(Башталышы өткөн сандарда)
... Маргалаӊ.
Күн жылымдап калган кез. Ошол 1876-жылдын 1-мартында Маргалаӊдын кеӊ майданына эл жык-жыйма толду. Кап ортодо бийик секи. Секиде бош сыйыртмагы салаӊдап дар турат.
Түркстан генерал-губернатору фон Кауфман баштаган бир топ адам көрүндү. Жанында генерал Скобелев, барон Миллер-Закомельский, узун этек кымкап тондорун шөлбүрөтүп булардын артынан Кудаяр, Насирдин, Абдырахман, Сейид Маулан бек ээрчип алышкан. Эӊ артында жолбун иттей болуп, уругу дөөлөс Мырзакул.
– Көп жылдан бери силерге эгин эктирбей, мал бактырбай, соода кылдырбай азгырып жүргөн, силерди өз ханыӊарга жек көрсөтүп жүргөн бузуку, ууру Исхак кармалды...- деди жарымпаша атайын жасалган бийик орунга чыккан соӊ.
Татар тилмеч которду. Кудаяр өз сөөлөтүн тутуп тынч. Абдырахман абтабачынын кабагы салыӊкы. Насирдин эки жагын элеӊдеп каранып, эл дүӊгүрөп куттук айтат деп турду. Эл тымтырс калды.
Шыкалган элдин ичинде сакалы, чачы өсүп кеткен, эки көзү кыпкызыл, жүдөө дувана турган. Бул Момун болчу. «Кайдан алып келер экен?» деп эки жакты каранат. Бир кезде пириндей ишенген адамды эӊ акыркы жолу бир көрүп калуу мудаты окшойт.
Аӊгыча барабан дыбыр-дыбыр кагылып, зындан жактан төрт кара атчандын ортосунда Исхакты алып келишти. Эки колу, эки буту кара чынжыр менен чидерленип, ал аздык кылгандай кенеп аркан менен эки карысынан, бутунан, моюнунан байлап, төрт атчан төрт жакка керип алышкан. Исхак өлүм менен эрегишкендей көӊүлү ачык, бүркүт окшоп эки жагын ормоӊдоп каранып, «Ассалоому алейкум!», «Ассалоому алейкум!» деп алик алганга да, албаганга да бирдей жаркылдап учурашып өтө берди. Ал кайраттана дардын секисине бут койду. Майып буту кычыр-кычыр этти. «И!» деп койбой, намысы чыӊап, көктүгү жеӊип, соо кишидей жулкунуп чыкты.
Фон Кауфман Исхакты «Түркстан элинин душманы», «бузуку», «уурулардын башчысы» деп жарыялап, дарга асуу аркылуу өлүм жазасына тарткан өкүм окуду.
Тээ алыста Момун эки көзүнөн жашы ирмелбей төгүлүп, акырын энтигип турду.
Эч сөз угузбай, ый угузбай, сөгөт угузбай барабан тынымсыз дүӊгүрөп жатты. Исхак акырын күбүрөп өз келмесин өзү айтып, көзүн жумду. Сыйыртмак акырын моюнуна түштү. Сарбаз Исхак чыгып турган жеӊил күрсүнү тайдыра тээп жиберди...
Эл дым. Исхак чиренип, саал жандалбас кылып, анан мурдунан асып койгон көк жолборстун терисиндей чубалып, узуну чыгып, акырын чайпалып туруп калды. Барабан үнү акырындап токтоло баштады.
– Оо... Баатырдан калып не табам?!. Не таба-а-м?..
Өкүрүк жерге көмүлгөндөй тымтырстыкты жарып кетти. Бул ким? Эл дүүлүгүп жарыла берди. Момун экен!
– О, баатырдан калып не табам, кокуй?! Өү-ү...- деп кармаганга болбой, тосконго бой бербей далбактап чуркаган бойдон дарга чыгып, тизелеп, мөгдөп Исхактын бутунан кучактап калды.
Тосмосу жарылгандай эл буркан-шаркан түшүп, баары чуу түшүп өкүрүп жиберди. Ошол замат «татыр-р, татыр-р!» деп жабыла атылган мылтыктын үнү жер силкинтип, чуу суу сепкендей басыла түштү...
ххх
Сая кууган Витгенштейнди жазгырып, Абдылла бек отуз чакты кишиси менен Саркол тоолорун жамынып, Оуган тарапка ооп түштү.
Ата мурас даражасы, сөөлөтү, бийлиги колдон чыгып кетишине Абдылла бек эч келише албады. Гүлшаага аскер топтоп катуу кармашууга бел байлады. Жаз алдында генерал Скобелев «Алайский поход» деп атап, көп аскер менен кысып келди. Абдылла Жаӊырык деген жалгыз тар өткөөлдү тосту. Бирок ушул жерден да өз ичинен ичи арамы табылып, Ыманкул деген бирөө Гүлшаага айланып түшө турган жолду көрсөтүп, Скобелевдин аскерин алардын так төбөсүнөн чыгарып салды. Айласыз кармашып, кырылып жатып Абдылла бек минтип Саркол тоолорун жамынып качты.
(Уландысы кийинки сандарда)