ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

АНТОНИО БАНДЕРАС ЖУБАЙЫ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ
Голливуд жылдыздары актёр Антонио Бандерас менен жубайы актриса Мелани Гриффит ажырашышты. Алар 18 жыл бирге түтүн булатышкан эле. Ортолорунда Стелла аттуу кызы бар.
«Антонио менен Мелани бири-бирине сый мамиледе болушкандыктан ызы-чуусуз ажырашышты» деп Бандерастын жакындары билдиришкен. Жубайлардын ортосундагы түшүнбөстүктөргө Меланинин кызганчаактыгы себеп болгону тууралуу кептер айтылууда. Алгачкы жолу «жылдыздардын ажырашуусу мүмкүн» деген сөздөр 2014-жылы тараган болчу. Антонио ажырашчу күндү күтүп эле турган өӊдүү. Себеби дароо эле анын 34 жаштагы банк акционери Николь Кемпел аттуу айым менен мамиле куруп жатканы тууралуу маалымат тарады.

55 ЖАШТАГЫ ИГОРЬ НИКОЛАЕВ АТА БОЛОТ
Орусиянын белгилүү ырчысы Игорь Николаев жакында экинчи ирет ата болорун жар салды. Ырчы 32 жаштагы жубайы ырчы Юлия Проскурякова экөө 10 жыл бою наристе жытын искөөнү эӊсеп келишкен. Мындай кубанычтуу кабарга толкунданган Юлия кош бойлуу экенин саякаттап келгенден кийин билгенин айтып: «Эмнеге бизге наристе бербейсиӊ, Игорь экөөбүз балалуу болууга татыктуу эмеспизби деп Жаратканга көп кайрылчумун» десе, Игорь мырза: «Жашоодо бардыгы өзүнүн маалында орундалат экен. Мына эми Юлия экөөбүзгө да бул бакыт буюрду»,- деп кубанычын жашырбайт.
Эске салсак, Игордун биринчи никесинен Юлия аттуу кызы бар.Кызы учурда 37 жашта.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ajo-nur
2015-07-27 11:29:02
Игорь Николаев жагатта
+2
KYRGYZJERI
2015-07-27 13:44:56
Игорьга суйунуп жатам.
+1
Pantherka
2015-07-27 14:45:09
Була кокуй мен ушундай ырчы болсом тукумсуз отомбу деп ыйлактабай эле кутуп журо беришет, анан кудай берет. Ордунда биздикилер болсо канча катын алып жибермек ))))
+2
ilim07
2015-07-27 18:33:18
Аялы кызынан 5 жаш кичуу экен
0
AlbertEnshtein
2015-07-28 05:35:17
Выпьем за любовь деген ыры ото популярдуу орусияда))
0
madin_
2015-07-28 11:01:25
Ой тобооо кызынанда кичинего аялы...!
0
admin_superstan
2015-07-28 17:18:12
Apyyke, маалымат такталган. Сын-пикирлер болсо, тиешелүү даректерге жөнөтүңүз.
0
aydarken
2015-07-29 19:35:50
Бандеростун "Соблазнь" деген куносу жагатта Анджелина Джолли мн ойногону.
Игорьдун бардык ырлары жагатда
0
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан