Тамашоучу Самат Эркинбеков сүйүктүүсү Чолпонайга баш кошту. Бизге берген маектеринин биринде «башында ойлогом, бул орусча сүйлөгөн кыз болсо, кантип сүйлөшөм деп» деген эле. Минтип эми эки жаштын башы биригип бир үйдө түтүн булата башташты. Саматтын жакшы саамалыгы менен куттуктап, жаӊы жашоосунан кабар алдык.
– Самат «кабыргалуу» болушуӊ менен! Жаӊы жашоо кандай болуп жатат?
– Рахмат. «Бир баш жакшы, экөө болсо андан да сонун» демекчи, бактылуу болуп жатам. Эки-үч күндөн бери үйдө той. Тууган-урук, кошуналарды чакырып үйгө той бердик. Чоӊ тойду 20-август күнү кичи мекеним Токмок шаарында өткөрөбүз.
– Үйлөнүү тууралуу чечимге качан келдиӊ?
– Чопа экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө эки жылдан ашты. Баш кошуу тууралуу пландаганыбызга көп болду. Үйүмдүн курулуш иштери бүткөндө үйлөнөм деп жүрчүмүн. Бардыгы даяр болгондон кийин үйлөнүүгө да убакыт келди.
– «Катын албай кайын ал» дейт эмеспи, кайын журтуӊ тууралуу айта кетсеӊ?
– Кадамжайга барабыз дегенде чоӊ апамдар, туугандар «жолдо кыйналабыз го» дешти. Бирок жеткенден кийин чарчоо эмне экенин билбей деле калдык. «Алыстан келдиӊер» деп бизди эки күн коноктошту.
– Баткендик жеӊелердин сынынан жакшы эле өттүӊбү?
– Мен сүрдөө эмне экенин билчү эмесмин. Ал жактын салты боюнча күйөө баланы жеӊелери сатып алышат экен. Машиненин ичинде отуруп мени соодалап жатышканда кызыктай болдум. «Жөн эле кире берейинчи» десем, «салт ушундай» деп болбой коюшту. Элдин алдына барып жүгүнгөндө өмүрүмдө сүрдөө эмне экенин биринчи ирет билдим. Ал жакта «күйөө баланы Пайгамбар сыйлаган» деп укмуш урмат көрсөтүшөт экен. Төрдө, калыӊ салынган төшөктө отуруп кайын-журттун сыйын көрүп кайттым.
– Салт демекчи, каада-салтта айырмачылыктар болот эмеспи. Түшүнбөстүктөр жаралган жокпу?
– Бир аз айырмачылык бар экен. Биз алдын ала аларда колдонулган салттар боюнча даярданып барганбыз. Эч кандай түшүнбөстүк жаралган жок.
– Келиндин колунан чай ичебиз дегендер четинен чыгып жатса керек?
– Чолпон түштүктүн салты боюнча таӊ атпай күнүгө короону шыпырып жатат. Туугандар «келиндин колунан чай ичели» дешсе, келинчегим ысык чайын берүүдөн тажабай келиндик кызматын өтөп жатат.