Ырчы Даниель аскер кызматын өтөөдө. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Даниель аскерге сүрөткө түшүү үчүн баргандай элес калтырат экен. Дегенибиз инстаграмдагы баракчасына байма-бай сүрөт илип жатат. Көрсө, Даниелди эл адамы катары сыйлашып, ага жеӊилдиктер берилиптир. «Аскерде кызмат өтөп, жигиттик милдетимди аткаруу бала кездеги тилегим болчу. Бирок учурунда көздөгөн оюмду ишке ашыра алган жокмун. Ырчылыктан тышкары кесибим бажы кызматкери болгондуктан, аскерде кызмат өтөө зарыл экен. Ошол себептен учурда Ош шаарында бир айлык аскердик милдетимди өтөп жатам. Бул жактагылар жаӊы келгенимде «ырчы эмне кылып жүрөт?» деп ишенише албай таӊыркап жүрүштү. Жоокерлерден айырмалантып мага аябай эле жеӊилдиктерди берип жатышат. Бирок мен аскерге келгенден кийин мырзалык милдетимди татыктуу өтөөгө аракет кылуудамын»,- дейт ырчы.