ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Орусия
АВТОБУС МЕНЕН ЖҮК ТАШУУЧУ УНАА КАГЫШЫП, 11 АДАМ КАЗА ТАПТЫ
2015-жылдын 22-июлунда Орусиянын Красноярск крайында Шарыпово-Красноярск багытында кетип бара жаткан автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан. Жыйынтыгында жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп, андагы айдоочу менен жүргүнчү көз жумган. Автобустун айдоочусу жана андагы 11 адам жашоо менен кош айтышып, 30дан ашууну түрдүү жаракаттарды алган. Көз жумгандардын сөөгү Красноярск шаарына жеткирилген. Жол кырсыгы болгон учурда автобуста 43 жүргүнчү (анын үчөөсү балдар) болгон.

КАНАЛИЗАЦИЯДАН ЧЫККАН МАССА 30 МЕТРЛИК ФОНТАН БОЛУП АТЫЛДЫ
Пермь шаарында 2015-жылдын 22-июлунда канализациялык түтүк жарылып, андан чыккан заӊ, зааралар 20-30 метрлик бийиктикте фонтан болуп атылды. «Жыттуу» масса темир жолду бөгөп, электропоезддердин агымы токтогон. Ал эле эмес жакын жайгашкан заводдун биринчи кабатынын терезесине чейин жетип каптаган.

Германия
НАНДУ ТӨӨ КУШТАРЫН БАККАН ТООК
Вормс шаарындагы зоопаркта тоок нанду төө куштарынын балапандарына эне болууда.
Белгилей кетсек, нанду төө куштарында жумурткаларды басып чыгаруу эркегинин моюнунда. Бирок бул ирет ата сөрөй милдетинен баш тарткандыктан анын ордун тоок алмаштырган.

Мьянма
153 КЫТАЙ ӨМҮР БОЮ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ
Түндүк Мьянманын (мурунку Бирма) соту 153 кытай жаранын токойду мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. Андан тышкары 17 жашар эки жигитти 10 жылга, алар менен чогуу жүргөн аялды баӊгизатын сактагандыгы үчүн 15 жылга кести.
Кытай жарандары Мьянманын Качин провинциясында (Кытайдын чек арасына жакын аймак) кармалышкан. Кытай бийлиги «Биздин жарандар ал жердеги токойду кыюуга болбой тургандыгын билишкен эмес. Андыктан туура чечим чыгарууӊуздарды өтүнөбүз» деп Мьянмага кат жиберишкен. Ушундан улам эгер сот чечимин өзгөртсө, анда өмүр бою эркинен ажыратуу чечими 20 жылдык абак менен алмашуусу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
UrmatbuAzambekova
2015-07-27 13:08:06
Мына тартип.
+2
Aikoo2014
2015-07-27 13:30:11
Тартип катууго!


Ой тиги ата сорой баш тартканынан дегенине бырс кулуп ийдим.

Ал эми жол кырсыгы жаман болуптур.
+2
mani
2015-07-27 17:29:26
Мына сага тартир. Токойду бизде калаганча кыйып. Жаныбарын атып. ОЗУ билгени менен жашашат.
0
Karagat98
2015-07-27 22:21:11
Malades supper took eken nandulardy kanattuuga kaktyrbai,tumshuktuuga chokutpai chonoitup alsyn.Al emi kanalizatsiadan chykkan massa ukmush fantan bolgonun elestetip kettiiiim kudai sakta...
0
RASTAMAN
2015-07-28 07:59:34
Tigi kytailarga jaman boluptur
0
880909
2015-07-28 11:44:25
20 30 метр которулгон жыттуу массаны элестетип атам, фуууу
+1
janna95
2015-08-01 00:50:15
Тобоо укмуш жанылыктар го.
0
Ayperi94
2015-08-07 12:00:32
Нанду тоо куштары жонундо биринчи угушум эркеги жумуртка басып чыгышын...чын эле кызык экен
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан