Айпери Сыдыкова кыздуу болду. 22-июль күнү ырчы айым 3 килограмм 700 грамм салмактагы ымыркайды колуна алып, экинчи ирет эне болуу бактысын сезди. Айпери: «Алгач эле сиздерге сүйүнчүлөдүм. Азыр эле апам Баян деген ысымды ыйгарды» деп кубанычы менен бөлүштү.
Ошондой эле аккордеондо чебер ойногон, мыкты ырлардын автору Абидин Темиров да неберелүү болду. Небере жытына мас болгон Абидин мырзанын бул үчүнчү небереси. «Эгиз кыздарымдын түгөйү Элиза Орозо айт күнү уул төрөдү. Атын али коё элекпиз. «Атына жараша заты» деген кеп бар эмеспи, азыр неберебизге ылайыктуу ат тандап жатабыз»,- дейт кубанган ырчы.
Ымыркайларга узун өмүр тилейбиз!