Адахан Мадумаров, экс-спикер: “БИЙЛИКТИН МАЙЫН ДА, СҮТҮН ДА ТАТКАН ЖОКМУН...”

Бейне

Азыр коомчулук оппозиция десе ириде Өмүрбек Текебаевди көз алдыга келтирет. Акаевдин бийлиги учурунда оппозиция тууралуу кеп болсо, көз алдыга Адахан Мадумаров тартылар эле. Мыкты журналист, саясатчы Адахан Мадумаров акыркы кезде таптакыр көрүнбөй кетти. “Эмне кылып, кандай иштер менен алектенип жүрөт?” деген суроолорго жооп издей Адахан мырза менен баарлаштык.

АТАКТУУ САЯСАТЧЫ ТУУРАЛУУ

  • 1965-жылы 9-мартта Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
  • Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.
  • Орусиядагы Тверь мамлекеттик университетинин мамлекеттин тарыхы факультетин жана КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4 жолку чакырылышынын депутаты.
  • 2005-2006-жылдары КРнын вице-премьер министри;
  • 2006-2007-жылдары КРнын мамлекеттик катчысы;
  • 2007-2008-жылдары ЖКнын төрагасы;
  • 2008-2009-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы.

– Саламатсызбы, Жаңы жылыңыз менен!
– Рахмат, бирге болсун. Кирип келген жолборс жылы бардыгыбызга бакубатчылык, токчулук алып келсин!
– Айтканыңыз келсин. Коомчулукта “Адахан мырза кызматтан бошогондон бери көрүнбөйт. Кайда, эмне менен алектенип жүрдү экен?” деген сөз болууда...
– Кайда болмок элем, Кыргызстанда элемин. Саясаттан убактылуу четтеп, эс алып жатам десем да болот. Үй-бүлө, бала-чака бар дегендей, бош жата берсек болбойт да. Учурда бийликтен, бизнес жаатынан да сунуштар түшүп жатат. Ойлонуп, салмактап көрүшүм керек. Бардыгын мезгил көрсөтөт.
– Айрым саясат талдоочулар “Адахан кызмат күтүп жатат, болбосо кыйкырып чыкмак” деген пикирлерди айтышууда. Сиз кандай дейсиз?
– Ар ким өз алына жараша түшүнөт, деңгээлине жараша ойлонот да. Менин сыртымдан тон бычып, ар кандай бүтүм чыгара беришет. Аларга маани бербейм. Өткөндө бир кесиптешим “Адахан, сен эми бийликке илээшпей калдың го...” дейт. Илээшпей калгандай мен эмне клейминби же жабышкандай уйгакмынбы?! Түшүнбөдүм.
– “Мадумаров оппозицияга же ажонун айланасында тирешкен бир топко кошулушу мүмкүн” деген да сөздөр бар. Буга эмне дейсиз?
– Тиги же бу топко кошулат дегендей, үйүрдө жүргөн жылкы эмесмин да. Эч кандай топко кошулбайм. Эч кимге ишенбейм. Бардыгына эл тараза. Элиме, анан өзүмө гана ишенем. Кудай элдин назарынан калтыргандан сактасын.
– Адахан мырза, маегибизди бактылуу көз ирмемдерге, бай балалыктын айылына бурсак...
– Менин таттуу, баёо күндөрүм Өзгөндүн Куршаб айылында калган. Балалыктын кайсы күнүн эстебейлик, бардыгы сагынуу, кусалык менен көз алдыбызга тартылат. Топуракка аралашып ойноп, кечинде боз ала чаң болуп үйгө келсем апам жуунтуп-тазалап туруп, кесилген согончогума өкүртүп-бакыртып койдун майынан сыйпаган күндөрдү азыр жомок катары сезем. Эми ал күндөрдү бир сөз менен айтып жеткире албасак керек.
– Ошентсе да өзгөчө эсиңизде калган учурлар болсо керек...
– Балалыктын баёолугу да, үйүбүздө шабдаалы бышып, шагы ийилип турса аны жебей, башка бирөөнүн багына ууруга кирчүбүз. Алдын ала даярданып баштык ала кирбейсиң да, түктүү шабдаалыларды терип, коюнга салып качып чыгабыз. Анан шабдаалынын майда-майда түкчөлөрү денеге сайылып бир кытыгылап, бир кычыштырат дейсиң... Айтор, балалыктагы түйшүктүү күндөрүбүз түш сымал алыста калды. Ошол таттуу, сыйкырдуу сезимдерди курчаган мезгилди учурунда сезип, баалай албайт экенсиң. Жашоо ошонусу менен кызык тура.
– “Үй-бүлө – кичинекей мамлекет” дешет эмеспи, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Эл катары үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим Агилаш казак кызы, кесиби боюнча экономист. Үч эркек уулум бар: Нурмухаммед, Динмухаммед жана Алихан деген.
– Уулдарыңызды өзүңүздөй саясатчы катары көргүңүз келеби?
– Балдарым мындай же тигиндей болот деп алдын ала тон бычкым келбейт. Бирөөнү алдап чөнтөгүнө акчасын батыра албаган адамдан көрө, тоодо жашап, эч кимге зыяны жок ак эмгеги менен жанын баккан жылкычынын жеген наны таттуу. Эң негизгиси, ыймандуу, ынсаптуу болушса деп тилейм. Алар жылкычы болобу, дыйкан болобу же саясатчы болобу ак эмгеги менен жашап, көрө албастык, ичи тарлык деген нерседен алыс инсандардан болушун каалайм.
– Ашканага баш багасызбы? Балким, Өзгөндүн жигити катары палоону келиштире басарсыз?
– Кээ бир таанымал инсандарыбыз маек берсе көркөмдөп “ашканада мыкты кожоюнмун, тамакты мындай жасайм, тигиндей жасайм” дешет. Ошолордун маегин окуп таң калам. А өзүм болсо ашканага аралашпайм. Жубайым Агилаш менин табитимди билет. Анын жасап берген тамактарынын бардыгын жактырам.
Негизи, кир жууп, тамак жасоо деген жумуштардын баары башымдан өткөн. Мен жасабаган, мен кылбаган жумуш калган эмес. Анткени менден кийин беш карындашым бар. Апам жумушка кетет, карындаштарымдын кирин жууп, тамагын жасап, кыскасы, бардыгын ирээтке келтирүү менин моюнумда эле. Ошондо катуу көңүлүм калганбы, билбейм, азыр мык да каккым келбейт.
– Эс алуу эргүү тартуулайт эмеспи. Кантип, кимдер менен эс алууну жактырасыз?
– Китеп окуйм, бильярд ойнойм...
– Сауна, казино дегендерге барасызбы?
– Студент кезимден бери саунаны жакшы көрөм. Бууга какталып, денең эле эмес, ойлоруң да тазарып чыгасың. Ал эми казино деген нерсеге таптакыр барган эмесмин, барбайм дагы.
– Бильярдды достор менен ойносоңуз керек. Эң жакын досторум деп кимдерди эсептейсиз?
– Эң жакын дос деген болбойт. Кыйышпас кан дос болуш үчүн төө көтөргүс милдетти моюнга илиш керек. Тарыхты карай турган болсок, айрым агаларыбыздын достугу даңазаланып айтылып келет. Алар: Курманбек менен Аккан, Эстебес менен Токтосун, Жолон менен Турар сыяктуулар. Бүгүнкү күндө ушундай эл оозунда айтылган чыныгы досторду атай алабызбы?! Андай достор азыр жок. Муну менен мен досторум жок деп айтпайм. Менин деле досторум бар. Таенем көп айтчу эле «жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок» деп. Мен досторумдун баарына аяр мамиле жасайм. Бирок алар кандай достор? Акча дос, бизнес дос, бийлик дос жана санаалаш, пикирлеш достор...
– Түш, аян дегендерге ишенесизби, түшүңүзгө эмнелер көп кирет?
– Эми түшкө ар нерсе кире берет. Айрым учурда аян да берет. Кээде эки-үч күн алдыда боло турган нерселерди, айрым учурларда, тескерисинче, өтүп кеткен окуяларды көрүп калам.
– Тамаша иретинде бир суроо бергим келип турат. Түшүңүздө таажы кийген жок белеңиз?
(Күлүп). Мен түшкө, көзү ачык, бүбү-бакшы дегендерге ишене бербейм. Азыр эмне көп – көзү ачык, бакшы көп. Айрым саясатчыларыбыз Жаратканга эмес, көзү ачыктарга ишенип жашап калган кез.
– Кайсы майрамдарды жактырасыз?
– Кайсы күнү ким менен баарлашпайын, жан дүйнөңдү түшүнгөн инсан менен отуруп, ошол кишиден билбеген бир нерсени үйрөнсөм, мен үчүн ал күн майрам. Илгери ата-бабаларыбыз майрам, шаан-шөкөттү мезгил-мезгили менен эле өткөрүшкөн. Азыр тирукмуш эле майрамдарыбыз бар. Мисалы, Жаңы жылды алалы. Ким айтты эле сааттын жебеси туптуура 12ни какканда шампан ачып ичиш керек деп? Анан туура 12ге жетишпей калса, айрымдар кадимкидей капа болуп алышат. Анын эмне кереги бар? Айланайын, Манастын урпагысыңбы, кыргызсыңбы, кыргызча эле жаша?!
– Эмнеден коркосуз?
– «Досум» деп душманымдын далымдан таптаганынан корком.
– Өзүңүздү саясатчымын деп эсептейсизби же журналистмин деппи?
– Студент кезде бир ыр жаздым эле:
Ойлорум уйгу-туйгу,
Жолдорум ийри-буйру.
Көңүлүм жазгы жамгыр,
Өмүрүм эски калбыр,- деп. Адам болуп жаралгандан кийин көп жолдорду басабыз да. Ырда айтылгандай биздин жолдор ийри-буйру, көңүлүбүз жазгы жамгыр болгон менен, өмүрүбүз эски калбыр болуп жатпайбы. Журналист деген мыкты кесип. Мурда “жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дечү эле. Азыр журналисттин жүрөгү аркылуу өтүп калды. Учурда саясатчы сөрөйлөр көп, саясатчы аталып алыш оңой. Мен болсо өзүмдү саясатчы же журналист деп эмес, элиме кызмат кылган адаммын деп эсептейм.
– Бийлик аркылуу байлыкка жеткен оңойбу же байлык аркылуу бийликке жеткенби?
– Кызык суроо болду. Кээ бирөөлөр бийликке байлык топтоо үчүн келсе, айрымдар бийликке баруунун жолун издеп байлык топтошот.
– Өзүңүздү бул эки топтун бирине киргизесизби?
– Мен эч кайсынына кирбейм. 1995-жылы ­депутаттыкка талапкер болуп үгүт жүргүзүп жүргөндө мындай бир сөз айттым эле, каруум элиме казык, каным элиме азык болсун деп. Азыр деле ошол ураан менен жашаган адаммын.
– Элибизде “эр жигитке байлык, бийлик берип сына” деген жакшы сөз бар. Сиз ушундай сыноолордон өтө алдым деп ойлойсузбу?
– Мен ойлойм, өттүм го деп. Бирок минтип айтсам да аша чаап кеткендик болуп калчудай. “Бийлик таттуу болот” деп коюшат. Мен бийликтин таттуу даамын эмес, ачуу даамын гана сездим. Кимдир бирөө бийликке келсе “ордуңуз майлуу-сүттүү болсун” дешет. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, бийликтин майын да, сүтүн да таткан жокмун...
– Эмне үчүн? Абдан абройлуу кызматтарды аркаладыңыз го...
– Билбейм, өзүм да түшүнгөн жокмун. Мен барбаган бийик даражадагы кызматтардын бир-экөө эле калды десем болот. Таң калганым, бийликке келгенде достошуп жүргөндөрүм тескери карап, а касташып жүргөндөрүм дос элек деп кучак жайып келгендери болду.
– Рахмат маегиңизге, ишиңизде ийгилик болсун!

P.S. А.Мадумаров учурда баш калаадагы «Бета Сторес» соода борборуна баш директор болуп бекитилгени тууралуу сөздөр айтылууда. Адахан мырза бул тууралуу бизге маалымат бербегени менен, маек аталган борбордун директорунун кабинетинде өттү.

Амантур Султанкулов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
dauelda
2010-01-17 04:08:26
demek Adaxan baike deputattiktan direktorluka otyptyrda ee??!!
0
elif
2010-01-17 21:10:50
er jurok tuura sin aytkan kalis deputattardin biri ele beker kilipsiz sayasattan chettep.birok bizneste maydi suttu kop kop tapsa bolo turganday okshoyt...
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан