:20
Тигиндей мындай болот дебей эле жон гана окуп чыгып кете бербейсинерби? Керек болсо ошол силер кирип окуп жаткандын озу куноо болуп журбосун? Ар жерден чокулап мындай болот андай болот дебей же бир жолу толук маалымат берип кетпейсинер. Бул порталда каалаган ойунду жазуунду жазганга болот,ойун зоок порталы деп койот. Кандай ойдо жазгын келет ошол ойуна жараша атайын тиешелуу болумдор баракчалар бар
0
aidan.nur
2015-08-03 02:33:58
Жаачы жылдызындагыларга кайсы жылдыздын ээси дал келишет.

0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан