Ырчы Самара Каримова жакында эле Рыспай Абдыкадыровдун 60 ырын жаздырганын айтып жана продюсерлүү болгонун сүйүнчүлөдү. Ырчынын айтымында, эми мындан ары ага продюсерлик милдетти Арсен Мендебаев жана музыкалык продюсерликти Эркин Мээрканов аркаламакчы. «Эл алдына чыгып төрт жыл аралыгында аздыр-көптүр күйөрман тапканга аракет кылдым. Чыгармачыл адам дайыма өсүп, изденип турушу керек. Чет мамлекеттерге сынак, фестивалдарга чыгууга жардам болушу үчүн продюсер менен иштешүүнү туура көрдүм. Ортобузда келишим түзүлдү»,- деп билдирди.